63-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
63-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 63-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары Кодекстин 9-главасында аныкталган.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй учурларда камсыздалат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилгенде;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган учурларды кошпогондо, товарлар шарттуу чыгарып берилгенде;
3) Кодекстин 120-беренесине ылайык, товарларга карата декларация тапшырылганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;
4) Кодекстин 121-беренесине ылайык, бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;
5) Кодекстин 122-беренесине ылайык, бажы экспертизасы дайындалганда товарлар чыгарып берилгенде;
6) товарлар бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылганда;
7) бажы иши чөйрөсүндө иштер жүзөгө ашырылганда;
8) ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.
3. Кодекстин 120-122, 146, 304 жана 437-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян келтирилген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбейт.
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
63-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жылдыруу же бөлүп төлөө берилгенде;
2) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган учурларды кошпогондо, товарлар шарттуу … 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп … камсыздоо берилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-63" title="63-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>