Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
192-берене. Укук ээсинин арыз берүүсү жана аны кароо тартиби
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 34-глава
1. Укук ээси же анын кызыкчылыгын жактоочу жак (мындан ары - арыз ээси) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда же бажы контролунда турган товарларга карата башка аракеттер жасалганда, интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын укуктары бузулушу мүмкүн же бузулду деп эсептеген учурларда, тиешелүү интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.
Арыз интеллектуалдык менчик объекттеринин бирине карата берилет.
2. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) укук ээси тууралуу, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү да тууралуу;
2) интеллектуалдык менчик объекти жөнүндө;
3) интеллектуалдык менчик объектине карата укукту Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын коргоосунун мөөнөтү жөнүндө;
4) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүшү же бажы контролунда турган товарларга карата башка аракеттердин жүргүзүлүшү укук ээсинин пикири боюнча анын укуктарынын бузулушуна алып келе турган товарлар жөнүндө;
5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык, товарлардын коддору жөнүндө алгачкы төрт белгинин деңгээлинен кем эмес түрдө.
Арызга интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун бар экенин жана ал кимге таандык экенин ырастоочу документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер), зарылдык болгон учурда - анын кызыкчылыгын коргоочу адамга укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет. Арыз ээси анын пикири боюнча интеллектуалдык менчик объектине карата укук ээсинин укугун бузуу фактысын ырастоого жарай турган товарлардын үлгүлөрүн жана (же) башка маалыматтарды арызга тиркеши мүмкүн.
3. Арызга укук ээсинин товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу декларантка, менчик ээсине, товарларды алуучуларга же башка жактарга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеси (жазуу жүзүндөгү) тиркелет.
4. Арыз ээси берген маалыматтардын туура экенин текшерүү максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан берилген маалыматты ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Суралган документтер суроо-талап алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө арызды карайт жана арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин бажы реестрине киргизүү жөнүндө же арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине суроо-талапты жөнөткөн учурда, көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт жооп алынганга чейин токтотуп турулат. Мында арызды кароонун жаппы мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш. Кабыл алынган чечим жөнүндө бул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет. Арыз ээсинен суралган документтер берилбеген учурда арыз чакыртып алынды деп эсептелет жана андан ары каралбайт, бул туурасында жазуу жүзүндө же электрондук формада арыз ээсине билдирилет.
6. Эгерде берилген документтер интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун арыз ээсине таандык экенин ырастабаса же арыз ээси анык эмес маалыматтарды берсе, интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
7. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда арыз ээси бул тууралуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
8. Товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чыгымдарды камсыздоодо арыз ээси бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектин киргизүү тууралуу чечимди алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин берүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу суммасы 7000 (жети миң) эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.
Арыз ээси интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү мөөнөтүнө камсыздандыруу келишимин берүү боюнча чараларды көрөт.
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-192" title="192-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>