Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
112-8-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуу жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 17-глава
1. Электрондук соода товарларына карата бажы алымы салынуучу объект болуп жеке жактар сатып алган электрондук соода товарлары саналат.
2. Электрондук соода товарларына карата бажы алымын эсептөө максаттары үчүн Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын категорияларына жана колдонулуучу ставкалардын түрлөрүнө жараша аны эсептөө үчүн база болуп мындай товарлардын наркы жана (же) алардын натуралай түрдөгү физикалык мүнөздөмөсү (товардан аны керектөөгө чейин ажырагыс болгон жана (же) товар чекене сатуу үчүн берилген товардын баштапкы таңгагын эске алуу менен товардын саны, салмагы, товардын көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү) эсептелет.
Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы Кодекстин 309-10-беренесине ылайык аныкталат.
3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуунун жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун өзгөчөлүктөрү Кодекстин 309-8-беренесинде белгиленет.
4. Комиссия тарабынан нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдер аныкталышы мүмкүн, алардын чегинде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарлары Бирликтин бажы аймагына электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөбөстөн, ал эми Комиссия аныктаган учурларда - Комиссия тарабынан аныкталган ченемге караганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү кыйла катуу ченемдердин чегинде ташып келинет.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан башкача белгиленбесе, Бирликтин бажы аймагынан мындай товарларды алуучу болуп саналган чет өлкөлүк жеке жактардын дарегине ташып чыгарылуучу электрондук соода товарлары Бирликтин бажы аймагынан бажы алымдарын төлөбөстөн ташып чыгарылат.
6. Электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдет төлөөчү тарабынан жана ушул Мыйзамдын 54-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан аткарылат.
7. Бажы органы Кодекстин 309-8-беренесинин 20-пунктунда көрсөтүлгөн билдирүүнү Кодекстин 309-8-беренесинин 21-пунктунда белгиленген учурларда жибербейт.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-112-8" title="112-8-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>