Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
129-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
1. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү - Кодекстин 324-беренесинде аталган документтерди жана маалыматтарды текшерүүдөн турган бажы контролунун формасы.
2. Бажы декларациясына, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге карата, бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарга карата бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү товарлар чыгарып берилгенге чейин жана чыгарып берилгенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Бажы декларациясында билдирилген жана бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарды ырастоочу маалыматтардын жана (же) документтерде бузуулар жана дал келбегендик айкындалган учурларда, бажы органы бажы контролунун мындай формасын жүргүзүү жөнүндө жакка милдеттүү түрдө кабарлоо менен товарлар чыгарып берилгенден кийин бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерет.
Кабарлама бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерде бузуулар жана (же) дал келбегендик айкындалган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу формасында жөнөтүлөт. Кабарлама уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка кол койдуруп алуу же кабарламаны алган фактыны жана датаны ырастоочу башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде аталган адамдар кабарламаны алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
4. Товарлар чыгарып берилгенге чейин башталган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 325-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
5. Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же болбосо бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 324-беренесинин 10-пунктунда каралган учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү кошпогондо, Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүүдө бажы органы ушул Кодекстин 340-беренесине ылайык бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана (же) маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
6. Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же болбосо башка учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте таризделет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган тартипте таризделет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү жыйынтыктарын тариздөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык)Порядок · 13.02.2020 · № 79 · Күчүнө кире элек
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бажылык жөнгө…Постановление · 29.06.2026 · № 444 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-129" title="129-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>