216-берене. Убактылуу сактоо кампасы
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 39-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
216-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 216-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана ыңгайлаштырылган курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар убактылуу сактоо кампалары болуп эсептелет.
2. Убактылуу сактоо кампасы жак убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.
3. Убактылуу сактоо кампасынын иштеши убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.
4. Убактылуу сактоо кампасы катары пайдаланууга арналган же пайдаланылуучу курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле алардын уюштуруунун жана иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине Талаптар (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
216-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алардын уюштуруунун жана иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине Талаптар (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-216" title="216-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>