Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода саясатына сереп салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген отчету жактырылсын» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2021-жылдын 5-апрели № 85-б
1. Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода саясатына сереп салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген отчету жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги аталган отчетту Дүйнөлүк соода уюмунун Катчылыгына берсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.Марипов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 85-б буйругу менен жактырылган
2013-2019-жылдардагы соода саясатына сереп салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ОТЧЕТУ
I. Киришүү
Кыргыз Республикасы деңизге чыга албаган өлкө болуп саналгандыктан, ал үчүн соода жана товарлардын тез эркин жүгүртүлүшү, ошондой эле экономикалык туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүүсү үчүн Дүйнөлүк соода уюмунун башка өлкөлөрү менен соода мамилелерин чыңдоо өтө маанилүү. Географиялык жактан континенттин ортосунда жайгашкан жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, Кыргыз Республикасына кандайдыр бир тоскоолдуктарсыз кургак жол менен ишке ашырыла турган соода жолдоруна чыгуудан башка тандоо жок. Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү катары 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Ушул мезгил аралыгында, Кыргыз Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы соода саясатына 2006 жана 2013-жылдарда эки жолу сереп жүргүзүлгөн. Бул Отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соода саясатына сереп салуу боюнча үчүнчүсү болуп эсептелет. Отчетто экономикалык өнүгүү, 2013-2019-жылдардагы соода саясаты жаатындагы жетишкендиктер, экономикалык өнүгүүнүн келечектеги багыттары жана Кыргыз Республикасынын соода саясатынын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтар камтылган. Бул мезгилдин ичинде географиялык бөлүштүрүүдө да, соода түзүмүндө дагы, тышкы соода режиминин өзүндө дагы түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болду. Тийиштүү либералдык соода саясатын жүргүзүү экономикалык секторду тейлөө тармагы катары өнүктүрүүгө өбөлгө түздү, айрыкча рыноктордун ачыктыгы жана либералдык укуктук режим тышкы сооданын өнүгүшүнө түрткү болду. Каралып жаткан мезгилде Кыргызстандын экономикасынын соода саясатынын негизги багыттары ДСУнун милдеттенмелеринин контекстинде дагы, ошондой эле региондук экономикалык интеграция процессинин контекстинде да соода режимин либералдаштыруу менен көп тараптуу соода тутумуна интеграциялануу менен байланышкан. 2015-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын соода саясатындагы негизги багыт Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы региондук экономикалык интеграция процесстери менен байланыштуу. Натыйжада, улуттук мыйзамдарды ЕАЭБдин укугундагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү үчүн бир катар жаңы ченемдик-укуктук документтер кабыл алынып, колдонуудагы ченемдерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Аймактык интеграциялык процесстерге катышуу менен, Кыргыз Республикасы, сүйлөшүүлөр үчүн негизги аянтча, көп тараптуу сооданы либералдаштыруунун жана көп тараптуу соода тутумунун эрежелерин иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн ДСУнун алмаштырылгыс ролун сактап калууга жана бекемдөөгө берилгендигин көрсөтөт. Кыргыз Республикасы, айрыкча интеграциялык процесстердин шартында тышкы сооданы өнүктүрүү аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгуунун ар кандай формаларын жигердүү колдонот. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы өзүнүн интеграциялык өнөктөштөрү менен бирдикте, ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда товардык-экспорттук товарларды жана географиялык диверсификациялоону өнүктүрүү максатында эркин соода зоналарын түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. II. Экономикалык саясат
1. Макроэкономикалык кырдаал
Кыргыз Республикасынын 2013-2019-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү мунай заттын дүйнөлүк баасынын кескин төмөндөшү, АКШ долларынын башка валюталарга карата бекемделишинен улам, валюта рыногундагы кризис, Россияга каршы экономикалык санкциялар, ошондой эле башка тышкы факторлордун фонунда өлкөнүн экономикасындагы бирдей эмес өсүү тенденциясы байкалган шарттарда жүрдү. Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык саясаты 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына(1), 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына(2) жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын долбооруна(3) ылайык өнүктү, алардын негизги багыттары: макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу; экономиканын негизги тармактарынын ишинин жана инвестициялык жагымдуулугунун өсүшү үчүн шарттарды түзүү; тышкы соода потенциалын ишке ашыруу; тышкы соода кызматташтыгын өнүктүрүү; ресурстарды үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугун жогорулатуу; региондук өнүгүү жана улуттук экономиканы санариптештирүү. Өзгөчө көңүл тоо-кен, энергетика, туризм, айыл чарба, транспорт, финансы секторун, ошондой эле жаңы жана экологиялык технологиялардын негизинде бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө бурулду. Каралып жаткан мезгил ичинде экономикалык өсүш темпи оң мааниге ээ болгонуна карабастан, бир аз өзгөрүүлөр байкалган. 2013-жылы ИДП 10,9%га өстү, (2012-жылы Кумтөр алтын казуучу ири ишканасындагы техногендик авариянын кескин төмөндөшүнөн кийин) 2014-жылы 4,0% га, 2015-жылы 3,9%га, 2016-жылы 4,3%га, 2017-жылы 4,7%га, 2018-жылы 3,8%га, 2019-жылы 4,6%га(4) өстү. Номиналдык ИДП 2013-жылга салыштырмалуу 2019-жылы 66,1%га (355,3 млрд. сом) өсүп, 2019-жылдын аягында 590 млрд. сомду түздү. 2013-2019-жылдар аралыгында ИДПны түзгөн экономиканын негизги тармактары: өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылган тейлөө чөйрөсү, өнөр жай жана айыл чарбасы болду. Өлкөнүн ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү алардын үлүшү 2019-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 2,7%га азайып, 76,5% түздү. Тобокелдиктердин, анын ичинде климаттык тобокелдиктердин таасирине эң эле аялуу болуп агрардык сектор саналат, анын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү ушул мезгилде 2,9%га төмөндөгөн (2013-жылы 14,6%дан 2019-жылы 11,7%га чейин). Өнөр жай секторунун үлүшү 2013-жылдагы 18,6%дан 2019-жылы 17,9%га чейин түштү, ал эми тейлөө тармагы 2013-жылдагы 46,6%дан 2019-жылы 46,9%га чейин төмөндөгөн. Экономиканын бул тармагы ИДПнын өсүшүнүн реалдуу темпине тийиштүү салымдарды кошуу менен экономикалык өсүштү сактоого таасирин тийгизди, ЕАЭБге киргенден бери соода шарттарынын начарлашы, башка факторлор менен бирге, бул чөйрөдө өсүү динамикасынын төмөндөшүн шарттады. Курулуш сектору 2013-жылы 6,3%дан 2019-жылы 8,3%га чейин кеңейди, бул негизинен турак жай куруунун жана энергетикалык жана транспорттук инфраструктуранын объектилерин куруунун тездеши менен шартталды. Каралып жаткан мезгилде үй чарбаларынын акыркы керектөөгө кеткен чыгымдары көбөйгөн, бул керектөө кредитинин жана эмгек акынын көбөйүшү менен колдоого алынган, негизинен калктын акчалай кирешелеринин өсүш темпине эмгек мигранттарынын которуулары оң салым кошкон (айрым жылдарда өлкөнүн ИДПсынын 30%дан ашат), ошондон улам жакырчылыктын деңгээли 2013-жылдагы 37,0%дан 2019-жылы 20,1%га чейин төмөндөгөн. Макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары жыл сайын экономиканын абалын эске алуу менен такталат жана конкреттештирилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсүндө чагылдырылат, макроэкономикалык саясатты координациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан каралат.
2. Акча-кредиттик жана фискалдык саясат
Акча-кредит саясаты 2013-2019-жылдарда төмөнкү натыйжаларга алып келди. Орточо пайыздык чендин төмөндөшү байкалууда, ал 2019-жылы улуттук валютада 17,5 пайызды жана чет өлкө валютасында 9,7 пайызды түздү. Отчеттук мезгил ичинде инфляциянын динамикасы негизинен туруктуу жана орточо төмөн болгон. Жалгыз гана 2014-жылы КБИнин жылдык орточо көрсөткүчү 107,5%ды түзгөн (өлкөнүн айыл чарбасында өндүрүш төмөндөгөн, КММ баасы өскөн, АКШ долларынын курсу жогорулаган). Башка жылдарда бул көрсөткүч 100,4%дан (2016-жыл) 106,6%га чейин (2013-жыл) түзгөн; 2019-жылы КБИ 101,1% түздү. 2015-жылдан бери эксперттердин баалоосу боюнча инфляциянын деңгээлине акчалай эмес факторлор олуттуу таасирин тийгизди, анын үлүшү акча факторлоруна салыштырмалуу 70%дан жогору. Жалпысынан 2013-2019-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасында болгон инфляциянын деңгээлинин динамикасы керектөө рыногунун дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык рынокко болгон жогорку көз карандылыгын көрсөтөт. Өлкөдөгү керектөө бааларынын көтөрүлүшүнө таасирин тез тийген продукциялар бул нан азыктары жана мунай продуктулары. 2013-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясаты өлкөдөгү баалардын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. Жүргүзүлгөн саясаттын аркасында инфляцияны орточо чектерде кармоо мүмкүн болду. 2013-2019-жылдары инфляциянын орточо жылдык деңгээли болжол менен 3,9 пайыз деңгээлинде сакталып турган. Улуттук банктын аракеттери акча-кредит саясатынын инструменттеринин натыйжалуулугун жана ийкемдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу акча-кредит саясатынын трансмиссия механизмин өркүндөтүүгө багытталган. Жалпысынан, 2014-2015-жылдардагы бир аз катаалдашуудан кийин, акча-кредит шарттары 2016-жылдан тартып жумшаруу тенденциясына ээ. Улуттук банктын эсептик чени кыйла төмөндөтүлгөн. Эгерде 2016-жылдын башында эсептик чен 10,0 пайызды түзсө, анда кийинчерээк ал акырындык менен төмөндөп, 2018-жылдын башында 5,0 пайыз деңгээлинде болгон. Андан бери, ал иш жүзүндө ушул деңгээлде өттү жана 2019-жылы 4,25 пайызга чейин бир аз жөнгө салынган. Бул өлкөдөгү экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана экономиканын реалдуу сектору үчүн насыялардын рыноктук пайыздык чендеринин бара-бара төмөндөшүнө өбөлгө түзүү чараларын сактоо зарылчылыгынан улам келип чыккан. 2016-жылы бюджеттик чөйрөдөгү бардык жөнгө салуулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине(5) бириктирилген, ал 2017-жылдын 1-январынан тарта колдонууга киргизилген. Бюджеттик система төмөнкү бюджеттерди камтыйт: республикалык бюджет, социалдык фонддун бюджети, милдеттүү медициналык камсыздандыруу бюджетин, жергиликтүү бюджетти. Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар жана жергиликтүү салыктар белгиленген. Атайын (жөнөкөйлөтүлгөн) салык режимдери аныкталды. Эң ири салыктык жүк өнөр жай тармагына - 18%, ал эми айыл чарбасында 1,2% гана туура келет. Себеби экономиканын бул тармагы жерге жана мүлккө гана салык төлөйт. Өлкөнүн ИДПсынын түзүмүндө тейлөө чөйрөсү негизги үлүштү ээлейт, ушул тармактан түшкөн салыктык кирешелер салык кирешелеринин олуттуу бөлүгүн - 12,2% түзөт. Өлкөдө лизинг компанияларына, банк секторуна, курулуш тармагына, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайларына, экспортерлорго, дан жана ун импорттоо секторуна, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба товарлары жана тейлөө кооперативдерине, жеке кардиохирургия медициналык мекемелерине жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, билим берүү уюмдарына, кайрымдуулук уюмдарына, майыптар коомдоруна, жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине, кредиттик союздарга салык жеңилдиктери колдонулат(6). Фискалдык саясаттын концептуалдык негиздери 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Фискалдык саясат концепциясынын алкагында(7) түзүлөт жана жүзөгө ашырылат, анын негизги багыттары: инвестициялык климатты жакшыртуу; салык жыйноонун толуктугун камсыз кылуу; салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо; салык отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана автоматташтыруу, отчеттордун санын кыскартуу жана аларды берүү мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү; системалуу коррупциянын пайда болушуна алып келген факторлорду аныктоо жана минималдаштыруу, анын чыныгы социалдык-экономикалык тамырларын ачуу, мыйзамга баш ийген жашоо образын жайылтуу, мамлекеттин фискалдык чөйрөдө коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу.
3. Бюджеттик саясат жана өнүктүрүү маселелери
2013-2019-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджеттик кирешелери (Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин кошкондо) дээрлик 50%га көбөйгөн, ошол эле мезгилде консолидацияланган бюджеттин тартыштыгы ИДПнын орточо 1,7%ын түзгөн, ал эми 2014 жана 2018-жылдары ИДПнын 1%дан ашыгын түзгөн. 2019-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча консолидацияланган бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 0,1%ды түздү. Кумтөрдүн дүң кирешесинен бюджетке төгүмдөрдүн көбөйүшү, ЕАЭБдеги акциздик ставкаларды шайкеш келтирүүнүн алкагында алкоголь жана тамеки продукцияларына тарифтердин жыл сайын жогорулашы бюджеттин кирешелеринин өсүшүнө шарт түздү. Тышкы карыз өсүүдө, 2019-жылы ал 3,8 миллиард доллардан ашты, же ИДПнын 43,3 пайызын түзгөн, 2013-жылы ал 3,2 миллиард АКШ долларына барабар болгон. Ушуну менен бирге бюджеттин кирешесинин 25%дан ашыгын түзгөн мамлекеттин тышкы жардамга болгон көз карандылыгы, ошондой эле карыздык жүктүн өсүшү, мамлекетте финансылык туруктуулукту камсыз кылуу чөйрөсүндө тобокелдиктерди көбөйтөт. 2013-2019-жылдар аралыгында Кыргызстандын мамлекеттик чыгымдар саясаты мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоого жана экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Кыргыз Республикасында мамлекеттик каржылоону натыйжалуу башкаруу максатында Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясы кабыл алынган(8). Стратегия - бул мыкты дүйнөлүк тажрыйбанын сунуштарын жана мамлекеттик финансыны башкаруу реформасынын буга чейин колдонулуп келген натыйжаларын эске алуу менен Кыргыз Республикасында он жыл аралыгында мамлекеттик финансылык башкарууну реформалоонун андан аркы багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган биринчи узак мөөнөттүү стратегиялык документ болуп саналат. Ушуну менен бирге Стратегияны ишке ашыруу темпи жетишсиз болууда. Программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу басаңдады. Программалык классификациялоо өркүндөтүүнү талап кылууда. Министрликтер жана ведомстволор бюджет түзүүнүн жаңы принциптерине өтүүдө кыйынчылыктар орун алгандыгын белгилешүүдө жана программалык бюджет боюнча тренингдерге жана семинарларга муктаж болууда. Өлкөдө бир катар секторлордо мамлекеттик бюджеттин маселелери чечилбей жатат: электр энергиясына, борбордук жылытууга жана сугат суусун берүүгө бааларды субсидиялоо рыноктук шарттарга шайкеш келбей жатат; көптөгөн салык жеңилдиктери, мисалы, минералдык жер семирткичтерин берүүдө КНС боюнча жеңилдиктер; 2013-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан "Айыл чарбасын каржылоо" өкмөттүк программасынын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн пайыздык ченди субсидиялоо; башкалар. Келечекте бюджеттик саясат ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жолу менен мамлекеттик финансыны натыйжалуу жана ачык башкарууну камсыз кылуу; чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу, чыгымдарды азайтуу жана даректүүлүктү күчөтүү аркылуу мамлекеттик жана социалдык сектордогу бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу; бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүү; инвестицияларды тартуу, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде инвестициялык процессти активдештирүү сыяктуу багыттарды камтыйт. III. Сектордук саясат жана реформалар
1. Айыл чарбасы
Айыл чарбасы Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат, анын үлүшү 2019-жылы өлкөнүн ИДПсынын 11,7%ын түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 2,9%га төмөндөгөн. Бирок айыл чарбасынын ИДПдагы номиналдык мааниси каралып жаткан мезгилде өсүү тенденциясына ээ болгон. Алсак, эгер 2013-жылы республиканын айыл чарбасынын дүң продукциясы 171,7 млрд. сом болсо, 2019-жылы ал 221,0 млрд. сомду түзүп, 28,7%га өстү. Айыл чарбасынын жалпы өсүш темпи, каралып жаткан мезгилдеги жалпы экономикалык өсүш темптерине караганда туруктуу түрдө төмөн бойдон калууда. Айыл чарба секторунда иштегендердин үлүшү 2013-жылы 31,7%дан 2019-жылы 18,1%га чейин азайып, алардын саны 716,7 миңден 443,2 миң адамга чейин төмөндөгөн. Өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көйгөйү айыл чарбасында иштеген калктын жалпы деңгээлге карата кирешесинин артта калуусу туруктуу бойдон калууда. Айыл чарба продукциясынын негизги өндүрүүчүлөрү болуп жеке фермердик жана жеке көмөкчү чарбалар саналат, алар өлкөнүн айыл чарба продукцияларынын тиешелүүлүгүнө жараша 61,0% жана 34,4% өндүрүшөт. Мамлекеттик чарбалардын үлүшү 1,9%ды түзөт. Тармакта майда дыйкан жана фермердик чарбалар басымдуулук кылат, алардын чарбасы майда жана чачыранды болгондуктан - натыйжасыз болуп саналат. Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнүн негизги тармактары мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү болуп саналат. Эгерде 2019-жылы айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоонун дүң продукциясынын жалпы көлөмүндө өсүмдүк өстүрүүнүн үлүшү 50,2%, мал чарбачылыгы - 47,1%, токой чарбасы, аңчылык жана балык чарбасы - 0,3% жана айыл чарба кызмат көрсөтүүлөрү - 2,4% болсо, анда 2013-жылы тиешелүүлүгүнө жараша: 50,2%; 47,5%; 0,2%; 2,1% болгон. Агрардык комплекс өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгын бардык жагынан камсыз кыла албайт. Кыргызстан жашылча-жемиштерге, бакча өсүмдүктөрүнө, картошкага болгон муктаждыгын толугу менен жабат, ошондой эле алар экспорттолот. Экспорттун жалпы көлөмүндө агрардык сектордун экспорттук потенциалы болжол менен 10%ды түзөт (акыркы 5 жылда орто эсеп менен жылына 190 млн АКШ доллары). Ошол эле учурда, өсүмдүк өстүрүү алдыңкы ролду ойнойт (2/3тен ашыгы). Айыл чарбасынын экспорттук потенциалы чарбалардын чакан товардыгына жана продукцияны сатууну уюштуруудагы көйгөйлөргө байланыштуу толук кандуу ишке ашпай жатат. Чарбалык субъекттердин ирилешүүсүнө тоскоол болуп жаткан фактор колдонулуп жаткан салык саясаты, ага ылайык, расмий эмес сектордо жалгыз иштеген фермер салык салууда жана социалдык камсыздандырууда преференцияларга ээ. Чийки затты өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда жөнгө салынган рыноктук механизмдердин жана туруктуу мамилелердин жоктугу тармактын продукцияларынын кыйла бөлүгүнүн кайра иштетилбей чийки сатылышына алып келди. Агрардык сектордогу мамлекеттик саясат, бул сектордун мамлекеттик жөнгө салуунун либералдык саясатынын натыйжасында мамлекет тарабынан бир аз фискалдык кысым көрсөтүү менен мүнөздөлөт. Агрардык секторду мамлекеттик колдоо механизмдерин эки категорияга бөлүүгө болот: жалпы сектордук преференциялар жана мамлекеттик колдоо программалары. Тармактык артыкчылыктарга жагымдуу салыктык башкарууну киргизсе болот. Агрардык сектор КНС төлөөдөн жана киреше салыгынан бошотулган. Жер салыгы узак мезгилден бери көтөрүлө элек жана бардык деңгээлдерде бюджетте анча чоң эмес орунду ээлейт. Мал чарбачылыгына салык дагы чоң эмес. Мамлекеттик колдоо жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашыруу түрүндө (минералдык жер семирткичтер, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары боюнча ченемдер жана эрежелер, ресурстарды - жерди, сууну пайдалануу саясаты), ошондой эле зарыл болгон институттук инфраструктураны сактоо түрүндө жүзөгө ашырылат. Каралып жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду (ЭӨМФ) аркылуу товар өндүрүүчүлөргө товардык кредит берүү жолу менен колдоо көрсөтүү боюнча программалар ишке ашырылып келген, ошондой эле агрардык секторду каржылоону жакшыртуу боюнча бир катар программалар - "Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" программасын(9) ишке ашыруу улантылган. 2013-жылдан тартып колдоо программасынын экинчи фазасы башталды, ал фермерлерге кредит берген коммерциялык банктарга мамлекеттик пайыздык ставканы Өкмөт тарабынан субсидиялоонун жаңы схемасы аркылуу кредит берүүнүн базасын кыйла кеңейтти. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба жүргүзүү үчүн пайыздык ставка 10%, кайра иштетүүчүлөр жана үрөн чарбалары үчүн 9% өлчөмүндө белгиленди. Айыл чарбаны механикалаштыруу мамлекет тарабынан негизинен гранттар аркылуу колдоого алынган. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү программасында бир катар региондордо сугат айдоо аянтын көбөйтүү максатында артыкчылыктуу багыт катары ирригациялык системаны каржылоо үчүн каражат каралган. 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү концепциясы(10) ишке ашырылууда, ага ылайык айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн чечүү жана финансы-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл шарттарды түзүү каралган. Келечекте айыл чарба өндүрүшүндө турган милдеттерди чечүү үчүн агроөнөр жай кластерлерин түзүү каралууда. Өкмөттүн айыл чарбасындагы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп, жогорку кошумча наркты жараткан жана эмгекти көп талап кылган айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү жана анын натыйжалуулугун арттыруу, майда товар өндүрүүдөн чыгуу, айыл чарба продукцияларынын сапатын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалын жогорулатуу тармакты өнүктүрүүнүн максаттуу багыттары болуп калат.
2. Өнөр жай
Салыктык башкарууну оптималдаштырууга, салык өбөлгөлөө боюнча чараларды көрүүгө, экспорттоочуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө, өнөр жай продукциясы үчүн сапат инфраструктурасын түзүүгө, соодадагы тоскоолдуктарды кыскартууга багытталган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Өкмөттүн Программасына жана Планына ылайык экономикада жүргүзүлүп жаткан реформалар өнөр жайды өнүктүрүү көрсөткүчтөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берди. 2013-2019-жылдарда өлкөнүн ИДПсынын түзүмүндөгү өнөр жай тармагы өсүштүн оң темпи менен мүнөздөлдү, орто эсеп менен анын салыштырма салмагы 18%ды түздү, ал эми каралып жаткан мезгилде номиналдык мааниси 69%га, 169,8 млрд. сомдон 284,0 млрд. сомго чейин өстү. Мында бул тармак мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн болжол менен 18%ын жана өлкөнүн экспорттук камсыздоосунун болжол менен 80%ын камсыз кылат. Өнөр жай продукцияларынын негизги көлөмүн (90%га чейин) экономиканы түзүүчү алты тармак өндүрөт: негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү, машиналардан жана жабдуулардан тышкары; тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын өндүрүү; кокс жана тазаланган мунай заттарын өндүрүү; резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продукцияны (курулуш материалдарын) өндүрүү; текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүү; электр энергиясы менен камсыз кылуу ж.б. Өнөр жайда иштегендердин саны 2013-жылы 137,6 миң адамды түзсө, 2019-жылы - 344 миң адам же тиешелүүлүгүнө жараша, эмгекке жарамдуу жарандардын жалпы санынын болжол менен 5,8% жана 14,4% түздү. Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн атаандаштык артыкчылыктары болуп, учурдагы билим берүү базасы, өндүрүш факторлорунун салыштырмалуу арзан наркы, ошондой эле орточо инфляция эсептелет. Калктын кирешесинин төмөндүгүнө байланыштуу, Кыргызстан эмгекти көп талап кылган тармактарды өнүктүрүү үчүн салыштырмалуу артыкчылыкка ээ. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам"(11) программасын ишке ашыруунун алкагында чакан ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Кыргыз Республикасында чакан ишкерлерди микрофинансылоо" программасы бекитилген, ага ылайык тигүү жана текстиль өнөр жайы приоритеттүү тармактардын бири деп таанылат. Кайра иштетүү тармагынын экспорттук потенциалын жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Тигүү өнөр жайынын экспортун андан ары илгерилетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Технополис түзүүгө ниеттенүүдө. Экспорттук потенциалды төмөнкүлөр аркылуу жогорулатуу пландаштырылууда: Технополисте даяр продукция менен камсыздоо үчүн да, чийки зат менен материалдарды ташып келүү үчүн да логистикалык борбор түзүү; "Made in Kyrgyzstan" брендин илгерилетүү жана коргоо Стратегиясын иштеп чыгуу; чийки зат жана даяр продукцияга карата дифференциалдаштырылган бажы төлөмдөрүнүн ийкемдүү саясатын калыптандыруу. Программаны каржылоонун булагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары болгон. Ушул Программага ылайык кластердик өндүрүш системасын ишке ашыруучу жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы иштеп жаткан кластерлердин кошумча нарк чынжырчасына катышкан ишкердик субъекттерине кредиттер артыкчылыктуу түрдө берилген. Чакан ишкерлер үчүн жол берилген чектик пайыздык ставка 14 пайыздан ашкан жок. Артыкчылыктуу тармактарда колдоо чаралары ЕАЭБдин интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде өнөр жай кооперациясын жана жалпы өндүрүштүк тармактарга тартууну эске алат. Өнөр жайды өнүктүрүүдө колдоо саясатынын кошумча аспектиси жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү үчүн ири эл аралык өнөр жай компаниялары менен кызматташууну кеңейтүү болот.
2.1. Кен казуу тармагы
Геологиялык жактан алганда Кыргыз Республикасы өтө татаал түзүлүш менен мүнөздөлөт. Чөкмө, магмалык жана метаморфоздук көптөгөн тектердин түрлөрү ар кандай геодинамикалык шарттарда пайда болгон. Кыргызстанда руда, рудалык эмес, энергетикалык жана металл эмес пайдалуу кендердин 10000 ашуун чыккан жерлери табылган. Пайдалуу кендердин катталган запастарына: 107 кен чыккан жер боюнча баштапкы жана жер астындагы алтындын запасы кирет, 01.01.2019-жылга карата 645,2 тоннаны түзөт; 23 кен чыккан жер боюнча күмүштүн запастары 257,2 тоннаны түзөт; 45 көмүр кениндеги запастар 1534977 миң тоннаны(12) түзөт. Азыркы учурда өлкөнүн чыгышында жайгашкан бир ири алтын кенине (Кумтөр) жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн дээрлик 40% туура келет. Тоо-кен өндүрүүчү компания Кыргыз Республикасындагы ири салык төлөөчү жана жеке сектордогу ири иш берүүчү болуп саналат. Өкмөт өз кирешесинин 20% га жакынын Кумтөр кенинен алат. 98%ы дээрлик Кумтөргө туура келген алтындын экспорту акыркы жылдары орто эсеп менен Кыргызстандан экспорттолгон товарлардын 35%ын түздү. Кирешенин жалгыз булагынан көз каранды болуу Кыргыз Республикасы үчүн олуттуу коркунучту жаратат дегенден улам, башка кендерди ишке киргизүү жана ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Сектор "Жер казынасы жөнүндө"(13), "Көмүр жөнүндө"(14), "Мунай жана газ жөнүндө"(15) жана "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө"(16) сыяктуу атайын мыйзамдар менен жөнгө салынат. 2018-жылдын 19-майында "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды. 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасында, ошондой эле 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясында(17) айлана-чөйрөгө минималдуу таасир этүү менен тоо-кен иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап технологияларды киргизүү зарылчылыгы белгиленген. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдагы Мыйзамына ылайык жергиликтүү калк менен жер казынасын пайдалануучулардын ортосунда өз ара аракеттенүү куралы катары жана жергиликтүү калктын кен казууга болгон нааразылыгын азайтууга багытталган "социалдык пакет" киргизилген. Социалдык пакетти түзүү милдети пайдалуу кендерди изилдөө жана иштетүү баскычында турган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттерине гана тиешелүү.
3. Энергетика
Кыргыз Республикасы энергия жагынан тартыш өлкө болуп саналат жана негизинен гидроэлектрстанцияларында иштелип чыккан электр энергиясынын эсебинен өзүнүн энергетикалык ресурстары аркылуу муктаждыктарынын 51%ын жабат, калган бөлүгү кошуна өлкөлөрдүн энергия ресурстарынын импортунун эсебинен жабылат. Өлкөнүн гидроэнергетикалык ресурстары 142,5 млрд. кВт саатка бааланат, анын 42% экономикалык жактан пайдалуу, бирок азыркы учурда экономикалык эксплуатацияланган ресурстардын 10%га жакыны гана колдонулат. КМШнын рейтингинде Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалы боюнча 3-орунда турат. Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча Кыргыз Республикасы жогорку потенциалга ээ, ал жылына 840,2 миллион тонна отун эквивалентине бааланат. Республикада кайра жаралуучу энергия булактарынын негизги түрлөрүнөн болуп күн энергиясы, чакан дарыялар менен суу агымдарынын энергиясы, шамал энергиясы, геотермалдык суулардын энергиясы жана биомассадан алынган энергия эсептелет. Республиканын аймагында бүгүнкү күнгө карата Пайдалуу кендердин мамлекеттик балансында 1,535 млрд. т запасы менен 45 көмүр кени турат, анын ичинде: күрөң көмүр - 1,083 млрд. т, таш көмүр - 327,8 млн. т, кокстолгон көмүр - 120,896 млн. т. Көмүр өндүрүүнүн көлөмү 1,8 млн тоннанын, импорт - 1 млн тоннанын тегерегин түзөт. Мунай менен газдын өнөр жайлык запастары анча көп эмес: мунайдын запасы 88,34 млн. т, алынуучусу - 10,356 млн. т, жаратылыш газы - 3995,4 млн. м3 түзөт, алар өлкөнүн түштүгүндөгү 11 кен чыккан жерде топтолгон, өлкөнүн өз ресурстары менен камсыздалышы - 5%га жетпейт. Мунай өндүрүү - 85 миң т, импорт - 600 миң т. Жаратылыш газы - импорт 400 млн. куб.м. Газды "Газпром" россия компаниясы импорттойт, ал ошондой эле өлкөнүн аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу иштерин жүргүзөт. Газпром" 2014-жылы жалгыз "Кыргызгаз" улуттук дистрибьютерин сатып алган. Республикада жылына 3,1 млн. Гкалдан ашык жылуулук энергиясы өндүрүлөт. Жылуулук энергиясын өндүрүүдө электр от казандары маанилүү орунду ээлейт. Электр энергиясын өндүрүүгө жана берүүгө ИДПнын 3% дан ашыгы, өнөр жай өндүрүшүнүн 15%га жакыны жана мамлекеттик кирешелердин 5% дан ашыгы туура келет. Электр энергиясына болгон ички муктаждыктын 90%дан ашыгын гидроэлектростанциялар камсыздайт. Бүгүнкү күндө электр кубаты 19 ГЭСте жана 2 ЖЭБде иштелип чыгат, алардын жалпы кубаттуулугу 3788 МВт түзөт. 2013-2019-жылдары электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү жылына 13-15 млрд. кВт саатты түзгөн. Рынок реформаларынын жылдарында көмүрдү колдонуу дээрлик 3 эсеге, газды 4 эсеге, жагуучу мазутту 16 эсеге азайган шартта калктын электр энергиясын керектөөсү 3,3 эсеге өстү (жеткиликтүү баадан улам). Кыргыз Республикасы коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоочу өлкө болгон, бирок 2014-2016-жылдары кыш мезгилинде электр энергиясын пайдалануунун жетишсиздиги импорттун эсебинен жабылып турган. 2017-жылдан тартып электр энергиясынын экспорту импорттон ашып кетти. Каралып жаткан мезгилдеги энергетика секторунун негизги көйгөйлөрү: Нарын дарыясындагы суунун деңгээлинен жана Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушунан энергия менен камсыздоонун табигый-климаттык көз карандылыгы; энергетикалык кубаттуулуктун тартыштыгынан улам энергетикалык коопсуздукка коркунуч, экономиканын жана калктын отун-энергетикалык ресурстарга өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандырбай калуу жана отун-энергетикалык ресурстарга болгон баанын дүйнөлүк тенденциясы. Техникалык жана технологиялык чөйрөдөгү көйгөйлөр төмөнкүлөр болуп саналат: электр энергиясынын көп жоготуулары жана энергия жабдууларынын эскириши, инновациялык технологиялардын начар өздөштүрүлүшү, ИДПнын энергия сыйымдуулугунун жана көмүртек сыйымдуулугунун жогорку деңгээли жана энергияны үнөмдөөнүн узак мөөнөттүү саясатынын жоктугу. Экономикалык чөйрөдөгү көйгөйлөр: энергетикалык компаниялардын чыгымдарына шайкеш келбеген энергетикалык тарифтер жана өнүгүү менен модернизациялоо үчүн энергетикалык компаниялардын өздүк каражаттарынын жетишсиздиги. Энергетика секторун реформалоо боюнча иш-чаралардын планы 2013-2014-жылдары ишке ашырылган, натыйжада "Электр энергетикасы жөнүндө"(18) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жана лицензиялоо үчүн жөнгө салуулар түзүлгөн(19). 2016-жылдын февраль айында 100% мамлекеттин менчиги менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК түзүлгөн. Андан кийин, "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" жана "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кабыл алуу аркылуу энергетикалык активдер 2015-2017-жылдарга Кыргыз республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына кошулду. Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплекси бир катар мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат, бирок кабыл алынган мыйзамдар, стратегиялар, программалар жана башка мамлекеттик документтер жеткиликтүү ишке ашырылбай келет. Келечекте республикада жылуулук жана жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздоо биринчи кезекте, көмүр өнөр жайын жана газ менен камсыздоону өнүктүрүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Көмүр өнөр жайынын өнүгүшү техникалык жактан кайра жабдуу, иштеп жаткан көмүр ишканаларын модернизациялоо жана жаңы кендерди иштетүү аркылуу күтүлүүдө. Газ менен камсыз кылуунун жана калктуу конуштарды газдаштыруунун башкы схемасына ылайык газ менен камсыздоо жаратылыш газын импорттоонун эсебинен көбөйтүлөт. Өлкөнүн энергетикалык балансында кайра жаралуучу булактардан алынган энергиянын үлүшүн көбөйтүү үчүн ушул технологияларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун механизмин түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлорду, анын ичинде инвестицияларды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды тартуу боюнча иш жүргүзүү керек.
4. Туризм
Кыргыз Республикасы жогорку туристтик потенциалга ээ. Туризм чөйрөсүндөгү дүң кошумча нарк 2019-жылы 30 млрд. сомдон жогору болуп, ИДПнын 4,9 пайызына жеткен, ал эми 2013-жылы ал 4,6 пайызды түзгөн. Бул чөйрөдө иштегендердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 2019-жылы 8137ден 8931 миң адамга жетип, 9,7%га көбөйдү. Келген туристтердин саны да жогорулоо тенденциясына ээ, каралып жаткан мезгилде 1375,1ден 1778,9 миң адамга жетип, 29,4%га көбөйдү. 2012-жылдын ортосунан тартып 44 мамлекет үчүн визасыз режимди киргизүү чет өлкөлүк туристтердин көбөйүшүнө түрткү берген. 2016-жылы Кыргызстан БУУнун Дүйнөлүк туризм уюмунун рейтингинде өлкөлөрдүн лидерлеринен болду. Көптөгөн багыттарга аба каттамынын чектелгендиги, чет элдик туристтер үчүн көп транспорттук чыгымдар жана автомобиль жолдорунун начар абалы Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болууда. Ошондой эле сапаттын, коопсуздуктун жана айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбеген кызмат көрсөтүү объекттеринде көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты да тармактын өнүгүүсүнө тоскоол болууда. Келген чет өлкөлүк туристтерди толук эмес жана жетишсиз эсепке алуу маанилүү көйгөй болуп саналат. Келген чет элдик туристтерди каттоонун колдонуудагы системасы Кыргызстанга келген туристтик агымдын жана республиканын экономикасына туристтик чыгымдардын таасиринин толук жана объективдүү көрүнүшүн чагылдырбайт. Мындан тышкары, туризм секторундагы бардык акча дээрлик накталай формада жүгүртүлөт, бул иш жүзүндөгү абалды баалоого мүмкүндүк бербейт. Туристтик тейлөөнүн сапатын жана туристтердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн төмөнкү иш-чаралар каралууда: туристтердин укуктарын коргоо максатында туроператорлордун жана туристтик агенттиктердин экономикалык жоопкерчилик механизмин киргизүү, адистештирилген туристтик куткаруу кызматын түзүү, туризм индустриясындагы кызматкерлердин негизги кесиптеринин колдонуудагы кесиптик стандарттарын өркүндөтүү, заманбап туризм индустриясынын муктаждыктарын канааттандырган окуу программаларын түзүү жана ишке ашыруу, туризм чөйрөсүндө алдыңкы прикладдык изилдөө иштерин колдоо. Өлкөнүн орто мөөнөттүү саясаты туризм индустриясын өнүктүрүү жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продуктулардын сапатын жана түрлөрүн жакшыртуу боюнча мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары 2016-жылы бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризмди өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасында(20) аныкталган. Туризм тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана экспортко багытталган тармактарынын бири экендигин таанып, 2019-жылы жаңы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы(21) кабыл алынган. Иш-чаралар планында туризм чөйрөсүндөгү заманбап дүйнөлүк тенденциялар чагылдырылган жана өлкө региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң көңүл бурулган.
5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Маалыматтык технологияларды өндүрүшкө жана башкарууга кеңири жайылтуу өлкөнү өнүктүрүү саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. 2017-жылы Кыргызстан эл аралык "Ачык Өкмөт" (Open Government Partnership, OGP) өнөктөштүк программасына кошулган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болду. Ал башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын укуктарын кеңейтүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн милдеттенмелерин аткарууга багытталган. 2017-жылы Кыргыз Республикасында санариптик экономика багытында мурда жүргүзүлүп келген иштерди системалаштырган "Таза Коом"(22) санариптик трансформация программасы сунушталды. "Таза Коом"(23) программасы 2018-2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү. Программанын орто мөөнөттүү максаты болуп 186 мамлекеттик кызматты онлайн форматка өткөрүү эсептелет. Программа санариптик инфратүзүмдү калыптандырууга, жагымдуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан максаттарга жетүүгө багытталган. Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына электрондук биометрикалык паспорттор берилет. 2018-жылдын жаз айларынан тартып мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ыкчам алууну камсыз кылуунун эсебинен мамлекеттик органдарда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылган "Түндүк"(24) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы ишке киргизилген. 2019-жылдын аягында "Түндүк" системасына 62 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм туташкан. Учурда 40 мамлекеттик орган "Түндүк" аркылуу маалымат алмашат, маалыматтарды берүү үчүн 438 кызмат иштелип чыкты жана 26 мамлекеттик органда 99 маалымат базасы түзүлдү. Мамлекеттик органдар тарабынан суралган жана берилген маалым каттарды автоматташтыруу боюнча план иштелип чыккан. 2019-жылы 13 маалым катты (Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, каттоо дареги боюнча, салык төлөөчүлөрдү каттоо жөнүндө, карыз боюнча, мүлктүн бар экендиги жөнүндө, пенсиянын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бар экендиги жөнүндө, соода белгилери жөнүндө) берүү автоматташтырылган. 2019-жылдын март айынан тартып Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык маанидеги автомагистралдарда автомототранспорт каражаттарынын кыймылын күнү-түнү каттоого, кылмыштардын, анын ичинде транспорт каражаттарын пайдаланууга байланыштуу кылмыштардын алдын алууга жана ачууга багытталган, жол кыймылынын эрежелерин бузуунун алдын алуу жана каттоо боюнча "Коопсуз шаар" системасы өз ишин баштады. "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 110 участокко ар кандай функциялык мүмкүндүгү бар камералардын бир нече түрү орнотулду. "Таза Коом" санариптик трансформациялоо улуттук программасы (мындан ары - "Санарип Кыргызстан" деп аталат) кайчылаш параметр катары технологиялык өлчөөнү эсепке алуунун негизги таянычы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган 2019-2023-жылдарга "Санарип Кыргызстан" ("Санарип Кыргызстан") санариптик трансформациялоо концепциясы 2040-жылга Стратегияга ылайык санариптик трансформациялоо чөйрөсүндөгү өлкөнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктайт жана төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди алдыга коёт: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү; сапаттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү, мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун, ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын санариптик трансформациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандарды тартуу деңгээлин жогорулатуу; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын санариптик трансформациялоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо жана жаңы экономикалык кластерлерди түзүү. Маалымат системаларын жана маалымат базаларын киргизүү коррупциялык кооптуулуктарды минималдаштырууга, калкты тейлөө убактысын кыскартууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча тигил же бул актуалдуу маалыматтарды алуу жол-жоболорун тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып төлөөдө накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле калкты каттоодо маалыматтык системаларды колдонуу турак жай жана турак эмес жайлар жөнүндө, калктын саны жөнүндө так маалыматтарды берет, бул жан башына ИДПнын көлөмүн так эсептөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле кагаз жүзүндөгү документтерден электрондук документтерге акырындык менен өтүүнү камсыздайт, бул экологияны сактоого чоң салым кошот. "2023-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттери багыттары" 2040 стратегиясынын V бөлүгүнө ылайык санариптик технологиялар билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, айыл чарба, телекоммуникация, банк сектору, жеңил өнөр жай жана курулуш сыяктуу чөйрөлөргө артыкчылыктуу багыт катары киргизилет. IV. Соода саясаты
1. Товарларды сатуу
Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы импорттун экспортко караганда ашып кетүү өнөкөтү менен мүнөздөлөт, бул макроэкономикалык олуттуу кесепеттерге алып келет. Бул жагдай 2015-жылга чейин тышкы соода жүгүртүүнүн ИДПдан ашып кетишине алып келди. 2013-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын өсүү темпи терс көрсөткүчтү көрсөтүүдө, тышкы соода жүгүртүү бул мезгилде 12,7%га, 7993,8 млн. АКШ долларынан 6975,1 млн. АКШ долларына чейин төмөндөгөн(25). Экспорт 2019-жылы 1986,1 миллион АКШ долларын түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу бир пайызга азайган, ага ылайык импорт 4989,0 миллион долларды түзүп, 16,7 пайызга төмөндөгөн. 2015-жылы Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулгандан кийин тышкы соода жүгүртүү 5636,8 млн. АКШ долларына төмөндөгөн, ал эми 2016-жылы минималдык чекке жетти (5573,6 млн. АКШ доллары). Тышкы соода жүгүртүүнүн терс динамикасынын себептери ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык өсүштүн басаңдашын шарттаган мунай заттын импортуна болгон баанын төмөндөшү, жаңы эрежелер киргизилгендигине байланыштуу республикадан реэкспорттун төмөндөшү, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн ЕАЭБдин техникалык жана фитосанитардык талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арада өткөрмө пункттарында чек ара контролунун мезгил-мезгили менен кайталанып турган проблемалары болду. 2017-жылдан тартып өлкөнүн тышкы соодасында калыбына келүү байкалууда, тышкы соода жүгүртүүдө экспорттун үлүшүнүн көбөйүшү жана соода балансынын тартыштыгынын бир аз төмөндөшү позитивдүү факт болду. Соода жүгүртүү түзүмүндө 2019-жылы экспорттун үлүшү 28,5%ды, импорттун үлүшү - 71,5%ды түздү, 2013-жылы тиешелүүлүгүнө жараша 25,1% жана 74,9%ды түздү. 2013-жылы соода балансынын тартыштыгы 3980,2 млн. АКШ долларын түзсө, 2019-жылы 3002,9 млн. АКШ долларын түздү. Кыргызстан алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн 130дан ашык өлкөлөрү менен экспорттук жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырат. Мында каралып жаткан мезгилде экспорттук рынокторду түзүүдө негизги ролду 10го жакын өлкө ойнойт, алар: Швейцария, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан жана Улуу Британия. Кыргыз ишканаларынын бул өлкөлөргө продукцияларын жөнөтүүсү республиканын жалпы экспортунун 90%дан ашыгын түздү. Каралып жаткан мезгилде республиканын экспортунун негизги беренесин алтын (анын үлүшү экспорттун жалпы көлөмүнүн 1/3 бөлүгүнөн ашыгын түзгөн, акыркы эки жылда анын үлүшү 2/4 болгон), айыл чарба продукциясы (пахта буласы, булгаары чийки заттары, тамеки, жашылча-жемиштер, жаңгак, бал), электр энергиясы, минералдык рудалар, кийим-кече жана ага ылайык буюмдар, бут кийим камтып, экспорттук жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн дээрлик 70%ын түзөт. Каралып жаткан мезгилде электр энергиясы, пахта буласы, тамеки менен камсыздоо төмөндөө тенденциясына ээ жана учурда жалпы экспорттун көлөмүнүн болгону 1-2 пайызына жакынын гана түзөт, ал эми сүт азыктарын, трикотаж жана текстиль кийимдерин, минералдык руданы жеткирүү көлөмү өсүп жатат. Импорттун географиялык түзүмүндө Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Германия импорттук продукциянын салттуу жөнөтүүчүлөрү бойдон калууда. Алардын өлкөнүн жалпы импортундагы үлүшү 2019-жылы 50,1%ды түзсө, ал 2013-жылы 75,5%ды түзгөн. Отун-энергетикалык ресурстардан тышкары импорттун негизги товарларын машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары, кийим жана бут кийим, кездемелер жана жиптер, фармацевттик продукциялар, кара металл прокаттары жана алардан алынган буюмдар түзөт. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тышкы рынокто ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы бекитилген(26). Планда 6 артыкчылыктуу сектор аныкталган, алар: туризм, текстиль жана тигилген кийимдер, эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктары, бөтөлкөгө куюлган суу. Пландын милдеттери 4 багыттын алкагында аткарылган: соода маалыматтарына жетүү жана экспортту илгерилетүү; соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү; сапат инфратүзүмүн колдоо жана өнүктүрүү; финансы каражаттарына жетүү. 2018-жылы 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынган. Программа төрт секторду (тигүү тармагы, сүт тармагы, жашылча жана жемиштерди кайра иштетүү, жашыл жана инновациялык прибор куруу) жана үч кросс-сектордук багытты (сапаттын инфратүзүмү, финансыга жетүү жана экспортко дем берүү) өнүктүрүүгө багытталган. Тышкы соода иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен мамилеси Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруунун негизинде курулат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө киргенден тартып, улуттук мыйзамдар ЕАЭБ жөнүндө келишимге шайкеш келтирилди(27).
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу
Өлкөнүн ИДПсынын түзүмүндө кызмат көрсөтүү чөйрөсү негизги үлүштү ээлейт, 2013-жылы - 46,5%ды, ал эми 2019-жылы - 46,9%ды түздү. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылы натуралай түрдө 2103,5 млн. АКШ долларын жана 2013-жылы 2192,1 млн. АКШ долларын түздү же 4,2%га төмөндөдү. Мында эл аралык кызмат көрсөтүүлөрдүн балансынын сальдосу 61,9 млн. АКШ долларын түзгөн 2019-жылды кошпогондо терс болду(28). Кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн олуттуу беренесин туризм жана саякат чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр түзөт, ал 2019-жылы 49,2 пайызды же 1034,2 миллион АКШ долларын түздү, анын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 12,5 пайызга өстү. Экинчи маанилүү экспорттук берене болуп транспорттук кызмат көрсөтүүлөр эсептелет, анын 2019-жылдагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 34,5 пайызды же 725,0 млн. АКШ долларын түзгөн. 2013-жылга салыштырмалуу 2019-жылы транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 1,4 млн. АКШ долларына азайган, бул өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн азайышына байланыштуу болгон. Мындан тышкары транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2012-жылдан бери темир жол транспортунда жүк ташуунун басаңдоосу жана 2015-2016-жылдары бул көрсөткүчтүн болжол менен 12%га төмөндөшү байкалууда, бул Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда темир жол аркылуу жүк ташууда бирдиктүү тарифтин киргизилишине жана иштешине, ошондой эле товарларды экспорттоонун чакандыгына байланыштуу. Маанилүүлүгү боюнча кийинки орунда телекоммуникациялык, компьютердик жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр турат, алардын үлүшү 2019-жылы 1,8 пайызды түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка, ал эми жалпысынан бул кызматтын көлөмү 13,2 пайызга азайган. Байланыштын салттуу кызмат көрсөтүүлөрүн алмаштыруунун дүйнөлүк тенденциясынан улам, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар ар кандай интернет тиркемелери боюнча Интернет тармагы аркылуу маалыматтарды берүүгө өтүшүүдө. Кароого алынып жаткан мезгилдеги кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш менен камсыз кылуу өсүш тенденциясына ээ, эгерде 2013-жылы 47,2% иш менен камсыз болсо, ал эми 2019-жылы эмгекке жарамдуу калктын 55% же 2013-жылы 1068,7 миң адам жана 2019-жылы 1343,4 миң адам иштеген, бул кызмат көрсөтүү чөйрөсү Кыргызстандагы иш менен камсыз кылуунун ири булагы болуп кала берерин далилдейт. Бул сектордон салыктын түшүүсү салыктык кирешелердин олуттуу үлүшүн түзөт, бирок бул сектордогу салыктык оорчулук өнөр жай тармагынын салык жүгүнөн кыйла төмөн жана болжол менен 12%ды гана түзөт. Кыргызстандын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү негизги соода өнөктөштөрү Казакстан жана Россия, акыркы жылдары - Тажикстан жана Өзбекстан, Кыргыз Республикасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспортунун көпчүлүк бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет, алар интеграциянын жогорку деңгээли жана кызмат көрсөтүүлөргө колдонулган чакан чектөөлөр менен айырмаланат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту товарлардын экспортунан айырмаланып, логистикалык мүнөздөгү маселелерде, товарлардын сапаты боюнча талаптар, фитосанитардык жана башка чек ара контролу, ошондой эле саясий мүнөздөгү иш-чаралар жаатында анчалык аялуу эмес. Ушул артыкчылыктардын бардыгы жакынкы келечекте туризм жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүнүн эсебинен эл аралык соода тармагында кызмат көрсөтүү индустриясынын лидерлигин алдын ала божомолдоого негиз болот.
3. Бажылык жөнгө салуу
2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине кошулгандан тартып бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасына ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында бажы-тарифтик жөнгө салуунун укуктук негизин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим, ЕАЭБдин Бажы кодекси жана 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы түзөт. ЕАЭБдин мүчөсү катары Кыргыз Республикасы бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн ставкасы колдонула турган 166 товардык субпозицияны (өтмө мезгил 2020-жылдын 31-декабрында аяктаган) кошпогондо, ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) жана ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕАЭБ ББТ) ставкаларын колдонот. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенге чейин Дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы бажы тарифинин деңгээли 7,4%ды түзүп, колдонулган бажылык орточо бажы тарифи 5,0-5,2%дын чегинде болгон. Өлке ЕАЭБге киргенден кийин бажы тарифи 9,4%га чейин көтөрүлдү. 2020-жылдын аягында колдонулган бажы тарифинин деңгээли 6,7%ды түздү. ЕАЭБге киргенден тартып Кыргыз Республикасы айрым айыл чарба товарларын импорттоого тарифтик квоталарды колдонуп келет. 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасына жылына 100000 тоннадан ашпаган өлчөмдө ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн тростник кант сырьесу субпозициясын алып келүүгө уруксат берилген. Ошондой эле 2015-жылдын 1-апрелине чейин, ушул эл аралык келишимдердин колдонулушун токтотконго чейин кол коюлган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин алкагындагы алты маанилүү инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча ташып келүүдөгү бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген. 2022-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо максатында, анын аймагына ЕАЭБде өндүрүлбөгөн, аскердик багыттагы продукцияларды ташып келүүгө, ошондой эле жарандык тик учактардын жана жарандык жүргүнчү жана жүк ташуучу учактардын айрым түрлөрүнө бажы алымдарын алуудан бошотуу каралган. ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасында айрым товардык позицияларга карата тарифтик жеңилдиктерди берүүнү карайт, аларды берүүнүн шарттары Евразия экономикалык комиссиясынын органдарынын чечимдери менен жөнгө салынат. Өнүгүп келе жаткан жана анча өнүкпөгөн өлкөлөрдөн товарларды импорттоо үчүн Кыргыз Республикасы тарифтик преференциялардын бирдиктүү системасын колдонот. Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу, Кыргыз Республикасы тарабынан мурда кабыл алынган тарифтик милдеттенмелерди өзгөртүү боюнча(29) ДСУнун мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө Протоколдо каралган жоболорго ылайык азыркы учурда компенсация боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү иштери жүрүп жатат.
3.1. Тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү
Кыргыз Республикасы Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө келишимге (СЖЖК) 2016-жылдын ноябрь айында кошулган(30). А, В жана С категорияларынын милдеттенмелери боюнча билдирүүлөр жиберилди. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү(31). СЖЖКны ишке ашыруунун планы иштелип чыккан. Планда маалыматка жеткиликтүүлүк, чек арадагы көрсөткүчтөр, транзит жана экспорт сыяктуу артыкчылыктуу багыттар аныкталган. Бажылык өткөрүү пункттарында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында заманбап инспекциялык-кароо комплекстери (ИТК) орнотулган. "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы - TULPAR-SYSTEM түзүлүп, ага 30дан ашык министрликтер жана ведомстволор кошулган, платформаны пайдалануучулардын жалпы саны 2019-жылы 35 миңден ашуун болгон. 2016-жылдан тартып бажы аймагына автомобиль транспорту менен ташылып келинүүчү товарлар жөнүндө алдын-ала маалымат берүү Кыргыз Республикасында милдеттүү болуп саналат. Алдын ала маалымдоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын тышкы өткөрүү пункттарында (Кытай Эл Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен чек арада) жүргүзүлөт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жүк ташып келүү жөнөкөйлөтүлдү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келинген жүктөрдү кароо жана тариздөө жол-жобосу алып салынды. Кыргыз-казак чек арасында бардык бажы жол-жоболору жокко чыгарылды, контролдоонун санитардык жана фитосанитардык түрлөрү жокко чыгарылды. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүү шарттары СЖЖКнын "Транзиттин эркиндиги" 11-беренесинин жоболорунун басымдуу көпчүлүгүнө шайкеш келет. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирген учурдан тартып, ЕАЭБдин ТЭИ ТНга ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуунун тартиби колдонулат. Бажы наркын жана товар чыккан өлкөнү аныктоо маселелери боюнча алдын-ала чечимдерди берүү мүмкүндүгүн караштыруу пландаштырылууда. ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институту киргизилген, ал эл аралык сооданы жана транзитти жөнөкөйлөтүү процессине оң таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Тез бузулуучу продукциялардын тизмеси бекитилген, аларга карата Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө уруксат документтерин берүү артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт. Андан ары ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык тобокелдиктерди башкаруунун ведомстволор аралык системасын жана контролдоо менен текшерүүлөрдү камсыздоо үчүн кабарлоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү пландаштырылууда. Санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алына турган товарларды байкоого алуунун улуттук системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
4. Тарифтик эмес жөнгө салуу
ЕАЭБге киргенге чейин үчүнчү өлкөлөргө карата Кыргыз Республикасынын аймагында атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынган. Ата мекендик ун тартуу тармагынын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүү үчүн буудай унунун ар бир килограммына 3 сом өлчөмүндө атайын коргоо алымы киргизилген. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө киргенге чейин колдонулган. ЕАЭБге киргенден кийин Кыргыз Республикасы үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоого карата коргоо чараларынын бирдиктүү механизмин колдонот. Атайын коргоочу, демпингге каршы же компенсациялык чараны колдонуу жөнүндө, атайын коргоочу, демпингге каршы же компенсациялык чараны өзгөртүү же жокко чыгаруу же чараны колдонбоо жөнүндө чечим ЕАЭБ(32) жөнүндө келишимдин № 8 тиркемесине ылайык жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы боюнча ЕЭК тарабынан кабыл алынат. Улуттук деңгээлде мүчө мамлекеттерде коргоочу териштирүү жүргүзүлбөйт. Кыргыз Республикасында өзгөчө товарлардын экспорту менен импортун лицензиялоо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимине ылайык жөнгө салынат. Кош багыттагы жана аскердик товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынат. Өзгөчө учурларда ЕАЭБге мүчө мамлекет үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө айрым товарларды импорттоого жана экспорттоого убактылуу чектөөлөрдү бир тараптуу колдонушу мүмкүн.
4.1. Техникалык жөнгө салуу
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө 2013-2015-жылдар мезгилинде республикада техникалык жөнгө салуу объектилерине милдеттүү талаптарды белгилеген улуттук техникалык регламенттер, ошондой эле продукцияны идентификациялоо эрежелери жана шайкештикти баалоо жол-жоболору колдонулган. ЕАЭБге киргенден кийин ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу, өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу жана СФМ чараларын колдонуу жаатында бирдиктүү саясат ишке ашырылып келет. ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттери күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын тиешелүү улуттук техникалык регламенттери күчүн жоготту деп таанылган. ЕАЭБдин алкагында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин 49 техникалык регламенти кабыл алынып, анын 43ү күчүнө кирди. ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкештигин тастыктаган документтер болуп продукциянын түрүнө жараша ЕАЭБдин Бирдиктүү формалары боюнча таризделген шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация эсептелет. Стандартташтыруу боюнча. Стандартташтыруу боюнча кабыл алынган улуттук документтеринин жалпы саны: (Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары (КМС); Россия Федерациясынын улуттук стандарттары (КМС ГОСТ Р), чет өлкөлөрдүн улуттук стандарттары (КМС СТБ), мамлекеттер аралык стандарттар (ГОСТ) болжол менен 7000 бирдикти түздү. Анын ичинен Эл аралык стандартташтыруу уюму (ИСО) менен - 1611 бирдик, мамлекеттер аралык стандарттар (МЭК) - 690 бирдик, Алиментариус кодекси - 238 бирдик шайкеш келтирилген. 2019-жылдын акырына карата абал боюнча стандартташтыруу боюнча улуттук документтердин 51%га жакыны эл аралык жана региондук стандарттарга шайкеш келтирилген. 2015-жылы Кыргыз Республикасы Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) мүчөсү болду. Метрология жаатында. Өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик базасы түзүлдү. Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (КМШнын МАК) мүчөсү, Мыйзамдуу метрология боюнча эл аралык уюмдун (ММЭУ) ассоциацияланган мүчөсү, Евро-Азия мамлекеттик метрологиялык мекемелердин кызматташтыгынын (КООМЕТ) мүчөсү болуу менен ченемдик базаны дайыма өркүндөтүп, МАК, ММЭУ, ЕАЭБ документтери менен шайкеш келтирет. Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы иштер 2012-жылы кабыл алынган "Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Республикада өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу системасы түзүлдү, ал метрология боюнча мамлекеттик органдан, метрология боюнча улуттук органдан, жеке менчик метрологиялык лабораториялардан жана мамлекеттик көзөмөлдөн турат. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү тартиби, өлчөө каражаттарын текшерүү, өлчөө методикасын (методун) метрологиялык аттестациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин маалыматтык фондусунда камтылган өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы маалыматтарды өз ара берүү эрежелерин жөнгө салуучу бирдиктүү ченемдик документтер кабыл алынды. Аккредитациялоонун улуттук системасы эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирилген жана ЕАЭБдин талаптарына туура келет. 2013-жылы Кыргыз аккредитациялоо борбору (КАБ) Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтыктын (ILАС) толук укуктуу мүчөсү жана сыноо жана калибрлөө лабораторияларын аккредитациялоо жаатында ООС аккредитациясын (ILAC-MRA) өз ара таануу жөнүндө келишимдин кол коюучусу болуп калды. 2018-жылы КАБ Эл аралык халал аккредитация форумунун (IHAF) толук укуктуу мүчөсү статусун алды. Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында 2015-жылы Өкмөт 2017-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын бекиткен(33).
4.2. Санитардык жана фитосанитардык чаралар
Ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттоонун жол-жоболору Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун жана Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык конвенциянын тиешелүү эл аралык стандарттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу процессинде Өкмөт Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык эрежелерин(34) жана жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитти(35), алар ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралардын эрежелеринин тиешелүү өзгөртүүлөрүн камсыз кылууга багытталган. 2020-жылга чейинки мезгилге Кьфгыз Республикасынын Улуттук сапат инфратүзүмүн өнүктүрүү концепциясы дагы ушул максаттарды ишке ашырууга багытталган(36). ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык республикада санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл 22 санитардык-контролдук постто жүргүзүлөт. Улуттук мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык бир катар санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү жокко чыгарылды. Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек арада фитосанитардык контролдоо 13 фитосанитардык контролдоо пунктунда жана 2 эл аралык аэропортто ("Манас" аэропорту, "Ош" аэропорту), ошондой эле убактылуу сактоо кампаларында, терминалдарда жана фитосанитардык контролдоонун ички стационардык постторунда жүргүзүлөт. Республикада өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 4 лаборатория иштейт. Бишкек жана Ош шаарларында 5 ветеринардык лаборатория аккредитациядан өткөн, 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өтүү процессинде. Фитосанитардык чаралар боюнча комплекстүү мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында Өкмөт 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Алкактык программаны бекиткен(37). Документ фитосанитардык кызматты өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын аныктайт жана 2023-жылга карата карантиндик зыяндуу организмдердин санынын азайышына; эл аралык стандарттарга ылайык фитосанитардык тобокелдиктерге системалуу талдоо жүргүзүүгө; карантиндик зыяндуу организмдер болбогон зоналарды аныктоого жетишүүгө мүмкүндүк берет.
5. Инвестициялык саясат
Республикада инвестициялык жана курулуш иштерин активдештирүүнүн натыйжасында 2013-2019-жылдары финансылык эмес активдерге инвестицияларды пайдалануу көлөмдөрү туруктуу өсүп, 2019-жылы 191,6 миллиард сомду түздү жана 2013-жылга салыштырганда 1,7 эсеге көбөйгөн. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2019-жылы 181,0 млрд. сомду түздү, бул 2013-жылга караганда 1,7 эсе көп. Талдоого алынган мезгилде негизги үлүшкө салымдардын түрлөрү боюнча негизги капиталга инвестициялардын түзүмүндө (72 пайыздан 81 пайызга чейин) турак-жай эмес имараттарды жана курулмаларды курууга, ошондой эле машиналарды, жабдууларды жана инвентарларды сатып алууга жана орнотууга багытталган инвестициялар түздү. Республикада экономикалык активдүүлүктүн өсүшү көбүнчө чет өлкөлүк инвестициялардын келишине байланыштуу, ал 2019-жылы 7 миллиард доллардан ашык сумманы түздү (агып чыгууну эсепке албаганда), бул 2013-жылга караганда 1,3 эсеге көп. Каралып жаткан мезгилде келген чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмакты башка инвестициялар ээлешти, алардын үлүшү 63 пайыздан 87 пайызга чейинкини түздү. Тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү көлөмү (агып чыгууларды эсепке албаганда) 2019-жылы бир миллиард АКШ долларынан бир аз көбүрөөк болуп, 2013-жылга салыштырганда болгону 11,7 пайызга гана көбөйгөн. Инвестиция салуу үчүн экономикалык иштин кыйла артыкчылыктуу түрлөрү болуп иштетүүчү өндүрүш, кесиптик, илимий жана техникалык иштер чөйрөсү, пайдалуу кендерди казып алуу, курулуш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, ошондой эле маалымат жана байланыш саналат. Акыркы жылдары негизги инвестор-өлкөлөр Кытай, Канада, Россия, Казакстан, Швейцария, Түркия, Улуу Британия, Нидерланддар, Өзбекстан болгон. Кыргыз Республикасы тарабынан 21 өлкө менен кош салык салууну болтурбоо жөнүндө келишимге жана 27 өлкө менен чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча келишимге кол коюлду. Кыргыз Республикасында эң ыңгайлуу режимдин принциптерине негизделген либералдуу инвестициялык мыйзамдар түзүлгөн. Кыргыз Республикасындагы инвестициялык саясат инвестициялык климатты жакшыртууга жана инвесторлорго адилеттүү, бирдей укуктук режимди камсыз кылуу жана алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасына тартылган инвестицияларын коргоого кепилдик берүү аркылуу ата мекендик жана тышкы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзүүгө багытталган. 2016-2018-жылдары "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, анда инвесторлорго өлкөгө инвестициялоого тиешелүү бардык төлөмдөр боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын каалаган башка валютага эркин конвертациялоо укугу берилген. Инвестицияларга байланышкан Кыргыз Республикасына жана андан чет өлкөлүк валютадагы акча которуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эркин жана тоскоолдуксуз жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргызстанга жана анын чегинен тышкары чет өлкөлүк валютада акча которууларды чектөөчү ченемдерди киргизүүдө, алар чет өлкөлүк инвесторлорго жайылтьшбайт(38). Ошондой эле өлкөдө турукташтыруу режими киргизилген - инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 жылдын ичинде салыктарды, анын ичинде кошумча нарк салыгын (бирок башка кыйыр салыктардан тышкары) жана салыктык эмес төлөмдөрдү (мамлекеттик органдар көрсөткөн кызматтар үчүн төлөмдөрдөн тышкары) төлөө боюнча алар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды тандоого укуктуу. Болгон инвестициялык өбөлгөлөр жана жеңилдиктер Инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасында болгон инвестициялык жеңилдиктер жөнүндө колдонмодо жана Инвестициялык өбөлгөлөрдүн реестринде көрсөтүлгөн. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми мыйзамдуу түрдө бекитилген жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасында аны төмөнкү беш багыт боюнча колдонуунун тармактары аныкталган: транспорт (автожолдор, көпүрөлөр, темир жолдор, аэропорттор); экология жана суу менен камсыздоо (калдыктарды башкаруу, суу менен камсыздоо жана канализация); энергетика (борбордук жылытуу системасы, көчөлөрдү жарыктандыруу, электр энергиясын бөлүштүрүү); социалдык сектор (саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана туризм, маданият); маалыматташтыруу жана мамлекеттик башкаруу (электрондук өкмөт, интернет-бөлүштүрүү).
6. Мамлекеттик сатып алуулар саясаты
Өлкөнүн сатып алууларын жөнгө салуунун ченемдик-укуктук негизи болуп 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана бир катар мыйзам алдындагы актылар саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасы жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата ачык-айкындуулук, мыйзамдуулук жана калыстык принциптерине негизделген. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен Кыргыз Республикасында сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби регламенттелген, кызыкдар тараптардын ыйгарым укуктары жана функциялары так бөлүштүрүлгөн, сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө даттануу механизми каралган. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сатып алуучу уюмдар болуп бардык бюджеттик уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мамлекеттин үлүшү 50 жана андан жогору пайыз болгон акционердик коомдор саналат. Мында, жеткирип берүүчүлөр (подрядчиктер) жеке ишкерлер, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, ири ишканалардын жана компаниялардын, жоопкерчилиги чектелген коомдордун, акционердик коомдордун, менчиктин ар кандай формасындагы, зарыл болгон тажрыйбага ээ, салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү өз убагында төлөгөн жана заказчы тарабынан коюлуучу берген башка критерийлерге жооп берген ата мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк ишканалардын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актылар улуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик сырларды сактоо, табигый кырсыктар менен түздөн-түз байланышкан сатып алууларды жөнгө салбайт. Мыйзам майыптар коомунан товарларды сатып алууга(39), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жеке ишкерлерден жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жайылтылбайт. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамда ички жеткирип берүүчүлөр үчүн мамлекеттик сатып алууларга катышууга жеңилдетилген режим каралган. 2015-жылдан тартып бардык мамлекеттик сатып алуулар мамлекеттик сатып алуулар порталында электрондук түрдө жүргүзүлөт(40). Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында 27590 жеткирип берүүчү (подрядчик) жана 4072 сатып алуучу уюм катталган.
7. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо
2013-2019-жылдарда Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдары эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык шайкеш келтирилген, бул Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүдө алган милдеттенмелери менен шартталган. Ушул мезгилде 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын(41) ишке ашыруунун натыйжалары боюнча инновациялык ишти өнүктүрүүнүн негиздери түптөлгөн. Ар кандай форумдарга катышуу, анын ичинде глобалдык тармактарды пайдалануу менен интеллектуалдык менчик жана инновация чөйрөсүндө эл аралык маалымат алмашуу үчүн шарттар түзүлгөн. Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун улуттук тармагы түзүлгөн жана укук коргоо органдарынын жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана методикалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн шарттар түзүлгөн 2013-2016-жылдары интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого тиешелүү мыйзамдык жана институционалдык негиздерге Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ортосундагы карама-каршылыктарды четтеткен бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Атап айтканда, чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын коммерциялык максатта даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же башка мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жарандарга салынуучу административдик айыптын өлчөмүн көбөйтүү каралган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин "Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу" 199-беренесине ылайык козголгон жазык иштерин жеке ачык айыптоо иштерине киргизүү, ал эми мындай иштердин тергөөгө караштуулугун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын компетенциясына киргизүү каралган. 2017-жылы Кыргыз Республикасы 2013-жылдын 27-июнунда Марракеш шаарында кабыл алынган Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алуу жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине кошулган. 2017-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификацияланган(42). Кабыл алынган Протокол биздин өлкөгө дары препараттарына жеткиликтүүлүк менен байланышкан проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берет, анткени Кыргызстан фармацевтика секторунда жетиштүү өндүрүштүк потенциалга ээ эмес жана дары-дармектерди башка өлкөлөрдөн импорттоого мажбур. 2017-жылдын июлунда Өкмөт тарабынан 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитилген. Жаңы ыкманын өзгөчөлүгү мамлекеттик заказдарды түзүүнүн, IТ технологияларды, ЕАЭБ жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду аркылуу трансфер-технологияларды жана технологиялык платформаларды колдонууну кеңейтүүнүн эсебинен интеллектуалдык менчикти түзүү боюнча потенциалды өстүрүү болуп саналат. Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу боюнча төмөнкү өлкөлөр менен эки тараптуу макулдашууларга ээ: Россия; Өзбекстан; Казакстан; Азербайжан; Армения; Түркия; Кытай; Беларус. Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашап турушкан жеке жактар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте(43) катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 29 сертификацияланган патенттик ишенимдүү өкүл иштейт(44). 2019-жылдын 31-декабрына карата Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестринде иш жүзүндө 312 соода белгиси бар. Бажы реестринде алкоголдук жана тамеки продукциялары, кондитердик азыктар, самын, жуучу каражаттар, косметикалык жана гигиеналык каражаттар, дары препараттары, автотранспорт каражаттары үчүн запастык бөлүктөр бар. Чек арада интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда контроль күчөтүлгөн. Бажы органдары ЕАЭБдин Бажы кодексинин 124-беренесинде жана "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамдын 107-беренесинде каралган интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча чараларды көрүүдө(45). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу үчүн жарандык, административдик жана жазык жоопкерчилиги белгиленген. Соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу(46), башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу(47) жана чыгармалардын же фонограммалардын, компьютердик программалардын же маалыматтар базасынын контрафактык нускаларын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо(48) үчүн жоопкерчиликке тиешелүү толуктоолор киргизилген. Жалпы эрежеге ылайык интеллектуалдык менчик укуктары соттук тартипте корголгон. Бул талаш-тартыштар мамлекеттик соттордун юрисдикциясына кирет. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мындан аркы милдеттер -интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү боюнча потенциалды жогорулатуу; интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды алуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү; интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
8. Атаандаштыкты жана ишкер чөйрөнү өнүктүрүү саясаты
Кыргыз Республикасында атаандаштык укукту жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп "Атаандаштык жөнүндө"(49) Мыйзам эсептелет, ал атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт жана монополиялык ишти жана ак ниет эмес атаандаштыкты алдын алууга, чектөөгө, бөгөт коюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган. 2013-2019-жылдары Кыргыз Республикасында монополияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү, атап айтканда, ишкердик ишти жөнгө салган кабыл алынуучу жана колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоого багытталган ченем киргизилген, бул атаандаштыкты чектеген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына жол бербейт. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришине байланыштуу "Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар женүндө"(50), "Жарнама жөнүндө"(51) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирилген. "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен уруксат берилген монополияларды (рынокто үстөмдүк кылган) мамлекеттик жөнгө салуу жокко чыгарылды жана мамлекет тарабынан ишкердикке кийлигишүү чектелген. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ишкерлерди колдоо механизмдеринин бири болгон эскертүү институтун киргизүүнү караган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Мыйзам ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жеңилдиктерди берүү учурларын караган берене менен толукталган. Ошондой эле монополияга каршы жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган бир катар ченемдер киргизилген. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки мамлекеттик орган иштейт: энергетика чөйрөсүндөгү табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агентгик жана экономиканын башка чөйрөлөрүндө табигый монополиялар субъекттери менен ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги. Жөнгө салуу керектөөчүлөр үчүн өздөрү саткан товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган табигый монополиялар субъекттеринин жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишине, ошондой эле табигый монополиялар субъекттеринин натыйжалуу иштөөсүнө багытталган. Бул үчүн мамлекеттик органдар тарабынан эсептик материалдар каралат жана табигый монополиялар субъекттеринин товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө баалар жана тарифтер белгиленет, товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө (сатып алууга) контракттын жана кызматтарды көрсөтүү эрежелеринин формалары макулдашылат. Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында белгиленет. Мындан ары монополияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер улантылат, атап айтканда, салыштырылуучу рыноктун жайгашуусу боюнча проблемаларды жоюу, атаандаштыкка каршы башка макулдашууларга тыюу салуу, монополияга каршы органга чарбалык субъекттерди түзүү процессинде экономикалык концентрацияга контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ченемди киргизүү зарыл. Мындан тышкары, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген атаандаштык эрежелерин бузууга жол берген ишкерлерди айып санкцияларынан коргоо максатында эскертүү институтун киргизүү сунушталууда. Ошондой эле табигый монополиялардын чөйрөсүн кыскартуу жана аларды атаандаштык рыногуна которуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
8.1. Бизнес чөйрө
Өлкөдөгү ишкердик климаты акырындык менен жакшырууда, буга эл аралык рейтингдердеги позициялардын оң динамикасы, ошондой эле чекене сооданын жана трансчек аралык которуулардын өсүшү күбө. Кыргыз Республикасы 2013 жана 2019-жылдары Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде дүйнөнүн 190 өлкөсүнүн ичинен 70-позицияда калган. Өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чагылдырган Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде Кыргызстан 2019-жылы 140 өлкөнүн ичинен 96-орунду ээлесе, ал эми 2013-жылы 126-орунда турган. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын саны 96 миңге жакын болгон 300дөн ашык ири ишкана жана 17 миң чакан жана орто ишкана иштеген, анын ичинен 16,2 миңи чакан ишкана жана 0,8 миңи орто ишкана болгон, алардын саны 2013-жылдан бери өзгөргөн эмес, ал эми чакан ишканалардын саны 38,5% көбөйгөн (11,7 миң болчу). Чакан жана орто бизнес өз ишин дүң жана чекене соода чөйрөсүндө; автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо боюнча, өнөр жайда, кесиптик, илимий жана техникалык иште жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын аймагындагы катталган жеке ишкерлердин саны 2020-жылдын 1-январына карата 411,4 миң адамды же экономикада иштегендердин жалпы санынын 16,8% түздү, ал эми 2014-жылдын 1-январына карата 329,7 миң адамды же экономикада иштегендердин жалпы санынын 14,6% түзгөн. Орточо алганда, 2013-2019-жылдары чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн дүң кошумча нарктын үлүшү ИДПнын 40% жакынын түзгөн. Чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө иштегендердин саны (дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо) өсүү тенденциясына ээ, эгерде 2019-жылы 107,8 миң адамды же экономикада иштегендердин жалпы санынын 4,4% түзсө, 2013-жылы тиешелүү түрдө 88 миң адамды жана экономикада иштегендердин жалпы санынын 3,9% түзгөн. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны(52) ишке ашыруу өлкөдөгү ишкердик климатты жакшыртууга өбөлгө түзгөн, анда бизнес чөйрөнү жөнгө салуу боюнча саясат төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга басым жасалган: башкаруу чечимдерин, анын ичинде экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган чечимдерди иштеп чыгууда жана кабыл алууда жөнгө салуучу таасирди баалоо системасында жаңы ыкмаларды түзүү; чектелген ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын күчөтүү маселелеринде жөнгө салуу саясатына басым жасоо менен мамлекеттин ишкердик ишке кийлигишүү деңгээлин төмөндөтүү. Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн бизнес чөйрөсүн жакшыртуу максатында 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы(53) ишке ашырылды, анда төмөнкүдөй бир катар иш-чаралар камтылган: бажы жана соода чөйрөлөрүндө жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча; салыктык башкарууну оптималдаштыруу боюнча; эмгек мыйзамдарын реформалоо боюнча; мамлекеттин бизнеске ашыкча кийлигишүүсүн азайтуу боюнча; продукциянын коопсуздугун контролдоо системасын тартипке келтирүү боюнча; горизонталдуу реформалар боюнча. Базалык документтердин негизинде республикада төмөнкүдөй максаттуу иштер жүргүзүлүүдө: экономиканы фискалдык жана административдик өбөлгөлөөнүн жаңы инструменттерин киргизүү боюнча, салык системасы акырындык менен өбөлгөлөөчү функцияны аткарууга өтөт, ал эми ашыкча, тоскоол болуучу административдик тоскоолдуктар план-ченемдүү алып салынат; жеткиликтүү кредит берүү, кепилдик берүү, камсыздандыруу системасын түзүү менен ишкерлердин финансы булактарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы финансы инструменттерин киргизүү боюнча; жеке менчик укуктарын коргоону жана экономикага салынган инвесторлордун каражаттарын сактоону камсыз кылуу боюнча. Административдик формалдуулукту жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишкердик субъекттердин ишин текшерүүгө үч жылдык мораторий жарыяланды(54). Лицензиялоо-уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүү, уруксат берүү документтерин алууну электрондук форматка которуу каралган. Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерине жагымдуу шарттарды түзүү жана андан ары практикалык ишке киргизүү үчүн 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы55 кабыл алынган, Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш түзүлгөн. Азыркы учурда өлкөдө кабыл алынып жаткан жөнгө салуучу чаралар улуттук инвесторлор жана ишкерлер үчүн салыктын жана тарифтердин төмөнкү ставкаларынын эсебинен алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу кошумча стимулдарды түзүүгө, мамлекеттик жөнгө салуучу таасирге минималдуу түрдө жетиштүү болгон, бизнести түзүүнүн жана жүргүзүүнүн жөнөкөйлүгүнө жана ачыктыгына багытталган.
9. Региондук экономикалык интеграция
9.1. Евразия экономикалык бирлиги
2015-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуп, ЕАЭБдин бешинчи толук укуктуу мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасынын экспорттук позицияларынын негизги бөлүгү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге багытталган, 2019 жана 2013-жылдары айыл чарба продукцияларын экспорттоонун үлүшү өзгөргөн эмес жана 50% жакынды түзгөн. Обзордук мезгилде электр энергиясынын жана даяр тигүү продукциясынын экспорту ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келген, аларды өндүрүүгө калктын көпчүлүгү, анын ичинде айыл жеринде жашагандар тартылган. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден инвестициялык жана улуттук экономика үчүн стратегиялык маанилүү товарларды, анын ичинде жабдуулардын ар кандай түрлөрүн ташып келет. 2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден төмөнкүлөр ташып келинген: күйүүчү-майлоочу майлар (ККМ) - 96,2%, газ - 90,4%, дан - 93%, жыгач материалдары - 85%, металл прокат - 79%. 2013-жылы ушул товарларды жеткирүүнүн көлөмү төмөнкүлөрдү түзгөн: ККМ - 99%, газ - 78%, дан -100%, жыгач материалдары - 74%, металл прокат - 50%. 2018-жылдын ноябрында ЕАЭБ жөнүндө келишимдин ДСУнун ченемдерине жана эрежелерине шайкештигин аныктоо, ошондой эле ДСУга мүчө мамлекеттерге бул Келишимдин маңызы, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБдин тышкы соода режими жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин интеграция даражасы тууралуу маалымдоо максатында, ДСУнун Региондук соода макулдашуулары болюнча комитетинин жыйынында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин Фактологиялык презентациясы сунушталган. 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасына ПЖС+ схемасын колдонуучу статусу берилген, бул ЕС рынокторуна 6000ден ашуун товардык позицияларды алымдары жок жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Азырынча, товарлардын коопсуздугу, сапаты, таңгакталышы, маркаланышы боюнча талаптарды сактоодон улам, экспорттун көлөмүн кескин көбөйтүү мүмкүн болгон жок.
9.2. КМШ эркин соода зонасы жөнүндө келишим
Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциялык процесстерден тышкары 2012-2015-жылдары Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мейкиндигинде интеграциялык процесстер өнүгүүсүн уланткан. 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Россия, Армения, Беларусия, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Украинанын ортосунда эркин соода режимин белгилөөчү Эркин соода зонасы жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) күчүнө кирген. 2014-жылы Келишимге Өзбекстан кошулган. Келишим айрым өзгөчө жогорку атаандаштыктагы товарларды кошпогондо, дээрлик бардык товардык номенклатура боюнча товарлардын рынокторуна анын катышуучуларынын алымсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн белгилейт. Келишимде товарларды эркин сатуу режимин гана камсыздабастан, сооданы коргоо чараларын колдонуунун, техникалык жөнгө салуунун, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуунун, бажылык башкаруунун бирдиктүү эрежелери каралган. Кыргыз Республикасы Азербайжанга(56), Грузияга(57) (2009-жылга чейин Шериктештикке мүчө мамлекет), Түркмөнстанга КМШга уюштуруучу мүчө катары эркин соода режимин берген.
9.3. Эркин соода жөнүндө макулдашуу
ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык ЕАЭБ аймагында үчүнчү өлкөлөргө карата бирдиктүү соода режими колдонулат. Ушуга байланыштуу үчүнчү жак менен товарларды эркин сатуу режими мындай тарап менен ЕАЭБдин эркин соода жөнүндө макулдашуусунун негизинде белгиленет. Азыркы учурда, ЕАЭБ менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу колдонууда, ал 2016-жылдын 5-октябрында күчүнө кирген. 2016-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосундагы соода жүгүртүү 2,5 эседен ашык көбөйүп, 3,3 млн. АКШ долларынан 8,5 млн. АКШ долларына чейин жогорулаган. Макулдашуу соода-экономикалык кызматташтыктын бардык тармактарын камтыйт. Ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын төмөндөтүүдөн тышкары, интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча тараптардын милдеттенмелери каралган, туруктуу өнүгүү, электрондук коммерция жаатында, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кызматташуунун багыттары аныкталган, атаандаштыкты коргоонун бирдиктүү принциптери белгиленген. Ошондой эле, Макулдашуу соодалык жөнгө салууну болжолдоону кыйла жогорулатат. 2018-жылы ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган, ал 2019-жылдын 25-октябрында күчүнө кирген, анда ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда товарларды сатуунун фундаменталдуу принциптери жана эрежелери белгиленген. Макулдашуу өзгөчө жеңилдиктерди берүүчү болуп саналбайт, соодадагы алымдар сакталат. 2019-жылдын 27-октябрынан тартып, Иран менен Убактылуу макулдашуу колдонууда, ал эркин соода зонасын түзүүгө алып келет, анын алкагында ташып келүү бажы алымдары макулдашуунун тараптары үчүн жогорку экспорттук кызыкчылыкты пайда кылган товарлардын чектелген тобу боюнча төмөндөтүлгөн же алып салынган. Сингапур Республикасы жана Сербия Республикасы менен түзүлгөн келишимдер эркин соода зонасы боюнча кол коюлган, бирок күчүнө кирбеген келишимдердин катарына кирет, алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболор аяктап жатат. Египет, Индия жана Израилдин ортосунда товарларды эркин сатуу зонасын түзүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Сингапур Республикасынын ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана инвестициялар боюнча эки тараптуу макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр улантылууда.
V. Кыргыз Республикасынын соода саясатынын мындан аркы багыттары
Кыргыз Республикасынын орто жана узак мөөнөттүү келечектердеги соода саясаты атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүүнүн, салттуу тармактарда атаандаштыктын артыкчылыктарын кеңейтүүнүн жана жаңы тармактарды өнүктүрүүнүн, экспорттун рынокторун андан ары диверсификациялоо зарылчылыгынан улам аныкталат. Кыргыз Республикасынын соода саясаты ДСУнун фундаменталдык ченемдерине жана эрежелерине ылайык түзүлөт. Кыскартуулардын тизмеси
ИДП
-
ички дүң продукция
КЭБ
-
калыбына келүүчү энергия булактары
ДСУ
-
Дүйнөлүк соода уюму
ПЖС+
-
Преференциялардын жалпы системасы
БУУ ДТУ
-
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туризм уюму
ГОСТ
-
СССРдин мамлекеттик стандарты (ошондой эле КМШ мамлекеттеринин Мамлекеттер аралык кеңештеринин алкагында кабыл алынган стандарттар үчүн да кыскартуу катары колдонулат)
ГОСТР
-
Россия Федерациясынын мамлекеттик стандарты
ЕАЭБ
-
Евразия экономикалык бирлиги
БТТ
-
Бирдиктүү бажы тарифи
ЕС
-
Европа союзу
ЕЭК
-
Евразия экономикалык комиссиясы
ILАС
-
Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык уюм
СЭУ
-
Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм
ИӨСМИ
-
Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту
ӨАККМШ
-
Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча КМШнын Өкмөттөр аралык кеңеши
ӨКК ЭАК
-
Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча эл аралык конвенция
ЭЭК
-
Эл аралык электротехникалык комиссия
ММЭУ
-
Мыйзамдык метрология боюнча эл аралык уюм
IНАF
-
Халал аккредитация боюнча эл аралык уюм
КООМЕТ
-
Мамлекеттик метрологиялык мекемелердин евразиялык кызматташтыгы
КР
-
Кыргыз Республикасы
КРМС
-
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарты
КАБ
-
Кыргыз аккредитация борбору
КРУБ
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
КНС
-
Кошумча нарк салыгы
ЧУА
-
Ченемдик укуктук акты
УСК
-
Улуттук статистика комитети
Салык кызматы
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматы
ТӨУП
-
2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча программа
КМШ
-
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги
СФМ
-
Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашуу
Бажы кызматы
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматы
ТЭИТН
-
Тышкы экономикалык иштердин товардык номенклатурасы
ИМУСМ
-
Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашуу
СМБ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 11
Шилтеме берет (12)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 13.01.2015 · № 9
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2014 · № 119 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 149
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Об особом статусе каскада Токтогульскихгидроэлектростанций и национальной высоковольтной линии электропередачЗакон · 21.01.2002 · № 7
- Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөЗакон · 06.03.1992 · № 850-XII
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94
- Положение об экспертной комиссии Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и…Положение · 29.05.2013 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Көмүр жөнүндөЗакон · 03.02.1999 · № 18 · Күчүн жоготкон