Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
199-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү үчүн зарыл документтердин тизмеги
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 36-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253
1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет;
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы документтерден сырткары арыз ээси тарабынан төмөнкүдөй кошумча документтер берилет:
1) бажы өкүлү катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишими, мындай жоопкерчилик ал өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же бул жактар менен келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
б) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;
в) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга туура келишин ырастоочу документи бар кызматкерлер менен эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ;
г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга туура келишин ырастоочу документтер;
д) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;
е) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка шарттардын сакталышы жөнүндө документтер;
2) бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата кеминде эки жылдын ичинде жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырганын ырастоочу документтер;
б) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди;
в) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жүктөрдү ташуу ишине уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин бул түрүнө уруксат берүүчү документтер;
г) товарларды ташуу үчүн колдонулган транспорттук каражаттардын, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарга жооп берген транспорттук каражаттардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;
д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экенин ырастоочу документтер;
е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;
ж) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;
3) убактылуу сактоочу кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар убактылуу сактоочу кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларды кыскартууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер, ошондой эле убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына убактылуу сактоочу кампанын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишими, мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышына камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;
д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени жөнүндө документтер;
е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;
ж) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;
4) бажы кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) бажы кампасы катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларды кыскартууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер, ошондой эле бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишими (ачык типтеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган юридикалык жактар үчүн), мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;
д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экенин ырастоочу документтер;
е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;
ж) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;
5) эркин кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) эркин кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;
б) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары катталгандыгын жана салыктар боюнча карыздарынын жок экенин ырастоочу документтер;
в) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарына берилген маалыматтарды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү, товарларды эсепке алуу системасынын бар экенин ырастоочу документтер;
г) эркин кампаны түзүү максаттарын жана өбөлгөлөрүн, эркин кампаны түзүү үчүн зарыл болгон ресурстарды, ошондой эле эркин кампаны түзүү жана иштетүү боюнча уюштуруучулук иш-чараларын өзүндө камтыган, эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө техникалык-экономикалык негиздеме;
д) эркин кампанын иштөө убактысы жөнүндө жана эркин кампада жайгашкан товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен юридикалык жак бекиткен эркин кампанын иштөө схемалары;
е) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;
ж) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттууларды берүү жөнүндө милдеттенме;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;
б) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;
б) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;
в) каттоо жана чекене соода жүргүзүүгө уруксат берүү документтерин, эгерде аларды алуу милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо;
г) алымсыз соода дүкөнү катары иштөө мүмкүнчүлүгүн ырастоочу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтер;
д) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;
е) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экенин ырастоочу документтер;
ж) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер.
7) электрондук соода оператору катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) курулмалардын (орун-жайлардын, аянтчалардын) менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;
б) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун киргизилишин ырастоочу документтер;
в) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата юридикалык жакка карата банкроттук жол-жобосун козгоо фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
г) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин бир жылдын ичинде юридикалык жакты бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
д) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүгө талапкер болгон юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон, ушул юридикалык жактын акционерлери болуп саналган жеке жактарды анын уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
е) электрондук соода товарлары, мындай товарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жана мындай товарларды сатып алган жеке жактар жөнүндө электрондук документтерди жана маалыматтарды жөнөтүү максатында бажы органдарынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системанын бар экенин ырастоочу документтер;
ж) электрондук соода операторунун өкүл болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же ушул жактар менен келишимди бузуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жарандык жоопкерчилик тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган камсыздандыруу суммасына камсыздандыруу келишими;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документи бар кызматкерлер менен эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ;
и) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талапкер болгон юридикалык жактын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастоочу документтер;
к) бажы органдарынын талабы боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген форма боюнча берүү жөнүндө милдеттенме;
л) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер.
3. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган жактын жүйөлүү сурамы боюнча, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун "в" пунктчасында каралган документтер алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилгенден кийин берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
06.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер.
кошулду: 7) электрондук соода оператору катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) курулмалардын (орун-жайлардын, аянтчалардын) менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;
б) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун киргизилишин ырастоочу документтер;
в) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата юридикалык жакка карата банкроттук жол-жобосун козгоо фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
г) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин бир жылдын ичинде юридикалык жакты бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
д) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүгө талапкер болгон юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон, ушул юридикалык жактын акционерлери болуп саналган жеке жактарды анын уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
е) электрондук соода товарлары, мындай товарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жана мындай товарларды сатып алган жеке жактар жөнүндө электрондук документтерди жана маалыматтарды жөнөтүү максатында бажы органдарынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системанын бар экенин ырастоочу документтер;
ж) электрондук соода операторунун өкүл болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же ушул жактар менен келишимди бузуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жарандык жоопкерчилик тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган камсыздандыруу суммасына камсыздандыруу келишими;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документи бар кызматкерлер менен эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ;
и) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талапкер болгон юридикалык жактын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастоочу документтер;
к) бажы органдарынын талабы боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген форма боюнча берүү жөнүндө милдеттенме;
л) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер.
3. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилүүгө … кийин берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № алынып салынды: 172 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-199" title="199-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>