Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 23-марты, № 84-б "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Синьцзяндык жолдордун жана көпүрөлөрдүн Бей Синь топ компаниясы" Акционердик жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде белгиленген тартипте төмөнкү автомобилдерди мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жобосунда жайгаштырсын:
- 2016-жылы чыгарылган. кыймылдаткычынын № 2TR1742121, кузовунун № JTEBXBFJ70K247764, кыймылдаткычынын көлөмү 2700 см3, күмүш-ак түстөгү "Тойота-Прадо" маркасындагы автомобилди;
- 2016-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 409060G3003125, кузовунун № 236300G1004874, кыймылдаткычынын көлөмү 2700 см3, сары-күмүш түстөгү "УАЗ 23632-249-10" маркасындагы автомобилди;
- 2016-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 409060G3015245, кузовунун № 236300G1007669, кыймылдаткычынын көлөмү 2700 см3, күмүш түстөгү "УАЗ 23632-249-10" маркасындагы автомобилди;
- 2016-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 409060G3015034. кузовунун № 236300G1009029, кыймылдаткычынын көлөмү 2700 см3 , күмүш түстөгү "УАЗ 23632-249-10" маркасындагы автомобилди.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте -ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аштаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсун.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52