107-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн кайра баштоо
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
107-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 107-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн кайра жаңыртуу ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 124-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде мүчө-мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине же аймагында товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырыла турган бажы органы жүргүзүүчү интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жүргүзүлгөн учурда бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик объектинин укук ээсинин укуктарын бузуу белгилери табылса, мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтү он жумушчу күнгө токтотуп турулат.
3. Укук ээсинин же болбосо анын же бир нече укук ээлеринин кызыкчылыктарын жактоочу жактын суроо-талабы боюнча бул мөөнөт бажы органы тарабынан он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө төмөнкүдөй учурларда узартылат:
1) Кодекстин 124-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда;
2) эгерде укук ээси же болбосо анын же бир нече укук ээлеринин кызыкчылыктарын билдирүүчү жак чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана (же) үлгүлөрдү алса, анын ичинде изилдөө жүргүзүү үчүн алса.
4. Бажы органына интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды алып коюу, аларга камак салуу же аларды конфискациялоону ырастоочу документ берилген же болбосо укук ээси же болбосо анын же бир нече укук ээлеринин кызыкчылыктарын билдирүүчү жак тарабынан, токтотуп коюлган товарларга карата мыйзамдуу укуктарды жана кызыкчылыктарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү сот органында чаралар көрүлүп жатканын күбөлөндүрүүчү документ бажы органына берилген учурларды кошпогондо, мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтү товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу мөөнөтү аяктагандан кийин кайра калыбына келтирилет.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер берилгенде интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүүнү токтотуп туруу мөөнөтү соттун тийиштүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин узартылат.
5. Эгерде укук ээси сот процессинин козголгондугу жөнүндө бажы органына он күндүн ичинде кабарлабаса, ташып келүүнүн калган бардык шарттары аткарылган шартта товарлар декларантка кайра кайтарып берилет.
6. Бажы органдары укук ээсинин арызы жок эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте, мүчө-мамлекеттердин интеллектуапдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине же интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук бажы реестрине киргизилбеген интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүүнү токтотуп турууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Бажы органдары укук ээсинин арызы жок эле, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте, мүчө-мамлекеттердин интеллектуапдык … камтыган товарларды чыгарып берүүнү токтотуп турууга укуктуу.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-107" title="107-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>