Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси» Кодекси
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ
2025-жылдын 23-январы № 23 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93, 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Кодексте төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) коопсуз эмгек шарттары - иштегендерге зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасири жокко чыгарылган же болбосо алардын таасиринин деңгээли ченемдер менен белгиленген деңгээлден ашпаган эмгек шарттары;
2) вахталык метод - кызматкерлердин туруктуу жашаган жерине күн сайын кайтып келүүсүн камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, эмгек процессин алардын туруктуу жашаган жеринен тышкары жүзөгө ашыруунун өзгөчө формасы;
3) зыяндуу эмгек шарттары - гигиеналык ченемдерден ашкан жана кызматкердин организмине жагымсыз таасир тийгизүүчү зыяндуу өндүрүштүк факторлордун болушу менен мүнөздөлгөн эмгек шарттары;
4) эс алуу убактысы - анын аралыгында кызматкер эмгек милдеттерин аткаруудан бош болгон жана аны өзүнүн каалоосу боюнча пайдалана ала турган убакыт;
5) зыяндуу өндүрүштүк фактор - анын таасири кызматкердин ооруп калуусуна же ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
6) кепилдиктер - кызматкерлерге социалдык-эмгек мамилелери жаатында берилген укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу каражаттар, ыкмалар жана шарттар;
7) аралыктан иштөө - эмгек функциясын аткаруу үчүн маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу шартында жана аны аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн иш берүүчү жайгашкан жерден тышкары жерде эмгек келишиминде аныкталган эмгек функциясын аткаруу;
8) чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди чет мамлекеттердеги же чет өлкөдө жайгашкан эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органына жана мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө иштөөгө иш сапарына жиберүү;
9) дуалдык окутуу жөнүндө келишим - практикалык окутуудан өтүү үчүн жумуш ордун берүүчү окутуучу ишкана менен билим берүү уюмунун ортосундагы дуалдык окутууну ишке ашыруунун шарттарын жана тартибин регламенттөөчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
10) кесиптик даярдоо келишими - иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн атайын келишим, ага ылайык кызматкер кесиптик квалификацияны алуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн иш берүүчү тарабынан уюштурулган кесиптик даярдоо курсунан өтүүгө милдеттенет;
11) дуалдык окутуу - билим берүү уюмунда теориялык материалды үйрөнүүнүн жана базалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн, практикалык көндүмдөрдү бекемдөөнүн, билим берүү уюмунун, билим алуучунун жана иш берүүчүнүн бирдей жоопкерчилиги менен жумуш ордунда кесиптик тажрыйбага ээ болуунун үзгүлтүксүз циклин камсыз кылуучу окутуунун түрү;
12) иш таштоо - жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүү максатында кызматкерлердин эмгек милдеттерин (толук же жарым-жартылай) аткаруудан убактылуу ыктыярдуу баш тартуусу;
13) эмгек акы - эмгектин татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр эмгек акыга кошуп эсептелүүчү райондук коэффициентти кошпогондо абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет;
14) квалификация - белгиленген үлгүдөгү документтер менен тастыкталуучу кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
15) квалификациялык разряд - кызматкердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин чагылдыруучу чоңдук;
16) жамааттык келишим - уюмдагы социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуучу, кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн атынан алардын өкүлдөрүнүн ортосунда жазуу жүзүндө түзүлүүчү локалдуу ченемдик акт;
17) жамааттык эмгек талаш-тартышы - эмгек шарттарын (эмгек акыны кошкондо) белгилөө жана өзгөртүү, жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле уюмдарда эмгек укугунун ченемдерин камтыган актыларды макулдашууда жана кабыл алууда кызматкерлердин шайлануучу өкүлчүлүктүү органынын пикирин эске алуудан иш берүүчүнүн баш тартуусуна байланыштуу, кызматкерлер (алардын өкүлдөрү) менен иш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн) ортосундагы жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер;
18) бириктирип аралыктан иштөө - эмгек келишиминде аныкталган эмгек функциясын иш берүүчүнүн жайгашкан жери боюнча, ошондой эле аралыктан иштөө аркылуу да аткаруу;
19) компенсациялар - кызматкерлердин алар тарабынан эмгек же мыйзамда каралган башка милдеттерди аткаруусу менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруу максатында белгиленген акчалай төлөмдөр;
20) компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) билимдердин жана көндүмдөрдүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;
21) компетенттүү иштин критерийлери - белгилүү бир эмгек функцияларын талаптарга жана ченемдерге ылайык аткаруунун натыйжаларын баяндоо;
22) төмөнкү эмгек акы (эмгек акы төлөөнүн төмөнкү өлчөмү) - ченемдүү эмгек шарттарында жөнөкөй иштерди аткарууда жумуш убактысынын ченемин толук иштеп бүткөн квалификациялуу эмес кызматкердин эмгеги үчүн бир айлык эмгек акынын мыйзам тарабынан кепилденген өлчөмү;
23) жамааттык эмгек талаш-тартыштары башталган учур - кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) талаптарынын бардыгын же бир бөлүгүн четке кагуу жөнүндө иш берүүчүнүн (анын өкүлүнүн) чечими билдирилген же иш берүүчү (анын өкүлү) ушул Кодекстин 249-беренесине ылайык өзүнүн чечимин билдирбеген күн, ошондой эле жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү пикир келишпестиктердин протоколу түзүлгөн дата;
24) насаатчы - өндүрүштүн технологияларын билген, өндүрүштүк жана практикалык окутуу мезгилинде окуп жатканды тескеген ишкананын квалификациялуу кызматкери;
25) квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана шайкештикти ырастоо жана квалификацияны ыйгаруу тутуму үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн баяндоосу;
26) квалификациялардын улуттук тутуму - өзүнө квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу жол-жоболорун, квалификацияларды баалоо тутумдарын, билим берүү уюмдарын жана программаларды камтуучу билим берүү жана эмгек рыногу чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү механизмдердин жыйындысы;
27) өндүрүштүк кооптуу фактор - анын таасири кызматкердин жаракат алуусуна, ден соолугунун капысынан кескин начарлашына же өлүмүнө алып келүүсү мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
28) кооптуу эмгек шарттары - таасир этүү деңгээли кызматкердин өмүрүнө коркунуч жаратууга жөндөмдүү болгон жана мындай факторлордун таасир этүүсүнүн кесепетинен эмгекке жарамдуулугун жоготуу, кесиптик оору же өлүм келип чыгуусу мүмкүн болгон кызматкерге зыяндуу жана (же) өндүрүштүк кооптуу факторлор таасир этүүчү эмгек шарттары;
29) эмгек акы төлөө - иш берүүчү тарабынан кызматкерлерге алардын эмгеги үчүн төлөмдөрдү мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге, макулдашууларга, локалдык ченемдик актыларга жана эмгек келишимдерине ылайык белгилөөнү жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу менен байланышкан мамилелердин тутуму;
30) эмгекти жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү - бир эле маселелер боюнча жалпы эрежелерди колдонууну жарым-жартылай чектөөчү же болбосо кызматкерлердин айрым категориялары үчүн кошумча эрежелерди кароочу ченемдер;
31) эмгек өргүүсү - кызматкердин жумуш ордун (кызмат ордун) жана эмгек акысын сактоо менен ага жыл сайын эс алууну же социалдык максаттарды берүү үчүн белгилүү аныкталган бир мезгилге иштен бошотуу;
32) квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү бир тармактагы (сектордогу) квалификациялардын мазмундарын деңгээлдери боюнча тутумдуу жана түзүмдөлгөн баяндоо;
33) эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка иш-чараларды камтуучу эмгектенүү процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо тутуму;
34) башка ишке которуу - кызматкердин эмгек функциясынын туруктуу же убактылуу өзгөрүшү;
35) кесиптик кайра даярдоо - башка кесипти же адистикти алууга мүмкүндүк берүүчү кесиптик окутуунун формасы;
36) квалификацияны жогорулатуу - мурда ээ болгон кесиптик билимди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү колдоого, кеңейтүүгө, тереңдетүүгө жана өркүндөтүүгө мүмкүндүк берүүчү кесиптик окутуунун формасы;
37) өндүрүштүк иш - кызматкерлердин ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн зарыл болгон, өзүнө чийки заттын ар кандай түрлөрүн өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү, курулушту, кызматтардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүнү камтыган эмгек каражаттарын колдонгон аракеттеринин жыйындысы;
38) практикалык окутуу - билим берүү уюмдарынын жана (же) ишканалардын (уюмдардын) базасында практикалык көндүмдөргө ээ болууга багытталган окутуу;
39) жараштыруу жол-жоболору - жамааттык эмгек талаш-тартышын ортомчунун катышуусу менен жараштыруучу комиссия тарабынан чечүү максатында кароо;
40) мажбурлап иштетүү - кандайдыр бир зомбулук колдонуу менен жумушту аткарууга мажбурлоо;
41) кесиптик даярдоо - белгилүү бир ишти, иштердин тобун аткаруу үчүн зарыл болгон билимге, билгичтикке жана көндүмдөргө ээ болуу процесси;
42) кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
43) өндүрүштүк жаракат - кызматкердин иштеген жерине, убактысына жана тартылуу даражасына карабастан, анын өндүрүштүк ишине байланыштуу алган кандай болбосун жаракат;
44) кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген жеке жак;
45) иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген жеке же юридикалык жак (уюм). Мыйзамдарда белгиленген учурларда эмгек келишимдерин түзүүгө укук берилген башка субъект иш берүүчү катары чыга алат;
46) жумуш убактысы - кызматкер ички эмгек тартибинин эрежелерине же иш графигине, же болбосо эмгек келишиминин шарттарына ылайык өзүнүн эмгек милдеттерин аткарган убакыт;
47) жумуш орду - кызматкер болууга тийиш болгон же анын ишине байланыштуу келүүгө тийиш болгон жана иш берүүчүнүн түз же кыйыр контролунда турган жер;
48) жумуш жылы - узактыгы боюнча календардык жылга барабар, бирок ар бир кызматкер үчүн ишке кабыл алынган күндөн тартыл эсептелүүчү убакыт аралыгы;
49) ченемден ашык иштөө - кызматкер үчүн белгиленген (нормалдуу) жумуш убактысынын узактыгынан тышкары иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкер тарабынан аткарылуучу иш;
50) кызматтык иш сапары - иш берүүчүнүн тескемеси боюнча кызматкердин кызматтык тапшырманы аткаруу үчүн туруктуу иштеген жеринен тышкары белгилүү бир мөөнөткө барышы;
51) айкалыштыруу - кызматкердин негизги ишинен бош убактысында эмгек келишиминин шарттарында башка үзгүлтүксүз акы төлөнүүчү жумушту аткаруусу;
52) макулдашуу - республикалык, тармактык (тармактар аралык) жана аймактык деңгээлдеги кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосунда алардын компетенциясынын чегинде түзүлүүчү, социалдык-эмгек мамилелерин жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү ченемдик акт;
53) социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелери жаатындагы саясатты, ошондой эле иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтердин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин жана кесиптик бирликтердин өз ара аракеттенүүсү, мында мамлекет тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн параметрлерин аныктайт;
54) жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге өндүрүштүк зыяндуу же кооптуу факторлордун таасирин болтурбоого же азайтууга, ошондой эле булгануудан коргоого багытталган каражаттар (атайын бут кийим, атайын кийим, диэлектр кол кабы жана шайман, сактоочу кур, коргоочу көз айнек жана башкалар);
55) такшалма - бул иш тажрыйбасына ээ болуу же адистиги боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча иш;
56) ишти тарифтөө - эмгектин татаалдыгына жараша анын түрлөрүн тарифтик разряддарга же квалификациялык категорияларга киргизүү;
57) тарифтик торчо - иштин татаалдыгына жана кызматкерлердин квалификациялык мүнөздөмөлөрүнө жараша тарифтик коэффициенттердин жардамы менен аныкталган иштердин (кесиптердин, кызмат орундарынын) тарифтик разряддарынын жыйындысы;
58) тарифтик тутум - анын жардамы менен кызматкерлердин ар түрдүү категорияларынын эмгек акыларын дифференциациялоону жүзөгө ашыруучу ченемдердин жыйындысы;
59) тарифтик ставка (маяна) - убакыт бирдигинде белгилүү татаалдыктагы (квалификациядагы) эмгек ченемдерин (эмгек милдеттерин) аткаргандыгы үчүн кызматкердин эмгек акысынын белгиленген өлчөмү;
60) эмгек стажы - эмгек келишиминин же башка мыйзамдуу негиздердин негизинде адам эмгек функцияларын аткарган мезгилдердин жыйындысы, анын ичинде ар жылдык акы төлөнүүчү эмгек өргүүлөрүнүн, бала багуу боюнча өргүүлөрдүн, убактылуу эмгекке жарамсыздыктын мезгилдерин жана мыйзам тарабынан эмгек стажына эсептелүүчү катары таанылган башка мезгилдердин камтыйт. Эмгек стажына иш берүүчү тарабынан белгиленген келишим таризделген жана эмгек функцияларын аткарган шартта такшалмадан өткөн мезгилдер да киргизилет;
61) эмгек талаш-тартыштары - бул кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) жана иш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн) ортосундагы эмгек шарттарын (эмгек акыны кошуп алганда) белгилөө жана өзгөртүү, ошондой эле жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле эмгек укугу боюнча ченемдик актыларды макулдашууда жана кабыл алууда кызматкерлердин шайлануучу өкүлчүлүктүү органынын пикирин эске алуудан иш берүүчүнүн баш тартуусуна байланыштуу талаш-тартыштар;
62) тарифтик разряд - эмгектин татаалдыгын жана кызматкердин квалификациясын чагылдыруучу чоңдук;
63) эмгек келишими - кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу, ага ылайык иш берүүчү кызматкерге шартталган эмгек функциялары боюнча иш берүүгө, ушул Кодексте, мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде, макулдашууларда, эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актыларда каралган эмгек шарттарын камсыз кылууга, кызматкерге эмгек акысын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөп берүүгө милдеттенет, ал эми кызматкер ички эмгек тартибине баш ийүү менен белгилүү кесип (адистик), квалификация же кызмат орду боюнча ишти жеке өзү аткарууга милдеттенет;
64) эмгек китепчеси - кызматкердин эмгектенүүсү жана эмгек стажы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү негизги документ;
65) эмгек мамилелери - эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде, макулдашууларда, эмгек келишиминде каралган эмгек шарттарын иш берүүчү камсыз кылган учурда ички эмгек тартибине баш ийүү менен кызматкердин акы төлөө үчүн эмгек функциясын (белгилүү бир адистик, квалификация же кызмат орду боюнча ишти) жеке аткарышы жөнүндө кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы мамилелер;
66) эмгектин оор шарттары - оор нерселерди дайыма кол менен жылдыруу, которуу жана көтөрүү менен байланышкан жана дене бойго күч келишин (кызматкерден) талап кылган эмгек шарттары;
67) эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасир этүүчү өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин факторлорунун жыйындысы;
68) башка социалдык төлөмдөр - менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан калкты материалдык (акчалай) камсыз кылуунун эмгек мыйзамдарында белгиленген, формалары, аларга эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, компенсациялар жана бир жолку жөлөкпулдар кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери
1. Эмгек мыйзамдарынын максаттары болуп жарандардын эмгек укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, эмгектин жагымдуу шарттарын түзүү, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо саналат. Эмгек мыйзамдары эмгек мамилелеринин тараптарынын кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын оптималдуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Эмгек мыйзамдарынын негизги милдеттери эмгек жана ага түздөн-түз байланышкан төмөнкү мамилелерин укуктук жөнгө салуу болуп саналат:
1) эмгекти уюштуруу жана эмгекти башкаруу боюнча;
2) бул иш берүүчүдө ишке орноштуруу боюнча;
3) түздөн-түз бул иш берүүчүдө кадрларды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;
4) иш берүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүк, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча;
5) мыйзамда каралган учурларда кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү органдарынын эмгек шарттарын белгилөөгө жана эмгек мыйзамдарын колдонууга катышуусу боюнча;
6) иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин эмгек чөйрөсүндөгү материалдык жоопкерчилиги боюнча;
7) эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча;
8) эмгек талаш-тартыштарын чечүү боюнча.
3-берене. Эмгек жана ага түздөн-түз байланышкан эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери Эмгек жана ага түздөн-түз байланышкан эмгек мамилелерин укуктук жактан жөнгө салуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) ар бир жаран эркин тандап алган же эркин макул болгон эмгекке болгон укук, анын ичинде өзүнүн эмгекке жөндөмдүүлүгүн тескөө жана кесипти жана иштин түрүн тандоо укугу;
2) эмгек эркиндиги;
3) эмгеги үчүн сый акы алуу укугу;
4) мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу;
5) эмгек чөйрөсүндө басмырлоого тыюу салуу;
6) балдар эмгегинин эң начар формаларына тыюу салуу;
7) иштен негизсиз бошотуудан коргоо;
8) ишке орноштурууга көмөктөшүү жана жумушсуздуктан социалдык коргоо укугун камсыз кылуу;
9) коопсуздук талаптарына, санитардык ченемдерге жана гигиеналык эрежелерге жооп берген шарттарда эмгекке болгон укукту камсыз кылуу;
10) эмгек келишимине ылайык эмгек үчүн, бирок мыйзамда белгиленген минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн болбогон сый акы алуу укугун камсыз кылуу;
11) эс алуу укугун камсыз кылуу;
12) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугун камсыз кылуу;
13) өндүрүштө кызматкердин кесиптик өсүшүнө, кадрларды даярдоого көмөктөшүү;
14) ушул Кодексте жана башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жекече жана жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүү укугун камсыз кылуу;
15) кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө, алардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу;
16) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекет тарабынан, анын ичинде сот тартибинде коргоону камсыз кылуу;
17) эмгек мамилелери чөйрөсүндө өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана алардын сакталышына коомдук контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн кызматкерлердин кесиптик бирликтерин жана башка өкүлчүлүктүү органдарын түзүү укугун кошуп алганда, биригүүгө укукту камсыз кылуу;
18) эмгек мамилелери чөйрөсүндө өздөрүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдүн биригүүгө укугун камсыз кылуу;
19) кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин эмгек укугунун мамилелерин жөнгө салууга катышуусу.
4-берене. Эмгек мыйзамдары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар. Эл аралык укуктун ченемдери
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошуп алганда, жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар: ушул Кодекс, башка мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актылар менен жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдер жана эл аралык укуктун башка ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги бөлүгү болуп саналат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, макулдашууларда, жамааттык келишимдерде каралганга караганда кызматкер үчүн кыйла жагымдуураак эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Кодекс менен кызматкерлердин абалын начарлатуучу ченемдерди камтыган башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.
Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары менен макулдашуу боюнча эмгек укугунун ченемдерин камтыган актыларды кабыл алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Иш берүүчү тарабынан кабыл алынган эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актылар
1. Иш берүүчү өз компетенциясынын чегинде мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге, макулдашууларга ылайык эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдык ченемдик актыларды кабыл алат.
2. Иш берүүчүнүн актылары кагаз жүзүндө жана/же электрондук санариптик кол тамга аркылуу ырасталган электрондук документ түрүндө таризделет.
3. Ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде каралган учурларда иш берүүчү эмгек укугунун ченемдерин камтуучу локалдык ченемдик актыларды кабыл алууда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу жүргүзөт.
4. Эмгек мыйзамдарына, жамааттык келишимге, макулдашууларга салыштырмалуу кызматкерлердин абалын начарлатуучу же ушул Кодексте каралган кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуунун тартибин сактабастан кабыл алынган локалдуу ченемдик актылар жараксыз болуп саналат. Мындай учурларда эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар колдонулат.
6-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Кодекс, эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар иш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөн бардык кызматкерлерге жайылтылат.
2. Ушул Кодекс, эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык иш берүүчүлөр (юридикалык жана жеке жактар) тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткаруу үчүн милдеттүү.
3. Сот тартибинде же болбосо эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик инспектор тарабынан инспекциялык текшерүүнүн жүрүшүндө иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы иш жүзүндөгү эмгек мамилелери жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим менен жөнгө салынаары белгиленген учурларда, аларга эмгек мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
4. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ушул Кодексти колдонуунун өзгөчөлүктөрү ушул Кодекстин 7-беренеси жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка мыйзамдар менен аныкталат.
5. Кызматкерлердин айрым категорияларынын (уюмдардын жетекчилеринин, мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын, айкалыштырып иштеген адамдардын, аялдардын, жаштардын жана башкалардын) эмгегин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында адамдардын эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Ушул Кодекс, эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар төмөнкү адамдарга: аскердик кызматты өтөө мезгилинде аскер кызматчыларына; ушул Кодекстин 248-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу тутумунун жана башка укук коргоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга; уюмдардын директорлор кеңештеринин (байкоочу кеңештеринин) мүчөлөрүнө (ушул уюм менен эмгек келишимин түзгөн адамдарды кошпогондо); жарандык-укуктук мүнөздөгү (подряд, тапшырма жана башка) келишим боюнча иштеген адамдарга; мыйзамда белгиленген учурларда башка адамдарга, эгерде ушул Кодексте белгиленген тартипте алар бир эле учурда иш берүүчү же алардын өкүлү катары чыкпаса, жайылтылбайт.
Эскертүү. Укук коргоо органдары деп "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган ыйгарым укуктуу органдар түшүнүлөт.
7-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга таандык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонуу
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, ушул Кодекс, эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдарда иштеген чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында же эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уюмдаштыруучулары же менчик ээлери (толук же жарым-жартылай) чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактар (анын ичинде трансулуттук корпорациялардын туунду уюмдары) болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдардын кызматкерлерине эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жайылтылат.
3. Ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары мындай уюмдардын чет өлкөлүк кызматкерлери менен катар бирдей баалуулуктагы эмгеги үчүн бирдей акы алууга укуктуу.
8-берене. Эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди келишимдик тартипте жөнгө салуу
1. Ушул Кодекс эмгек келишимине негизделген эмгек мамилелелерин, ошондой эле төмөнкүлөр менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат:
1) өндүрүштө кызматкерлерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
2) кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча кесиптик бирликтердин же башка өкүлчүлүктүү органдардын иши;
3) социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин иши;
4) жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;
5) кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы уюмдардын деңгээлиндеги өз ара мамилелер;
6) ишке орноштурууну камсыз кылуу;
7) эмгек жөнүндө, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө;
8) жекече жана жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо.
2. Жамааттык келишимдер, макулдашуулар, ошондой эле эмгек келишимдери кызматкерлердин эмгек мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана кепилдиктерин начарлатуучу шарттарды камтый албайт. Эгерде мындай шарттар жамааттык келишимге, макулдашууга же эмгек келишимине киргизилсе, анда алар колдонулбайт.
3. Кооперативдерге, ишканаларга жана шериктештиктерге мүчөлүккө негизделген эмгек жана алар менен байланышкан мамилелер алардын уставдарында көрсөтүлгөн, бирок эмгек мыйзамдарына каршы келбеген өзгөчөлүктөр менен ушул Кодекс менен жөнгө салынат.
9-берене. Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого жол бербөө
1. Ар ким өзүнүн эмгек укуктарың жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө ээ.
2. Эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, курагына, жашаган жерине, динге болгон мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына же таандык эместигине, соттолгондугуна (эмгек боюнча өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган чектөөлөрдөн тышкары), ошондой эле кызматкердин ишкердик сапаттарына жана анын эмгегинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга жараша эмгек укуктары жана эркиндиктери чектелиши же аларды ишке ашырууда кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн эмес.
3. Бирдей баалуулуктагы эмгек үчүн бирдей эмес эмгек акы төлөөгө жол берилбейт.
4. Мыйзамдарда белгиленген, эмгектин конкреттүү түрүнө мүнөздүү болгон талаптар менен аныкталган же болбосо жогорку социалдык жана укуктук коргоого муктаж болгон адамдар жөнүндө мамлекеттин өзгөчө камкордугу менен шартталган айырмачылыктарды, алып салууларды, артыкчылыктарды жана чектөөлөрдү белгилөө басмырлоо болуп саналбайт.
5. Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого, анын ичинде эмгек чөйрөсүндө зомблукка, ыдык көрсөтүүгө, куугунтукка дуушар болду деп эсептелген адамдар бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
10-берене. Мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу
1. Мажбурлап иштетүүгө, башкача айтканда, кандайдыр бир зомбулук таасирди колдонууга коркутуу менен жумушту аткарууга мажбурлоого тыюу салынат, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
1) аскердик милдет жана аскердик кызмат же аны алмаштыруучу альтернативдик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен шартталган иштерди аткаруу;
2) өзгөчө кырдаалдардын шарттарында, тактап айтканда, өзгөчө же согуштук абал, кырсык же кырсык коркунучу (өрт, суу ташкыны, ачарчылык, жер титирөө, катуу эпидемия же эпизоотия) жарыяланган учурларда, ошондой эле бүткүл калктын же анын бир бөлүгүнүн өмүрүнө же ченемдүү жашоо шарттарына коркунуч туудурган башка учурларда жумушту аткаруу;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнөн улам сот өкүмдөрүн аткарууда мыйзамдарды сактоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө жумушту аткаруу.
2. Балдар эмгегинин эң начар формаларын пайдаланууга тыюу салынат.
11-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын мөөнөтүндө колдонулушу
1. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт анда же ушул актыны колдонууга киргизүүнүн тартибин аныктоочу башка актыда көрсөтүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт өзүнүн колдонулушун төмөнкүлөргө байланыштуу токтотот:
1) анын колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө;
2) ошол эле маселе боюнча бирдей же жогорку юридикалык күчкө ээ болгон башка актынын күчүнө киришине;
3) бирдей же андан жогорку юридикалык күчкө ээ болгон акт менен бул актынын жокко чыгарылышына (күчүн жоготту деп танууга).
3. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт өткөн мезгилге карата колдонулбайт жана ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.
4. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге ушул актыда түздөн-түз каралган учурларда гана жайылтылат.
5. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерде көрсөтүлгөн мыйзам же акт аны колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.
12-берене. Ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдү эсептөө
1. Эмгек укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгуу же токтотуу мөөнөтү эмгек мамилелердин башталышы же токтотулушу аныкталган календардык датадан башталат.
2. Жылдар, айлар, жумалар менен эсептелүүчү мөөнөттөр мөөнөттүн акыркы жылынын, айынын, жумасынын тиешелүү күнүндө аяктайт. Календардык жумаларда же күндөрдө эсептелүүчү мөөнөткө жумуш эмес күндөр да киргизилет.
3. Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, анда мөөнөттүн аяктаган күнү болуп андан кийинки биринчи жумуш күнү эсептелет.
2-глава. Эмгек мамилелеринин келип чыгуу негиздери. Эмгек мамилелеринин тараптары
13-берене. Эмгек мамилелеринин келип чыгуу негиздери
1. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилелери ушул Кодекске ылайык алар тарабынан түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.
2. Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же уюмдун уставында (жобосунда) белгиленген учурларда жана тартипте эмгек мамилелери келишим түзүлгөнгө чейинки эмгек келишиминин жана төмөнкү башка актылардын негизинде келип чыгат:
1) кызмат ордуна тандоо (шайлоо);
2) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандоо;
3) кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордуна бекитүү;
4) белгиленген квотанын эсебинен ыйгарым укуктуу мыйзам органдары тарабынан ишке жөнөтүү;
5) эмгек келишимин түзүү жөнүндө соттун чечими;
6) тиешелүү түрдө таризделген эмгек келишиминин бар болгондугуна карабастан иш берүүчүнүн же анын өкүлүнүн билими менен же тапшырмасы боюнча иштөөгө иш жүзүндө жол берилген;
7) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык жаш курагы боюнча пенсионерлер менен мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү.
3. Эгерде тандоо (шайлоо) актысынан кызматкердин белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу милдети келип чыкса, эмгек мамилелери кызмат ордуна тандоо (шайлоо) жөнүндө актынын жана эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.
4. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда, уюмдун уставында (жобосунда) же иш берүүчүнүн башка локалдуу ченемдик актысында конкурс боюнча ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги жана бул кызмат орундарына конкурстук шайлоонун тартиби аныкталса, эмгек мамилелери конкурс боюнча тандоо актысынын жана эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.
5. Эмгек мамилелери мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда же уюмдун уставында (жобосунда) каралган учурларда кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордуна бекитүү жөнүндө актынын жана эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.
14-берене. Эмгек мамилелеринин тараптары жана субъекттеринин түрлөрү
1. Эмгек мамилелеринин тараптары кызматкер жана иш берүүчү болуп саналат.
2. 16 жашка толгон адам кызматкер болушу мүмкүн. Өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы же болбосо эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 15 жашка толгон адам ишке кабыл алынышы мүмкүн.
3. 14 жашка толгон окуучулар ата-энелеринин биринин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) же камкорчу жана көзөмөлчү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен окуудан бош убактысында ден соолукка зыян келтирбеген жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган жеңил эмгекти аткаруу үчүн эмгек келишимин түзө алышат.
4. Ата-энесинин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) макулдугу жазуу жүзүндө таризделет, мында ата-энеси (камкорчу, көзөмөлчү) жашы жете элек бала менен катар эмгек келишимине кол коёт.
5. Эмгек мамилелеринде иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери: иш берүүчү болуп саналган жеке жак; юридикалык жактын (уюмдун) башкаруу органдары же мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, юридикалык жактын (уюмдун) уюштуруу документтеринде жана локалдык ченемдик актыларда белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчик ээси (уюштуруучу) тарабынан толук же жарым-жартылай каржыланган мекемелердин эмгек мамилелеринен келип чыгуучу милдеттенмелери боюнча менчик ээси (уюштуруучу) мыйзамда белгиленген тартипте кошумча жоопкерчиликти тартат.
6. Жеке эмгек мамилелеринин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кызматкер;
2) иш берүүчү.
7. Жамааттык эмгек мамилелеринин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы (кесиптик бирлик, бириккен өкүлчүлүктүү орган, кызматкерлер кеңеши жана башкалар);
2) иш берүүчүлөрдүн бирикмеси:
3) эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка мыйзамдарда каралган учурларда башка субъекттер.
15-берене. Кызматкердин негизги укуктары жана милдеттери
1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;
2) ага эмгек келишими менен шартталган жумуш жана эмгек акы берүүгө;
3) зыяндуу жана кооптуу факторлордун таасиринен корголгон жумуш ордуна, жумуш ордунда эмгекти коргоо шарттарынын жана талаптарынын абалы жөнүндө маалыматка;
4) өзүнүн квалификациясына, аткарылган иштин көлөмүнө жана сапатына ылайык эмгек акыны өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө;
5) ушул Кодексте аныкталуучу төмөн эмес өлчөмдө анын күнөөсү боюнча эмес иштебей токтоп калууга акы төлөөгө;
6) бир катар кесиптер, иштер жана кызматкерлердин айрым категориялары үчүн жумуш убактысынын чектүү узактыгын, кыскартылган жумуш күнүн белгилөө, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумуш эмес майрам күндөрүн, ошондой эле жыл сайын акы төлөнүүчү эмгек өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;
7) биригүүгө, анын ичинде өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерди жана кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарын түзүү укугуна;
8) өкүлдөр аркылуу жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык макулдашууларга кирүүгө;
9) ушул Кодексте жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;
10) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттүү социалдык камсыздандырууга;
12) мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген кепилдиктердин жана компенсациялардын берилишине;
13) соттук коргоого укугун кошуп алганда, мыйзамдарда каралган ыкмаларды колдонуу менен өзүнүн эмгек укуктарын жана эркиндиктерин коргоого;
14) жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жеке маалыматтарды коргоого.
2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эмгек келишиминде ага жүктөлгөн өзүнүн эмгек милдеттерин ак ниет аткарууга;
2) уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;
3) белгиленген эмгек ченемдерин аткарууга;
4) эмгекти коргоо жана өндүрүштүн коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын сактоого;
5) иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин мүлкүнө аяр мамиле жасоого;
6) эмгек келишимине ылайык ага ишенип берилген мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
7) адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин мүлкүнүн сакталышына коркунуч туудурган кырдаал жөнүндө, ошондой эле иштебей токтоп туруп калуулардын келип чыгышы жөнүндө иш берүүчүгө билдирүүгө.
16-берене. Иш берүүчүнүн негизги укуктары жана милдеттери
1. Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте, башка мыйзамдарда белгиленген тартипте жана негиздер боюнча кызматкерлер менен эмгек келишимдерин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;
2) эмгекти уюштурууга багытталган локалдуу ченемдик актыларды кабыл алууга;
3) жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө;
4) өкүлчүлүк кылуу жана өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин түзүүгө жана ага кирүүгө;
5) кызматкерлерди сыйлоого;
6) кызматкерлерден эмгек келишиминин жана уюмда иштеген эмгек тартибинин шарттарын аткарууну талап кылууга;
7) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматкерлерди тартиптик жана материалдык жоопкерчиликке тартууга;
8) өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылууга.
2. Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, локалдык ченемдик актыларды, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана эмгек келишимдеринин шарттарын сактоого;
2) кызматкерге эмгек келишиминде шартталган ишти берүүгө;
3) кызматкерлерге бирдей баадагы эмгеги үчүн бирдей акы төлөөнү камсыз кылууга;
4) кызматкерге эмгек акыны өз убагында жана толук көлөмдө төлөп берүүгө;
5) эмгекти уюштурууга багытталган локалдык ченемдик актыларды (жоболорду, нускамаларды, буйруктарды) жана уюмдун нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон башка актыларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
6) жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди түзүү, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды кызматкерлердин өкүлдөрүнө берүүгө;
7) ушул Кодексте белгиленген тартипте жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле жамааттык келишим түзүүгө;
8) уюмда эмгек коопсуздугун жана эмгекти коргоонун жана санитардык (гигиеналык) ченемдердин талаптарына жооп берген шарттарды камсыз кылууга;
9) кызматкерлерди эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, инструменттер, техникалык документтер жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;
10) мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын жазма буйруктарын өз убагында аткарууга, ошондой эле эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн салынган айып пулдарды төлөөгө;
11) Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлерди милдеттүү социалдык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга;
12) ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана шарттарда эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле моралдык зыянды компенсациялоого;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте эмгек шарттарын жана эмгек акысын көрсөтүү менен ар бир жаны түзүлгөн же бошогон жумуш орду (бош орун) жөнүндө кулактандырууну ишке орноштурууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштырууга;
14) ушул Кодексте, эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда жана эмгек келишимдеринде каралган башка милдеттерди аткарууга.
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ
3-глава. Эмгек келишими
17-берене. Эмгек келишиминин мазмуну
1. Эмгек келишиминин мазмуну ушул Кодексте каралган талаптарды сактоо менен тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
2. Эмгек келишими милдеттүү катары төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) эмгек келишимин түзүү датасы жана орду;
2) тараптардын реквизиттери:
а) иш берүүчүнүн - юридикалык жактын толук аталышы, анын жайгашкан жери, уюштуруу документтерин мамлекеттик каттоонун номери жана датасы;
б) эгерде иш берүүчү - жеке жак болгон учурда, иш берүүчүнүн (анын өкүлүнүн) фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду, анын туруктуу жашаган жеринин дареги, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин аталышы, номери, берилген күнү;
в) кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, анын, жеке идентификациялык номери;
3) иш аткарыла турган жумуш орду. Аралыктан иштөөдө жумуш орду көрсөтүлбөйт;
4) уюмдун штаттык ырааттамасына ылайык квалификациясын көрсөтүү менен кызмат орду, адистигинин, кесибинин аталышы же конкреттүү эмгек функциясы;
5) иштин башталыш датасы;
6) эмгек келишиминин колдонулуу мөөнөтү;
7) иштөө режими;
8) кызматкердин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери;
9) эмгек акы төлөө шарттары (анын ичинде кызматкердин тарифтик ставкасынын же кызматтык маянасынын өлчөмү, кошумча акылар, үстөктөр жана кызыктыруучу төлөмдөр, оор, кооптуу жана зыяндуу эмгек шарттары үчүн компенсацияларды төлөө);
10) эмгек шарттарынын так мүнөздөмөлөрү, оор, зыяндуу же кооптуу шарттарда иштегендиги үчүн кызматкерлерге компенсациялар жана жеңилдиктер;
11) тараптардын кол тамгалары.
3. Эмгек келишиминде сыноо мөөнөтүн белгилөө жөнүндө, мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарбоо жөнүндө, эгерде окутуу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жана/же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсө жана эмгек келишими кызматкердин демилгеси боюнча белгиленген мөөнөт өткөнгө чейин токтотулса, анда ал окугандан кийин келишимде белгиленгенден кем эмес мөөнөт иштеп берүүгө же чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүүлүгү жөнүндө, ошондой эле ушул Кодекске, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге жана макулдашууларга салыштырмалуу кызматкердин абалын начарлатпаган башка шарттар каралышы мүмкүн.
4. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, эмгек келишиминин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча гана жана жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү мүмкүн.
5. Мөөнөттүү эмгек келишими түзүлгөн учурда анын колдонулуу мөөнөтү жана аны түзүүнүн негизи көрсөтүлөт.
6. Тараптардын макулдашуусу боюнча уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы эсепчиси менен эмгек келишимин түзүүдө ушул Кодексте каралгандардан тышкары эмгек келишимин бузуунун кошумча негиздери белгилениши мүмкүн.
18-берене. Эмгек келишиминин мөөнөтү жана эмгек келишиминде шартталбаган иштерди аткарууну талап кылууга тыюу салуу
1. Эмгек келишимдери төмөнкүдөй түзүлөт:
1) белгисиз мөөнөткө;
2) эгерде ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе, 5 жылдан ашпаган белгилүү мөөнөткө (мөөнөттүү эмгек келишими).
2. Мөөнөттүү эмгек келишими мыйзамдарда каралган учурларда, ошондой эле эмгек мамилелери белгисиз мөөнөткө белгилениши мүмкүн болбогон учурларда, алдыда боло турган иштин мүнөзүн жана шарттарын, анын ичинде төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлөт:
1) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкы эсепчилери менен;
2) мыйзамдарга ылайык жумуш орду сакталып турган убактылуу жок болгон кызматкерди алмаштыруу үчүн;
3) убактылуу (2 айга чейин), ошондой эле табигый шарттарга байланыштуу жумуш белгилүү бир мезгил убактысынын (сезонунун) ичинде гана жүргүзүлүүсү мүмкүн болгон мезгилдүү жумуштардын аткаруу убагына;
4) күтүлбөгөн кырсыктардын, авариялардын. кыйроолордун алдын алуу жана алардын кесепеттерин жана башка өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн;
5) уюмдун адаттагы ишинин алкагынан тышкары иштерди жүргүзүү үчүн (реконструкциялоо, монтаждоо жана ишке киргизүү-жөндөө иштери, аудит), ошондой эле өндүрүштү же көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүн билип туруп убактылуу (1 жылга чейин) кеңейтүүгө байланыштуу иштерди жүргүзүү үчүн;
6) уюмдарга ишке кирген адамдар менен уюм түзүлгөн күндөн тартып 1 жылдын ичинде саны 15ке чейинки чакан жана орто ишкердиктин субъекттери, ошондой эле иш берүүчү-жеке жактарга карата;
7) чет өлкөгө ишке жиберилген адамдар менен;
8) белгилүү бир убакыт аралыгына же белгилүү бир ишти аткаруу үчүн түзүлгөн уюмдарга ишке орношуп жаткан адамдар менен;
9) эгерде аны аткаруу (аяктоо) конкреттүү бир дата менен аныкталышы мүмкүн болбогон учурларда, белгилүү бир жумушту аткаруу үчүн кабыл алынган адамдар менен;
10) кызматкердин такшалмасы жана кесиптик окуусу менен түздөн-түз байланышкан иштер үчүн;
11) окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан адамдар менен;
12) ошол уюмда айкалыштыруу боюнча иштеген адамдар менен;
13) мыйзамдарда же ченемдик актыларда белгиленген тартипте өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча белгилүү мөөнөткө иштөөнү караштырган, эмгек келишимдерин түзгөн илимий, педагогикалык жана башка кызматкерлер менен;
14) шайлануучу органдын курамына же шайлануучу кызмат ордуна, акы төлөнүүчү ишке белгилүү бир мөөнөткө шайланган, ошондой эле шайлануучу органдардын мүчөлөрүнүн же мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле саясий партияларда жана башка коомдук бирикмелерде кызмат адамдарынын ишин түздөн-түз камсыз кылуу менен байланышкан ишке кирген учурда;
15) курагы боюнча пенсионерлер, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча убактылуу гана мүнөздөгү ишке уруксат берилген адамдар менен;
16) коомдук иштерди жүргүзүү үчүн.
3. Эгерде эмгек келишиминде анын колдонуу мөөнөтү жазуу жүзүндө каралбаса, келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет. Эгерде тараптардын бири да мөөнөттүү эмгек келишиминин мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу аны бузууну талап кылбаса, ал эми кызматкер эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин ишин уланта берсе, эмгек келишими белгисиз мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет.
4. Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими кызматкердин макулдугусуз белгилүү бир мөөнөткө кайра түзүлбөйт.
5. Кызматкерге ушул Кодексте каралган укуктарды жана кепилдиктерди берүүдөн баш тартуу максатында мөөнөттүү эмгек келишимдерин негизсиз түзүүгө тыюу салынат.
6. Эгерде ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда башкача белгиленбесе, иш берүүчү кызматкерден эмгек келишиминде шартталбаган ишти аткарууну талап кылууга укуксуз.
19-берене. Эмгек келишиминин күчүнө кириши
1. Эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, эмгек келишими кызматкер жана иш берүүчү кол койгон мөөнөттөн тартып күчүнө кирет.
2. Кызматкер келишимде аныкталган күндөн тартып эмгек милдеттерин аткарууга киришүүгө милдеттүү. Эгерде эмгек келишиминде иштин башталган күнү каралбаса, анда кызматкер келишим күчүнө киргенден кийинки жумуш күнү ишке киришүүгө тийиш.
3. Эгерде кызматкер белгиленген мөөнөттө жүйөлүү себептерсиз ишке киришпесе, эмгек келишими жокко чыгарылат.
4. Эгерде кызматкер жазуу жүзүндөгү эмгек келишими жок болгон учурда иш берүүчүнүн же анын өкүлүнүн кабардар болушу же тапшырмасы боюнча иш жүзүндө ишке киришсе, анда эмгек келишими ишке киришкен күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана ага ушул Кодексте каралган бардык укуктар жайылтылат. Кызматкерди ишке иш жүзүндө киргизүү иш берүүчүнү аны менен жазуу жүзүндөгү эмгек келишимин түзүүгө милдеттендирет.
20-берене. Эмгек келишимин түзүү жана ишке кабыл алууну тариздөө
1. Эмгек келишими кагаз жүзүндө же электрондук (электрондук эмгек келишими) түрдө түзүлөт, эки нускада түзүлөт жана тараптар жеке өздөрү же электрондук санариптик кол тамгасы менен кол коюшат. Бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси иш берүүчүдө сакталат.
2. Түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде үч күндүк мөөнөттө иш берүүчү тарабынан кызматкерди ишке кабыл алуу (дайындоо) жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) таризделет. Иш берүүчү буйрук (тескеме, токтом) менен кызматкерге кол койдуруу менен кол койгон күндөн тартып уч күндүк мөөнөттө тааныштырат.
3. Эмгек келишимин түзүү ушул Кодекстин 13-беренесине ылайык белгилүү бир шарттарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаса. кызматкер айкалыштырып иштөө шартында бир нече иш берүүчү менен эмгек келишимин түзө алат.
5. Ишке кабыл алууда иш берүүчү кызматкерди уюмда колдонулуучу ички эмгек тартибинин эрежелери, кызматкердин эмгек функциясына тиешеси бар башка локалдуу ченемдик актылар, жамааттык келишимдер, макулдашуулар менен тааныштырууга, кызматкерге эмгекти коргоо боюнча нускама берүүгө, белгиленген тартипте кызматкерге эмгек китепчесин жазууга (толтурууга) милдеттүү.
21-берене. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлеген жаранга эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүүдө коюлуучу чектөөлөр
1. Эгерде бул уюмду мамлекеттик, муниципалдык (административдик) башкаруунун айрым функциялары мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын кызматтык (кызмат) милдеттерине кирсе, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын кызматтык жүрүм-турумуна карата талаптарды сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча тиешелүү комиссиянын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизилген мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлеген жаран мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотулгандан кийин 2 жылдын ичинде уюмда эмгек келишиминин шарттарында кызмат ордун ээлөөгө жана (же) жарандык-укуктук келишимдин (жарандык-укуктук келишимдердин) шарттарында айына отуз эсептик көрсөткүчтөн ашык наркы бар жумушту ошол уюмда аткарууга (ушул уюмга кызмат көрсөтүүгө) укуктуу.
2. Комиссия эмгек келишиминин шарттарында уюмда кызмат ордун ээлөөгө жана (же) ошол уюмда ишти аткарууга (бул уюмга кызмат көрсөтүүгө) макулдук берүү жөнүндө жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуусун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аталган кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 7 күндүн ичинде кароого жана кабыл алынган чечим жөнүндө жаранга 1 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө жана 3 жумуш күндүн ичинде оозеки билдирүүгө милдеттүү.
3 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошогондон кийин 2 жылдын ичинде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерди аткарууга (кызматтарды көрсөтүүгө) эмгек же жарандык-укуктук келишимдерди түзүүдө иш берүүчүгө өзүнүн акыркы кызмат орду жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлеген жарандын мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошогондон кийин ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарды сактабоосу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) боюнча аталган жаран менен түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин токтотулушуна алып келет.
5. Иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлеген жарандын мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошогондон кийин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) 2 жылдын ичинде мындай келишим түзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын акыркы кызмат орду боюнча иш берүүчүгө (анын өкүлүнө) 10 күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.
6. Иш берүүчү тарабынан ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген милдеттерди аткарбоо укук бузуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
7. Эгерде бул уюмду мамлекеттик башкаруунун айрым функциялары жарандык же муниципалдык кызматчынын кызматтык (кызмат) милдеттерине кирген болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда эмгек келишиминин шарттарында уюмда кызмат ордун ээлөөгө жана (же) ошол уюмда ишти аткарууга (ушул уюмга кызмат көрсөтүүгө) тыюу салуунун ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жаран тарабынан сакталышын жана иш берүүчү тарабынан эмгек келишимин түзүү шарттарынын же мындай жаран менен жарандык-укуктук келишим түзүүнүн шарттарынын сакталышын текшерүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
22-берене. Айрым жарандарга эмгек келишимин түзүүдөн негизсиз баш тартуусуна жол бербөө
1. Төмөнкү жарандар менен эмгек келишимин түзүүдөн негизсиз баш тартууга тыюу салынат:
1) жумуш орундарын квоталоонун эсебинен ишке орноштуруу мамлекеттик кызматы тарабынан жиберилгендер;
2) ишке жазуу жүзүндө чакырылгандар;
3) окуу жайын аяктагандан кийин иш берүүчүнүн өтүнмөсүнө же аны менен түзүлгөн келишимге ылайык ишке келгендер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда жарандын талабы боюнча иш берүүчү ага баш тартуунун жүйөлөрү жөнүндө кайрылгандан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Негизсиз баш тартууга сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
23-берене. Эмгек келишиминин жана эмгек келишиминин айрым шарттарынын жараксыздыгы
1. Эгерде эмгек келишими төмөнкүдөй түзүлсө, ал сот тарабынан жараксыз деп таанылат:
1) алдоонун, коркутуунун таасиринде, ошондой эле оор жагдайлардын келип чыгышынын кесепетинен кызматкер үчүн өтө пайдасыз шарттарда;
2) юридикалык кесепеттерди түзүүгө ниети жок, түр көрсөтүү үчүн (жалган эмгек келишими);
3) өз иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албаган адам тарабынан;
4) акыл-эс ооруларынын жана акыл-эсинин кемтигинин кесепетинен аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран тарабынан.
2. Келишимди жараксыз деп таануу кызматкердин ар жылдык өргүүгө чыгуу укугун, иштен бошогондо пайдаланылбаган өргүү күндөрү үчүн акчалай компенсацияны, иштеген мезгилди эмгек стажына кошууну жана башка жеңилдиктерди жоготууга алып келбейт.
3. Эмгек келишиминин айрым шарттары жараксыз деп таанылат, эгерде алар:
1) ушул Кодексте, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актыларда каралган шарттарга салыштырмалуу кызматкердин абалын начарлатса;
2) басмырлоочу болсо.
4. Эмгек келишиминин айрым шарттарынын жараксыздыгы бүтүндөй эмгек келишиминин жараксыздыгына алып келбейт.
24-берене. Ишке кабыл алууда сыноо
1. Эмгек келишимин түзүүдө тараптардын макулдашуусу менен кызматкердин ага тапшырылган ишке ылайыктуулугун текшерүү максатында сыноо шартталышы мүмкүн. Сыноо жөнүндө шарт эмгек келишиминде каралууга тийиш.
2. Эмгек келишиминде сыноо шартынын жок болушу кызматкердин сыноосуз кабыл алынгандыгын билдирет.
3. Сыноо мезгилинде кызматкерге ушул Кодекстин, эмгек укугунун ченемдерин, локалдуу ченемдик актыларды, жамааттык келишимди, макулдашууларды камтуучу мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын ченемдери жайылтылат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, сыноо мөөнөтү үч айдан ашпоого, ал эми уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, башкы бухгалтерлер жана алардын орун басарлары, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдун башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн 6 айдан ашпоого тийиш.
5. Убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматкер иш ордунда жок болгон башка мезгилдер сыноо мөөнөтүнө эсептелбейт.
6. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, 18 жаш куракка толо элек, акы төлөнүүчү ишке шайлануучу кызмат ордуна тандалган, эмгек мыйзамдарында жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте өткөрүлгөн тиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандалган адамдар, иш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча башка иш берүүчүдөн которуу тартибинде ишке чакырылгандар, эки айга чейинки мөөнөткө, башка учурларда ченемдик укуктук актыларда каралган башка эмгек келишимин түзгөн адамдар үчүн ишке кабыл алуудагы сыноо белгиленбейт.
7. Сыноонун жыйынтыгы канааттандырарлык эмес болгон учурда иш берүүчү сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кызматкерди жазуу жүзүндө эскертүү менен эмгек келишимин бузууга укуктуу. Мында иш берүүчү кызматкерди сыноодон өтпөй калды деп таануу үчүн негиз болгон себептерди көрсөтүүгө милдеттүү.
8. Эгерде сыноо мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү эмгек келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл албаса, анда кызматкер сыноодон өттү деп эсептелет жана эмгек келишимин кийинки бузууга жалпы негиздерде жол берилет.
9. Эгерде сыноо мезгилинде кызматкер сунушталган иш өзү үчүн ылайыктуу эмес деген тыянакка келсе, анда ал иш берүүчүгө жазуу жүзүндө 3 жумуш күндөн мурда бул жөнүндө эскертип, эмгек келишимин өз каалоосу боюнча бузууга укуктуу.
25-берене. Эмгек келишимин түзүүдө берилүүчү документтер
1. Эмгек келишимин түзүүдө ишке орношуп жаткан адам иш берүүчүгө инсандыгын күбөлөндүрүүчү документин; эмгек китепчесин, жеке идентификациялык номерин, ошондой эле тиешелүү ишке орношуу учурунда аскердик каттоо документтерин (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн) жана билими жөнүндө документин; 18 жаш курагына чейинки адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иш менен алектенүү үчүн соттолбогондугу жөнүндө маалымкатты көрсөтөт.
2. Ишке орношуп жаткан адамдарга иш берүүчү эмгек китепчесин милдеттүү түрдө тариздейт.
3. Айрым учурларда ишке орношууда ушул Кодекске, башка мыйзамдарга ылайык аткарылуучу жумуштун өзгөчөлүгүн эске алуу менен кошумча документтер берилиши мүмкүн.
4. Ишке орношууда кызматкерден ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралгандардан тышкары документтерди талап кылууга тыюу салынат.
5. Кызматкердин саясий партияларга, кыймылдарга же диний уюмдарга таандыктыгы жөнүндө, ошондой эле кызматкердин жеке жашоосу жөнүндө маалыматтарды жыйноого тыюу салынат.
6. Эмгек келишимин түзүүдө 18 жашка чыга элек адамдар, ошондой эле ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда башка адамдар милдеттүү түрдө алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
26-берене. Эмгек китепчеси
1. Белгиленген үлгүдөгү эмгек китепчеси кызматкердин эмгек иши жана эмгек стажы жөнүндө негизги документ болуп саналат. Эмгек китепчелеринин формасы, жүргүзүү жана сактоо тартиби, ошондой эле эмгек китепчелеринин бланктарын даярдоо жана иш берүүчүлөрдү алар менен камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Эгерде ушул уюмдагы иш кызматкер үчүн негизги иш болсо, иш берүүчү уюмда 5 жумуш күндөн ашык иштеген бардык кызматкерлерге эмгек китепчесин жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Эмгек китепчесине ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу жана кызматкерди иштен бошотуу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле эмгек келишимин токтотуунун негиздери жазылат.
4. Эмгек китепчесине эмгек келишимин токтотуунун себептери жөнүндө жазуулар ушул Кодекстин же башка мыйзамдын баяндоолоруна так ылайык жана тиешелүү беренеге жана анын пунктуна шилтеме жасоо менен жүргүзүлөт.
5. Эмгек келишими токтотулганда эмгек китепчеси кызматкерге иштен бошотулган күнү (иштин акыркы күнү) берилет. Эгерде эмгек китепчеси иш берүүчүгө көз каранды болбогон себептер боюнча иштин акыркы күнүндө берилбесе (кызматкердин жок болуусу же эмгек китепчесин алуудан баш тартуусу), иш берүүчү кызматкерге эмгек китепчесине келүү же болбосо аны почта аркылуу жөнөтүүгө макулдук берүү зарылдыгы жөнүндө почта же электрондук почта аркылуу кабарлама жиберет. Иш берүүчү кабарлоо жиберилген күндөн тартып эмгек китепчесин берүүнү кечиктиргендиги үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
6. Кызматкер иштен бошотулганда иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчесин өз убагында бербегендиги үчүн ал кызматкерге эмгек китепчесин берүүнүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн орточо бир күндүк эмгек акысын төлөйт.
7. Эмгек китепчеси иш берүүчү жана кызматкердин макулдашуусу боюнча кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө жүргүзүлөт.
27-берене. Иш жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмү жөнүндө документтерди берүү Иш берүүчү кызматкердин, анын ичинде мурдагы кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча 5 жумуш күндөн кечиктирбестен ишке байланыштуу документтердин (ишке кабыл алуу, башка ишке которуу, иштен бошотуу жөнүндө буйруктар, эмгек китепчесинен көчүрмөлөр, эмгек акысы жана ошол уюмдагы иштеген мезгили жөнүндө маалымкаттар жана башкалар) талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби
1. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөө Конституцияда, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте дайындоо же тандоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат орундарынан бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта жумуш орундарын квоталоо ушул Кодекстин 155-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
29-берене. Мамлекеттик же муниципалдык уюмдарда туугандардын бирге иштөөсүн чектөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларды кошпогондо, эгерде алардын иши алардын биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу болсо, өз ара жакын туугандыкта же кудалыкта турган адамдардын (ата-энелери, жубайлары, ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, уулдары, кыздары, ошондой эле жубайларынын ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, ата-энелери жана балдары) ошол эле мамлекеттик же муниципалдык уюмда бирге иштөөсүнө тыюу салынат.
30-берене. Башка ишке которуу
1. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которууга, башкача айтканда эмгек функциясын өзгөртүүгө же эмгек келишиминин олуттуу шарттарын өзгөртүүгө, ага тете эле башка уюмга же уюм менен кошо башка жерге туруктуу ишке которууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
2. Кызматкерди ден соолугунун абалы боюнча ага каршы көрсөтүлгөн ишке которууга тыюу салынат.
3. Тиешелүү мыйзамдарда мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган башка туруктуу же убактылуу ишке ротациялоонун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.
31-берене. Которуу
1. Иш берүүчүнүн башка жумуш ордунда, ошол эле жердеги ошол уюмдун башка түзүмдүк бөлүмүндөгү мурда иштеген ишин кызматкерге тапшыруусу, эгерде бул эмгек функциясын өзгөртүүгө жана эмгек келишиминин олуттуу шарттарын өзгөртүүгө алып келбесе, башка механизмде же агрегатта иштөөнү тапшыруусу которуу деп таанылат.
2. Которуу кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жүргүзүлбөйт. Которуу өндүрүштүк, уюштуруучулук же экономикалык себептер менен негизделиши керек.
32-берене. Эмгектин олуттуу шарттарын өзгөртүү
1. Технологиядагы, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруудагы өзгөрүүлөргө, жумуштун (продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүнүн кыскаруусуна байланышкан себептер боюнча кызматкер ишин улантып жатканда эмгек функциясын (кесибин, адистигин, квалификациясын, кызмат ордун) өзгөртпөстөн эмгектин олуттуу шарттарын өзгөртүүгө жол берилет.
Эмгектин олуттуу шарттарынын (эмгек акы төлөө тутуму жана өлчөмү, иштөө режими, кесиптердин, жеңилдиктердин жана артыкчылыктардын ж.б. айкалышы) өзгөрүүсү жөнүндө кызматкерге жазуу жүзүндө 1 айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Эмгектин олуттуу шарттары өзгөргөндө эмгек келишимине тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
2. Кызматкер ишти жаңы шарттарда улантууга макул болбогон учурда иш берүүчү ага уюмдагы анын квалификациясына жана ден соолугунун абалына ылайык келген башка ишти жазуу жүзүндө сунуштоого милдеттүү.
3. Көрсөтүлгөн иш жок болгондо, кызматкер сунушталган иштен баш тартканда, ошондой эле жаңы шарттарда иштөөдөн баш тарткан учурда эмгек келишими ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык токтотулат.
4. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар кызматкерлерди массалык иштен бошотууга алып келиши мүмкүн болсо, иш берүүчү жумуш орундарын сактоо максатында уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча, ал эми ал жок болгон учурда кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эскертүү мөөнөтүн сактабастан 6 айга чейинки мөөнөткө толук эмес жумуш убактысынын режимин киргизүүгө укуктуу. Мында жумуш убактысынын узактыгы жумуш убактысынын бир айлык ченеминин жарымынан аз, ал эми эмгек акы төлөө тарифтик ставканын (маянанын) 1/2инен аз болушу мүмкүн эмес.
33-берене. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу башка ишке убактылуу которуу
1. Өндүрүштүк зарылчылык болгон учурда иш берүүчү кызматкерлерди аткарган иши боюнча, бирок мурдагы иши боюнча орточо эмгек акысынан төмөн эмес эмгек акысы менен 1 айга чейинки мөөнөткө ошол эле уюмдагы же болбосо башка уюмдагы, бирок ошол эле жердеги эмгек келишиминде шартталбаган ишке которууга укуктуу.
2. Убактылуу которууга кыйроонун, өндүрүштүк авариянын алдын алуу же кыйроонун, авариянын же табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн; күтүлбөгөн кырсыктарды, мүлктү жок кылууну же бузууну болтурбоо үчүн жана калктын ченемдүү жашоо шарттарына коркунуч туудурган башка өзгөчө учурларда жол берилет. Мында кызматкер ден соолугунун абалы боюнча ага каршы көрсөтүлгөн ишке которулушу мүмкүн эмес.
3. Убактылуу которуу буйрук (тескеме, токтом) менен таризделет, аны менен иш берүүчү кызматкерди кол койдуруу менен тааныштырат.
34-берене. Жумуштун токтоп калышына байланыштуу убактылуу которуу
1. Уюштуруу, экономикалык, табигый мүнөздөгү себептер боюнча же кызматкердин күнөөсү боюнча, ошондой эле жок кызматкердин ордун ээлөө боюнча ишти убактылуу токтото туруу бош туруп калуу деп таанылат.
2. Жумуштун токтоп калышына байланыштуу убактылуу которуу кызматкердин кесибин, адистигин, кызматын, квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт.
3. Башка иш берүүчүгө убактылуу которуу кызматкердин макулдугусуз - 1 айга чейинки мөөнөткө, ал эми кызматкердин макулдугу менен - жумуштун токтоп калышынын бардык убактысына жүргүзүлөт.
4. Жумуштун токтоп калуусуна байланыштуу кызматкерди башка жерге, ошондой эле кызматкердин ден соолугунун абалы боюнча каршы көрсөтүлгөн ишке убактылуу которууга жол берилбейт.
5. Жумуштун токтоп калышына байланыштуу аз акы төлөнүүчү ишке убактылуу которууда иштеп чыгуу ченемдерин аткарган кызматкерлерге мурдагы иши боюнча эмгек акынын орточо өлчөмү сакталат, ал эми ченемди аткарбаган же убакыт боюнча төлөнүүчү ишке которулган кызматкерлерге алардын тарифтик ставкасы (маянасы) сакталат.
35-берене. Убактылуу ордун ээлөө
1. Өндүрүштүк зарылчылык тартибинде убактылуу жок болгон жетекчи кызматкердин кызмат ордунун милдеттерин аткарууну штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге жүктөөгө жол берилет.
2. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле тандоо, дайындоо же бекитүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызмат орундарын кошпогондо, убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпоого тийиш.
3. Кызматкерди бош кызмат орду боюнча милдетин аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт.
36-берене. Ден соолугунун абалы боюнча башка ишке которуу
1. Медициналык корутундуга ылайык башка иштин берилишине муктаж болгон кызматкерди иш берүүчү анын макулдугу менен ден соолугунун абалы боюнча ага каршы көрсөтүлбөгөн иш берүүчүдөгү башка ишке убактылуу же мөөнөтүн чектебестен которууга милдеттүү.
2. Ден соолугунун абалы боюнча акы аз төлөнүүчү ишке которууда которулган адамга ал которулган күндөн тартып 1 айдан кем эмес мезгилге эмгекке акы төлөөнүн мурдагы орточо өлчөмү сакталат.
3. Кызматкер которуудан баш тарткан учурда же болбосо уюмда тиешелүү иш болбогон учурда эмгек келишими ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык токтотулат.
4. Ишке байланыштуу мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна байланыштуу аз акы төлөнүүчү ишке убактылуу которулган кызматкерлерге ден соолугунун бузулгандыгы үчүн жооптуу иш берүүчү мурдагы эмгек акысынын өлчөмү менен жаны ишиндеги эмгек акысынын ортосундагы айырманы төлөп берет. Мындай айырма эмгекке жарамдуулугу калыбына келгенге же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугу же болбосо майыптыгы аныкталганга чейин төлөнөт.
5. Ишке байланыштуу мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугунун башка бузулушуна байланыштуу кызматкерди медициналык корутундуга ылайык башка ишке которуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин ал мунун натыйжасында калтырган бардык жумуш күндөрү үчүн эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен иштен бошотулат.
37-берене. Иштен четтетүү
1. Иш берүүчү төмөнкү учурларда кызматкерди тиешелүү мезгилге иштен четтетүүгө (ишке киргизбөөгө) милдеттүү:
1) мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын жүйөлүү жана негизделген расмий талабы боюнча;
2) ишке алкоголго, баңгизатка же уулуу заттарга мас болуу абалында келсе;
3) эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин билүү боюнча экзаменди тапшырбаса;
4) иш берүүчү тарабынан берилген талап кылынуучу жеке коргонуу каражаттарын пайдаланбаса;
5) медициналык кароодон өтпөсө, эгерде ал ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык милдеттүү болуп саналса;
6) ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9 жана 10-пункттарында каралган учурларда, бузуулар аныкталган учурдан тартып ушул кызматкер менен эмгек келишимин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин;
7) иштеген жеринде уурдап жаткан учурда кармалганда соттун өкүмү же болбосо компетенциясына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жаза колдонуу кирген органдын токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, иш берүүчүгө сот тарабынан белгиленген мүлктүк же мүлктүк эмес зыян келтирген башка учурларда;
9) кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундунун негизинде.
2. Иш берүүчү аны четтетүү үчүн негиз болуп саналган жагдайлар жоюлганга чейинки убакыттын бүткүл мезгилине кызматкерди иштен четтетет.
3. Кызматкер иштен четтетилген учурда сотко кайрылууга укуктуу. Кызматкердин эмгек акысы иш берүүчү тарабынан коюлган укук бузуу фактылары сот тарабынан аныкталганга чейин мурдагы өлчөмүндө сакталат. Кызматкердин аракеттеринде (аракетсиздигинде) сот тарабынан тартип бузуулар белгиленген учурда иш берүүчү кызматкерге соттук териштирүүнүн убагында эмгек акы катары төлөнүп берилген акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.
38-берене. Менчик ээси алмашкан жана уюм кайра уюштурулган учурдагы эмгек мамилелери
1. Уюмдун менчик ээси алмашкан учурда жаңы менчик ээси анда менчик укугу пайда болгон күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары жана уюмдун башкы бухгалтери менен эмгек келишимин бузууга же кайра түзүүгө укуктуу.
2. Уюмдун менчик ээсинин алмашуусу (аны ар кандай формада менчиктештирүү), ошондой эле уюмду ижарага берүү, ага барабар аны кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүп түзүү), баш ийүүчүлүгүн же аталышын өзгөртүү уюмдун башка кызматкерлери менен эмгек келишимин бузууга негиз болуп саналбайт.
3. Уюмдун менчик ээсинин алмашуусуна байланыштуу кызматкер ишти улантуудан баш тарткан учурда эмгек келишими ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык токтотулат.
4. Уюмдун мүлкүнүн менчик ээси алмашкан учурда кызматкерлердин санын же штатын кыскартууга менчик укугунун өтүшүн мамлекеттик каттоодон кийин гана жол берилет.
39-берене. Кызматкерлерди жумуштан жапырт бошотуунун алдын алуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери
1. Кызматкерлерди жумуштан жапырт бошотуу коркунучу болгон учурда иш берүүчү кесиптик бирлик же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органы жана эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөрдү караган атайын чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) жаңы кызматкерлерди кабыл алууну чектөөнү же убактылуу токтотууну, айкалыштырып иштегендерди бошотууну;
2) ченемден ашык иштөөнү колдонууну жоюуну;
3) ушул Кодекстин 32-беренесине ылайык эмгектин олуттуу шарттарын өзгөртүүнү;
4) кызматкерлерди этап-этабы менен бошотууну;
5) башка чараларды, эгерде алар жамааттык келишимде жана макулдашууда каралса.
2. Жапырт бошотуу болуп 2 айдын ичинде катары менен 50 адамга чейинки сандагы уюмдарда кызматкерлердин 25 пайызынан кем эмесин жана саны 50 адамдан ашык сандагы уюмдарда кызматкерлердин 15 пайызынан кем эмесин кыскартуу эсептелет.
3. Кызматкерлерди 1 жылдын ичинде жапырт жумуштан бошоткон же уюмдун же анын бөлүмүнүн кызматкерлеринин 30 пайыздан ашыгы иштин мүнөзүнө, кызматкерлердин макулдугуна же макул эместигине карабастан иштен бошотууга жол бербөө боюнча иш берүүчү тарабынан чаралар көрүлбөгөн учурда иш берүүчү мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат же уюмдун бөлүмүнүн жетекчилигине карата чараларды колдонот.
40-берене. Эмгек келишимин токтотуунун негиздери
1. Эмгек келишимин токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тараптардын макулдашуусу (41-берене);
2) эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (42-берене);
3) кызматкердин демилгеси (43-берене);
4) иш берүүчүнүн демилгеси (44-берене);
5) кызматкердин өтүнүчү же макулдугу боюнча аны башка иш берүүчүгө ишке которуу же шайлануучу (ишке) кызмат орунга өтүшү;
6) тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайлар (49-берене);
7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу башка ишке которуудан кызматкердин баш тартуусу (36-берененин 3-бөлүгү);
8) эмгектин олуттуу шарттарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартуусу (32-берененин 3-бөлүгү);
9) уюмдун менчик ээсинин алмашуусуна, анын баш ийүүчүлүгүнүн (ведомствого караштуулугунун) өзгөрүшүнө жана кайра уюштурулушуна (38-берененин 3-бөлүгү) байланыштуу кызматкердин уюмда ишти улантуудан баш тартуусу;
10) иш берүүчүнүн башка жерге которулушуна байланыштуу кызматкердин которуудан баш тартуусу (30-берененин 1-бөлүгү);
11) сыноо мөөнөтүнүн канааттандырарлык эмес натыйжалары (24-берененин 7-бөлүгү).
2. Эмгек келишими ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча да токтотулушу мүмкүн.
3. Бошотуу датасы бошотуу жөнүндө буйрук менен белгиленет.
4. Эмгек келишимин токтотуу ушул Кодекстин же башка ченемдик укуктук актылардын тиешелүү беренесине, пунктуна шилтеме жасоо менен эмгек келишимин бузуунун негиздерин көрсөтүү аркылуу иш берүүчүнүн буйругу менен (тескеме, токтом) таризделет.
41-берене. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимин бузуу
1. Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча кандай болбосун убакта бузулушу мүмкүн. Бул негиз боюнча эмгек келишимин бузуу датасы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
Ушул негиз боюнча эмгек келишимин бузуу ниетин билдирген эмгек келишиминин тарабы эмгек келишиминин экинчи тарабына жазуу жүзүндө сунуш жиберет. Сунушту алган тарап 3 жумуш күндүн ичинде экинчи тарапка кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Эмгек келишимин бузуу жөнүндөгү макулдашууну жокко чыгарууга эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча гана жол берилет.
42-берене. Мөөнөттүү эмгек келишимин бузуу
1. Мөөнөттүү эмгек келишими анын мөөнөтүнүн бүтүшү менен бузулат.
2. Белгилүү бир ишти аткаруу убактысына түзүлгөн эмгек келишими ошол иш бүткөндө бузулат.
3. Жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаруу убагына түзүлгөн эмгек келишими бул кызматкер ишке чыккан күндөн тартып бузулат.
4. Сезондук жумуштарды аткаруу убагына түзүлгөн эмгек келишими аныкталган сезон аяктаганда бузулат.
43-берене. Эмгек келишимин кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча) бузуу
1. Кызматкер бул тууралуу иш берүүчүгө жазуу жүзүндө арыз берүү менен бир ай мурда эскертип, белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимин же мөөнөттүү эмгек келишимин бузууга укуктуу. Эскертүү мөөнөтү бүткөндө кызматкер ишти токтотууга укуктуу, ал эми иш берүүчү ага эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөөгө милдеттүү.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин да бузулушу мүмкүн.
3. Эгерде анын жумуш ордуна ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу мүмкүн болбогон башка кызматкер жазуу жүзүндө чакырылбаса, эскертүү мөөнөтү ичинде кызматкер өз арызын чакыртып алууга укуктуу.
4. Кызматкердин демилгеси боюнча иштен бошотуу жөнүндө анын арызы анын ишти улантууга мүмкүн эместиги менен шартталган учурларда (билим берүү уюмуна тапшырышы, пенсияга чыгышы же башка жүйөлүү себептер), ошондой эле иш берүүчү тарабынан эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, жамааттык келишимдин, макулдашуунун же эмгек келишиминин шарттары бузулган учурларда иш берүүчү кызматкердин арызында көрсөтүлгөн мөөнөттө эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эмгек мыйзамдарын, жамааттык келишимди, макулдашууну же эмгек келишимин бузуу фактысы эмгек мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө органы, кесиптик бирлик органы же сот тарабынан белгиленет.
5. Иш берүүчү мөөнөттүү келишимди кызматкердин талабы боюнча бузуудан баш тарткан учурда кызматкер талаш-тартышты чечүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
6. Мөөнөттүү эмгек келишими ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүйөлүү себептерсиз бузулган учурда иш берүүчү кызматкерден эмгек келишиминде каралган, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө компенсацияны талап кылууга укуктуу.
44-берене. Эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузуу
1. Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:
1) уюм (юридикалык жак) же анын филиалы (өкүлчүлүктөрү) жоюлганда, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо;
2) кызматкерлердин саны же штаты кыскарганда, анын ичинде уюмду кайра уюштурууга байланыштуу;
3) кызматкер ээлеген кызмат ордуна же аткарган ишине төмөнкүлөргө байланыштуу ылайык келбегенде:
а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына;
б) аттестациянын натыйжалары, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралуу маалымкаттар, брак чыгаруу жөнүндө актылар жана башка маалыматтар менен тастыкталган квалификациясынын жетишсиздигине;
4) уюмдун мүлкүнүн ээсинин алмашуусуна (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата);
5) кызматкер эмгек милдеттерин жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбаганда, тартип жазасы бар болгондо;
6) кызматкер эмгек милдеттерин бир жолу төмөнкүдөй одоно бузганда:
а) ишке келбегенде (иште жүйөлүү себептерсиз бир жумуш күнү ичинде катары менен 3 сааттан ашуун жок болуу);
б) ишке алкоголго, баңги же уулуу заттарга мас болгон абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же иш берүүчүнүн кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен биргеликте түзгөн актысы менен тастыкталат;
в) иштеген жеринде уюмдун мүлкүн атайылап бүлдүрсө же уурдаса;
г) кызматкер оор кесепеттерге, анын ичинде жаракат жана аварияга алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузса;
д) кызматкерге эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон жана аны сактоо жөнүндө шарт эмгек келишиминде каралган мамлекеттик, кызматтык, банктык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарса.
Кызматкерлердин айрым категорияларына карата ченемдик укуктук актылар, уюмдардын уставдары же локалдуу ченемдик актылар менен эмгек макулдашууларынын башка шарттары каралышы мүмкүн;
7) акча же товардык баалуулуктарды, электрондук эсептөө машиналарын, программалык камсыздоону түздөн-түз тейлөөчү кызматкер сот тарабынан белгиленген күнөөлүү иш-аракеттерди жасаганда, эгерде бул иш-аракеттер иш берүүчүнүн ага болгон ишенимин жоготуу үчүн негиз болсо;
8) тарбиялык функцияларды аткарган кызматкер бул ишти улантууга ылайык келбеген моралга жат жорук, жасаганда;
9) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укук ченемсиз колдонууга же башка зыян алып келүүчү негизсиз чечимди кабыл алганда;
10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды бергенде, эгерде алар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн болсо;
11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары ушул уюмдун уставында жана жобосунда каралган өз эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузганда;
12) ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда.
2. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле шайлоо, дайындоо же бекитүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызмат адамдары да төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) алардын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда;
2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.
3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжаларынын сот тартибинде ырасталбашы жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсүнүн сот тартибинде аныкталышы аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.
45-берене. Кесиптик бирлик уюмунун же болбосо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органынын алдын ала макулдугу менен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу
1. Ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 3-пунктунун "б" пунктчасына, 5-пунктуна, 6-пунктунун "г" пунктчасына ылайык кесиптик бирлик уюмунун же болбосо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органынын мүчөлөрү болуп саналган кызматкерлерди кесиптик бирлик уюмунун же болбосо ошол уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз бошотууга жол берилбейт. Жамааттык келишим менен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууга кесиптик бирлик уюмунун же болбосо башка өкүлчүлүктүү органдын алдын ала макулдугу талап кылынуучу бошотуунун дагы башка негиздери каралышы мүмкүн.
2. Эмгек келишимин бузууга кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт:
1) кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы жок уюмдан бошотууда;
2) уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары, мамлекеттик бийлик же башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар жана жарандардын башка бирикмелери тарабынан шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчилик кызмат орундарындагы кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда бошотулганда.
3. Кызматкерди бошотууга иш берүүчүнүн өтүнүчү өкүлчүлүктүү орган тарабынан жети күндүк мөөнөттө каралууга тийиш.
4. Иш берүүчү тиешелүү өкүлчүлүктүү органдын макулдугун алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен эмгек келишимин бузууга укуктуу.
46-берене. Эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузуу тартиби
1. Уюмдун кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууда иште калтыруунун артыкчылыктуу укугу эмгек өндүрүмдүүлүгү жана квалификациясы кыйла жогору, ошондой эле жамааттык келишимде, макулдашууда же эмгек келишиминде белгиленген иштин натыйжалуулугунун критерийлерине жооп берген кызматкерлерге берилет.
2. Ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту жана 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттары менен каралган негиздер боюнча эмгек келишими бузулганда кызматкер башка кызмат ордуна которулушу мүмкүн.
3. Ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык эмгек келишими бузулганда иш берүүчү кызматкерди иштен бошотконго чейин кеминде 1 ай мурда кызматкерге кол койдуруп жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү.
4. Эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин кызматкер өзүнүн эмгек милдеттерин аткарат, ички эмгек тартибинин эрежелерине баш иет, ага башка кызматкерлер менен бирдей эле эмгек шарттары жана эмгек акы кепилденет, ошондой эле орточо эмгек акысын сактоо менен жумуш издөө үчүн жумасына бир бош жумуш күнү берилет.
5. Кызматкер ээлеген кызмат ордуна же аткарган ишине ылайык келбегендигине байланыштуу, анын ишке тоскоол болгон ден соолугунун абалынын же квалификациясынын жетишсиздигинин натыйжасында иштен бошотууда, иш берүүчү кызматкерге кеминде 2 жума мурда эскертүүгө милдеттүү.
6. Уюмдун кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууга же болбосо уюмдун жоюлушуна байланыштуу кызматкерди бошотууда тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими ушул берененин 3-бөлүгү менен белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейинки калган ар бир күн үчүн орточо эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө компенсация төлөө менен эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин бузулушу мүмкүн.
7. Ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун кошпогондо, кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыз жана өргүүдө жүргөн мезгилдерде иштен бошотууга жол берилбейт.
47-берене. Иштен бошотуу жөлөкпулу
1. Ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча эмгек келишимин бузууда эки орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.
2. Ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна, 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "а" пунктчасына жана 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык эмгек келишимин бузууда орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.
3. Эмгек келишиминде же жамааттык келишимде иштен бошотуу жөлөкпулдарын төлөөнүн башка учурлары каралышы, ошондой эле иштен бошотуу жөлөкпулдарынын жогорулатылган өлчөмдөрү белгилениши мүмкүн.
4. Анын иштен бошотулушу мыйзамсыз деп таанылган учурда мурдагы ишине калыбына келтирилген кызматкердин пайдасына орточо эмгек акыны өндүрүүдө ага төлөнгөн иштен бошотуу жөлөкпулу чегерилүүгө тийиш.
48-берене. Бошотулган кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар
1. Уюмду жоюуга же кайра уюштурууга же болбосо санын же штатын кыскартууга байланыштуу эмгек келишимин бузууда бошотулган кызматкердин жумуштан бошогондон кийин ишке орноштуруу мамлекеттик кызматында 10 жумуш күндүн ичинде жумуш издөөчү катары катталган шартта иштен бошонуу жөлөкпулун эске алуу менен 3 айга чейинки жумуш издөө мезгилинде орточо айлык эмгек акысы сакталат. Бошотулган күндөн тартып биринчи ай үчүн кызматкерге орточо эки айлык эмгек акыдан кем эмес өлчөмдө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт, жумуш издөөнүн экинчи жана үчүнчү айлары үчүн кызматкердин орточо айлык эмгек акысы сакталат.
2. Эгерде үч айлык мөөнөт аяктагандан кийин бошотулган кызматкерге ылайыктуу жумуш берилбесе, же ал сунушталган эки жумушунан баш тартса, ал жумушсуз статусуна ээ болот.
49-берене. Эмгек келишимин тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча токтотуу
1. Эмгек келишими тараптардын эркинен көз каранды болбогон төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулууга тийиш:
1) кызматкердин аскердик же альтернативдик кызматка чакырылуусу, ошондой эле жубайынын башка жерге кызматка которулгандыгына байланыштуу;
2) кызматкердин мурда аткарган ишине эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши;
3) ишке кабыл алуунун белгиленген эрежелеринин бузулушу;
4) кызматкердин мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүнө ылайык мурдагы ишин улантууга мүмкүндүк бербеген жазага тартылышы;
5) шайлануучу кызмат ордуна шайланбай калышы;
6) кызматкердин же иш берүүчүнүн - жеке жактын өлүмү, ошондой эле кызматкердин же иш берүүчүнүн - жеке жактын сот тарабынан өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылышы;
7) эгерде мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен киргизилсе, эмгек мамилелерин улантууга тоскоолдук кылуучу өзгөчө жагдайлардын (согуштук иш-аракеттер, кыйроолор, табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар) жаралышы.
2. Эгерде кызматкерди анын макулдугу менен башка ишке которууга мүмкүн болбосо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн негизде эмгек келишимин токтотууга жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Жумуш убактысы
50-берене. Жумуш убактысын ченемдөө Жумуш убактысы календардык жума (иш жумасы) жана сутка ичиндеги (жумуш күнү, жумуш кезмети) анын узактыгын белгилөө жолу менен ченемделет.
51-берене. Жумуш убактысынын узактыгы
1. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгы, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо жумасына 40 сааттан ашпайт.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимдеринде жумуш убактысынын азыраак узактыгы каралышы мүмкүн.
3. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн жумуш убактысынын төмөнкүдөй кыскартылган узактыгы белгиленет:
1) 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн - жумасына 24 сааттан ашык эмес, 16дан 18 жашка чейинкилер үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес;
2) оор кара жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес;
3) майыптуулуктун I жана II топторундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналган кызматкерлер үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес.
4. Иши жумуш убактысынын кыскартылган узактыгына укук берген өндүрүштөрдүн, цехтердин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле зыяндуу же оор, кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Иши жогорку акыл-эстин, нервдик, эмоционалдык чыңалуу менен байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларына (врачтарга, педагогдорго жана башкаларга) жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет.
6. Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категориялары жана алардын жумуш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
52-берене. Толук эмес иш убактысы
1. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ишке кабыл алууда да, андан кийин да толук эмес жумуш күнү же толук эмес иш жумасы белгилениши мүмкүн. Иш берүүчү кош бойлуу аялдын, 14 жашка чейинки курактагы баласы, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар ата-эненин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) биринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте медициналык корутундуга ылайык үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн баккан адамдын кат жүзүндөгү арызы боюнча толук эмес жумуш күнүн же толук эмес иш жумасын белгилөөгө милдетүү.
2. Толук эмес жумуш убактысынын шарттарында иштөөдө кызматкерге эмгек акы иштеген убактысына пропорциялуу же өндүргөнүнө жараша төлөнөт.
3. Толук эмес жумуш убактысынын шарттарында иштөөдө ар жылдык негизги төлөнүүчү өргүүнүн узактыгына, эмгек стажын эсептөөгө жана башка эмгек укуктарына таасирин тийгизбейт.
53-берене. Беш күндүк жана алты күндүк иш жумасы
1. Эки дем алыш күнү менен беш күндүк же бир дем алыш күнү менен алты күндүк иш жумасы кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү ички эмгек тартибинин эрежелери же кезметтүүлүк графиктери менен аныкталат.
2. Алты күндүк иш жумасында күнүмдүк иштин (кезметтин) узактыгы 40 сааттык жумалык ченемде 7 сааттан, 36 сааттык жумалык ченемде - 6 сааттан жана 24 сааттык жумалык ченемде - 4 сааттан ашпоого тийиш.
54-берене. Күнүмдүк иштин (кезметтин) узактыгы
1. Күнүмдүк иштин (кезметтин) узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпайт:
1) 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн - 5 сааттан, 16дан 18 жашка чейинкилер үчүн - 7 сааттан;
2) жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу жылы ичинде окуусун иш менен айкалыштырган 14төн 16 жашка чейинки курактагы окуучулары үчүн - 2,5 сааттан, 16дан 18 жашка чейинки курактагылар үчүн - 3,5 сааттан;
3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн - медициналык корутундуга ылайык.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленген оор кара жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн күндөлүк иштин (кезметтин) узактыгы 36 сааттык иш жумасында - 6 сааттан ашпайт.
3. Кинематография уюмдарынын, теле жана видео тартуу жамааттарынын, театрлардын, театр жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлери, кесипкөй спортчулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү бул кызматкерлердин категорияларынын тизмегине ылайык күнүмдүк жумуштун иштин (кезметтин) узактыгы ченемдик укуктук актыларга, локалдуу ченемдик актыларга, жамааттык келишимдерге, эмгек келишимдерине ылайык белгилениши мүмкүн.
55-берене. Жумуш эмес майрам күндөрүнүн алдындагы жана жумуш майрам күндөрүндөгү иштин узактыгы
1. Түздөн-түз жумуш эмес майрам күнүнүн алдындагы жумуш күнүнүн (кезметинин) узактыгы, ошондой эле жумуш майрам күнүнүн (кезметинин) узактыгы 1 саатка кыскартылат.
2. Жумуш эмес майрам күнүнүн алдындагы жумуш күнүнүн (кезметтин) узактыгын кыскартуу кызматкерлерге кыскартылган жумуш күнү ага чейин белгиленген учурларда жүргүзүлбөйт.
3. Үзгүлтүксүз иштөөчү уюмдарда жана өндүрүштүн (иштин) шарттары боюнча майрам алдындагы күнү же жумуш майрам күнү иштин (кезметтин) узактыгын кыскартууга мүмкүн болбогон иштердин айрым түрлөрүндө ашыкча иштетүү кошумча эс алуу убактысын берүү же кызматкердин макулдугу менен ченемден ашык иштөө үчүн белгиленген ченемдер боюнча акы төлөө менен компенсацияланат.
56-берене. Түнкү убактагы иш
1. Түнкү убактагы иш деп кечки саат 22ден эртең мененки саат 6га чейинки убакыт эсептелет.
2. Түнкү убактагы иштин (кезметтин) узактыгы 1 саатка кыскартылат.
3. Эгерде жамааттык келишимде башкача каралбаса, кыскартылган иш убактысынын узактыгы белгиленген кызматкерлер үчүн, ошондой эле атайын түнкү убакта иштөө үчүн кабыл алынган кызматкерлер үчүн түнкү убактагы иштин (кезметтин) узактыгы кыскартылбайт.
4. Түнкү убактагы иштин узактыгы эмгектин шарттары боюнча зарыл болгон учурларда (үзгүлтүксүз иштөөчү өндүрүштөрдө, уюмдарда), ошондой эле бир дем алыш күнү менен алты күндүк иш жумасындагы кезметтик иштерде күндүзгү иш менен теңештирилет. Көрсөтүлгөн иштердин тизмеси жамааттык келишим, локалдуу ченемдик актылар менен аныкталышы мүмкүн.
5. Эгерде мындай жумуш медициналык көрсөткүчтөр боюнча аларга тыюу салынбаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кош бойлуу аялдар түнкү убакта иштөөгө тартылышы мүмкүн.
6. 3 жашка чейинки курактагы балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар кызматкерлер түнкү убактагы жумушка алардын макулдугу боюнча гана тартылат.
7. Түнкү убакта иштөөгө 18 жашка чейинки курактагы адамдарга жол берилбейт.
8. Кинематография уюмдарынын, теле жана видеого тартуу жамааттарынын, театрлардын, театралдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлеринин жана кесипкөй спортчулардын түнкү убакта иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү бул кызматкерлердин категорияларынын тизмегине ылайык жамааттык келишим, локалдуу ченемдик актылар же болбосо эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.
57-берене. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иш
1. Кызматкердин арызы боюнча иш берүүчү ага башка эмгек келишими боюнча ошол эле уюмда башка кесип, адистик же кызмат орду боюнча жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынын чегинен тышкары ички айкалыштыруу тартибинде иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.
Эгерде ушул Кодексте же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, кызматкер башка иш берүүчү менен тышкы айкалыштыруу шартында иштөө үчүн эмгек келишимин түзүүгө укуктуу. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иш күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, кыскартылган жумуш убактысынын узактыгы белгиленген учурларда ички айкалыштырууга уруксат берилбейт.
2. Ченемден ашык иштөөгө тартуу иш берүүчүнүн сунушу, тескемеси боюнча же анын иш берүүчүгө билдирүү аркылуу жана кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.
3. Оор кара жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерди ченемден ашык иштөөгө тартууга төмөнкүлөрдөн башка учурларда тыюу салынат:
1) өлкөнү коргоо үчүн, ошондой эле өндүрүштүк авариянын алдын алуу же болбосо өндүрүштүк авариянын же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон иштерди аткарууда;
2) суу менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылытуу, жарыктандыруу, канализация, транспорт, байланыш боюнча коомдук зарыл иштерди жүзөгө ашырууда - алардын ченемде иштөөсүн бузган күтүлбөгөн жагдайларды четтетүү үчүн;
3) эгерде бул иштин аткарылбай (бүткөрүлбөй) калышы иш берүүчүнүн мүлкүнүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн бузулушуна же жок болушуна алып келүүсү же болбосо адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирүүсү мүмкүн болсо, өндүрүштүн техникалык шарттары боюнча күтүлбөгөн кечигүүнүн натыйжасында жумуш иш сааттарынын ченемдеги убактысынын ичинде бүтпөй калган башталган ишти бүткөрүү зарыл болгондо;
4) бузулушу кызматкерлердин олуттуу саны үчүн иштин токтоп калышына алып келүүсү мүмкүн болгон учурларда механизмдерди же курулмаларды оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү боюнча убактылуу иштерди аткарууда;
5) эгерде иш тыныгууга жол бербесе, алмаштыруучу кызматкер келбей калган учурда ишти улантуу үчүн. Мындай учурларда иш берүүчү алмаштыруучуну дароо башка кызматкер менен алмаштырууга чара көрүүгө милдеттүү.
4. Ченемден ашык иштөө ар бир кызматкер үчүн катары менен 2 күн ичинде 4 сааттан ашпоого тийиш.
5. Эгерде медициналык көрсөткүчтөр боюнча ченемден ашык иштөөгө тыюу салынбаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана кош бойлуу аялдарды мындай жумушка тартууга жол берилет. 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге ченемден ашык иштөөгө жол берилбейт.
6. Иш берүүчү ар бир кызматкер аткарган ченемден ашык иштөөнүн так эсебин камсыз кылууга милдеттүү. Алардын саны жөнүндө маалымат кызматкерге анын талабы боюнча берилет.
58-берене. Жумуш убактысынын режими
1. Жумуш убактысынын режими иш жумасынын узактыгын (2 дем алыш күнү менен беш күндүк, 1 дем алыш күнү менен алты күндүк, өзгөрүлмө график боюнча дем алыш күндөрүн берүү менен иш жумасы), кызматкерлердин айрым категориялары үчүн ченемделбеген жумуш күндөгү жумушту, күндөлүк (кезметтик) иштин узактыгын, жумуштун башталган жана бүткөн убактысын, жумуштагы тыныгуулардын убактысын, суткадагы кезметтин санын, жумуш жана жумуш эмес күндөрдүн кезектешүүсүн кароого тийиш, булар ушул Кодексте белгиленген жумуш убактысынын узактыгын сактоо менен жамааттык келишимде же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде белгиленет.
2. Транспорт, байланыш кызматкерлеринин жана иши өзгөчө мүнөзгө ээ болгон башка чөйрөлөрдүн кызматкерлеринин жумуш убактысынын режиминин жана эс алуу убактысынын өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Жумуш убактысынын белгиленген режими колдонууга киргизилгенге чейин 2 жумадан кечиктирилбестен кызматкерлерге маалымдалат.
4. Кезметтик иштеги жумуш убактысынын режими кезметтүүлүк графиги менен аныкталат. Кызматкерлер кезметтери боюнча бирдей алмашып турат.
5. Кезметтер ортосундагы күнүмдүк эс алуунун минималдуу узактыгы (биринин аягынан, кийинки кезметтин башталышына чейин) эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу убактысы менен бирге кезметтин мурунку эс алуусундагы иш убактысынын эки эселенген узактыгынан кем болбоого тийиш.
6. Кызматкерди анын макулдугусуз катары менен эки кезмет ичинде жумушка дайындоого тыюу салынат.
59-берене. Жумуш убактысын суммалык эсепке алуу
1. Кызматкерлердин ушул категориясы үчүн белгиленген жумуш убактысынын күндөлүк же жумалык узактыгынын ченемин өндүрүштүн (жумуштун) шарттары боюнча сактоого мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон уюмдарда эсепке алуу мезгилиндеги (ай, квартал жана башкалар) жумуш убактысынын узактыгы жумуш сааттарынын ченемдеги санынан ашпаган шартта жумуш убактысынын суммалык эсеби колдонулушу мүмкүн. Эсепке алуу мезгили 1 жылдан ашпоого тийиш.
2. Суммалык эсепке алууда жумуш убактысынын күндөлүк же жумалык узактыгы жумуш күнүнүн же иш жумасынын сааттарынын ченеминен көп же аз болушу мүмкүн.
3. Жумуш убактысын суммалык эсепке алууда эсепке алуу мезгили болуп анын чегинде кызматкерлердин ошол категориясы үчүн жумуш күнүнүн же иш жумасынын орточо белгиленген узактыгы сакталууга тийиш болгон мезгил эсептелет. Эсепке алуу мезгили календардык мезгилдер же белгилүү бир ишти аткаруу мезгили менен аныкталышы мүмкүн.
4. Эсепке алуу мезгилиндеги жумуш убактысынын сааттарынын ченеми жумуш күнүнүн (кезметинин) сааттарынын ченемдерин графикке же иштөө тартибине ылайык майрам алдындагы күндөрдө жана түнкү убакытта жумуш убактысын кыскартууну эске алуу менен эсепке алуу мезгилиндеги жумуш күндөрүнүн санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.
5. Жумуш убактысын суммалык эсепке алууну киргизүү тартиби уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен белгиленет.
60-берене. Жумуш күнүн бөлүктөргө бөлүү
1. Эмгектин өзгөчө мүнөзү бар жумуштарда, ошондой эле жумуш күнүнүн (кезметтин) ичинде интенсивдүүлүгү бирдей болбогон иштерди аткарууда жумуш күнү күнүмдүк иштин белгиленген узактыгынан иш убактысынын жалпы узактыгынан ашып кетпөөсү үчүн бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн.
2. Жумуш күнүн бөлүктөргө бөлүү киргизилген иштердин түрлөрү, тыныгуулардын саны жана узактыгы, ошондой эле мындай иште иштеген кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын түрлөрү жана өлчөмдөрү жамааттык келишим, макулдашуулар же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуусу боюнча иш берүүчү тарабынан аныкталат.
3. Жумуш күнү ичиндеги тыныгуулардын убактысы жумуш убактысына киргизилбейт.
61-берене. Ийкемдүү жумуш убактысынын режими. Ченемделбеген жумуш күнү
1. Ийкемдүү жумуш убактысынын режими жумушта милдеттүү түрдө болуу убактысын (белгиленген убакыт) жана ал убакыттын ичинде кызматкер жумушка өзүнүн каалоосу боюнча келүүгө жана кетүүгө укуктуу болгон ийкемдүү (өзгөрүлмө) убакытты белгилейт.
2. Белгиленген убакыттын жана ийкемдүү убакыттын ар бир бөлүгүнүн узактыгы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
3. Жумуш күнү ичинде ийкемдүү убакыттын максималдуу узактыгы 10 сааттан ашпоого тийиш, эсепке алуу мезгилинде жумуш убактысынын сааттарынын суммасы ошол мезгилдеги сааттардын ченемине барабар болууга тийиш.
4. Иш берүүчү тийиштүү эсепке алуу мезгилдери (жумуш күнү, жума, ай жана башкалар) ичинде кызматкердин жумуш сааттарынын суммалык санын иштөөсүн камсыз кылат.
5. Ченемделбеген жумуш күнү - иштин өзгөчө режими, анда айрым кызматкерлер иш берүүчүнүн тескемеси боюнча зарыл болгон учурларда өздөрүнүн эмгек функцияларын жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан тышкары аткарууга тартылышы мүмкүн.
6. Ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлердин кызмат орундарынын тизмеги жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен белгиленет.
62-берене. Жумуш убактысын эсепке алуу
1. Иш берүүчү кызматкердин ошол иш берүүчүдө иш жүзүндө иштеген жумуш убактысын эсепке алууну уюштурууга милдеттүү.
2. Ишке келүүнүн жана кетүүнүн эсеби статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү белгиленген формадагы жумуш убактысын пайдалануунун табелдеринде, жылдык табелдик карточкаларда жана башка документтерде жүргүзүлөт.
3. Иш жүзүндөгү жумуш убактысы эсепке алынууга тийиш, ага иштелген жана иштелбеген убакыт кирет. Иштелген убакыттын курамында ченемден ашыкча иштөөнүн, өзүнчө иштөөчүлөрдүн убакыт боюнча иштеген ишинин, иш сапарларынын убактысы өзүнчө эске алынат. Иштелбеген убакыттын курамында акы төлөнүүчү жана акы төлөнбөөчү убакыттар, ошондой эле кызматкердин күнөөсү боюнча жана анын күнөөсү жок жумуш убактысынын текке кетиши бөлүп көрсөтүлөт.
4. Иш жүзүндөгү убакыт кызматкер иш тартибине, кезметтүүлүк графигине ылайык же иш берүүчүнүн өзгөчө көрсөтмөсү боюнча ишти аткаруу ордуна келген учурдан тартып ошол күнү жумуштан (кезметтен) иш жүзүндө бошотулганга чейин эске алынат.
5. Жумуштун токтоп калуу убактысы токтоп туруу жөнүндө баракчалардын жана башка документтердин негизинде эске алынат.
5-глава. Эс алуу убактысы
63-берене. Эс алуу убактысынын түрлөрү Эс алуу убактысынын түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жумуш күнү (кезмет) ичиндеги тыныгуулар;
2) күндөлүк (кезмет ортосундагы) эс алуу;
3) дем алыш күндөрү (жума сайын үзгүлтүксүз эс алуу);
4) жумуш эмес майрам күндөрү;
5) өргүүлөр;
6) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Жумуш күнүнүн (кезмет) ичиндеги эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу, атайын тыныгуулар
1. Кызматкерге күндөлүк иш (кезмет) ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн узактыгы 30 мүнөттөн кем эмес жана жалпысынан 1 сааттан ашпаган тыныгуу берилүүгө тийиш, ал жумуш убактысына киргизилбейт.
2. Тыныгуу убактысы жана анын узактыгы уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен же кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленет.
3. Тыныгууну эки бөлүккө бөлүүгө жол берилет. Түшкү тамактануу үчүн тыныгуу убактысы бардык кызматкерлер үчүн жалпысынан же түзүмдүк бөлүмдөр, бригадалар же кызматкерлердин айрым топтору үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.
4. Өндүрүштүн (иштин) шарттары боюнча эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу берүүгө мүмкүн болбогон жумуштарда иш берүүчү кызматкер үчүн жумуш убактысында эс алуу жана тамактануу мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
5. Мындай жумуштардын тизмеги, ошондой эле эс алуу жана тамактануу үчүн жайлар уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат.
6. Жумуштун айрым түрлөрүндө кызматкерлерге жумуш убактысы ичинде өндүрүштүн технологиясы жана уюштурулушу жана эмгек шарттары менен шартталган атайын тыныгууларды берүү каралат. Бул жумуштардын түрлөрү, мындай тыныгууларды берүүнүн узактыгы жана тартиби уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат.
7. Жылдын суук мезгилинде ачык жерде же жабык жылытылбаган жайларда иштеген кызматкерлерге, ошондой эле жүктөө-түшүрүү жумуштарында иштеген жүк түшүрүүчүлөргө жана башка кызматкерлерге мыйзамдарда жана жамааттык келишимде каралган учурларда жылынуу жана эс алуу үчүн атайын тыныгуулар берилет, ал жумуш убактысына киргизилет. Иш берүүчү кызматкерлердин жылынуусу жана эс алуусу үчүн жайларды жабдууну камсыз кылууга милдеттүү.
65-берене. Дем алыш күндөрү
1. Бардык кызматкерлерге дем алыш күндөрү берилет (ар жумалык үзгүлтүксүз эс алуу). Ар жумалык эс алуу күндөрү дем алыш деп таанылат.
2. Беш күндүк иш жумасында 2 дем алыш күнү берилет, алты күндүк иш жумасында 1 дем алыш күнү берилет.
3. Жекшемби жалпы дем алыш күнү болуп саналат. Жумуштун мүнөзүнө жараша экономиканын белгилүү бир секторлорунда жамааттык келишимде, жамааттык макулдашууда же эмгек келишиминде жуманын башка күнү дем алыш күнү катары аныкталышы мүмкүн. Эгерде тараптардын макулдашуусу боюнча башкача аныкталбаса, беш күндүк иш жумасында экинчи дем алыш күнү ички эмгек тартибинин эрежелери же иштөө графиги менен белгиленет. Эки дем алыш күнү тең катары менен берилет.
4. Өндүрүштүк-техникалык жана уюштуруу шарттары боюнча дем алыш күндөрү ишин токтотууга мүмкүн болбогон уюмдарда дем алыш күндөрү жуманын ар кайсы күндөрүндө уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерине ылайык кызматкерлердин ар бир тобуна кезек менен берилет.
65-1-берене. Шайлоодо добуш берүү күнү
1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат.
2. Кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн анын бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.
3. Кызматкерлерди ошол күнү ишке тартуу ушул Кодекстин 67 жана 109-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер колдонулбайт.
4. Жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн.".
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
66-берене. Майрам күндөрү
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1-январь - Жаңы жыл;
2) 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү;
3) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;
4) 21-март - Элдик Нооруз майрамы;
5) 7-апрель - Элдик Апрель революциясынын күнү;
6) 1-май - Эмгек майрамы;
7) 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
8) 9-май - Жеңиш күнү;
9) 31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү;
10) 7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.
2. Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь - жаңы жылдык каникулдар;
2) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;
3) 21-март - Элдик Нооруз майрамы;
4) 1, 2, 3 ,4, 6, 7, 8-май - май каникулдары;
5) 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
6) 9-май - Жеңиш күнү;
7) 31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү.
3. Ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын майрамдары "Орозо айт", "Курман айт" жана 7-январь - "Ыйса Пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество) жумуш эмес майрам күндөрү болуп саналат.
67-берене. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү иштөө
1. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат.
2. Кызматкерлерди дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү ишке тартуу алардын жазуу жүзүндөгү макулдуктары менен төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) өндүрүштүк авариялардын, кыйроонун же табигый кырсыктын кесепеттерин алдын алуу же жоюу үчүн;
2) күтүлбөгөн кырсыктардын, мүлктөрдүн жок болушун же бузулушун алдын алуу үчүн;
3) бүтүндөй уюмдун же анын айрым бөлүмдөрүнүн андан аркы ченемдеги ишинин тез арада аткарылышынан көз каранды болгон күтүлбөгөн жумуштарды аткаруу үчүн.
3. Жумуш эмес майрам күндөрү өндүрүштүк-техникалык шарттар боюнча токтотуп турууга мүмкүн болбогон жумуштарга (үзгүлтүксүз иштөөчү уюмдарга), калкты тейлөө зарылдыгынан улам келип чыккан иштерге, ошондой эле кечиктирилгис оңдоп-түзөө жана жүктөө-түшүрүү иштерине уруксат берилет.
4. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү кинематография уюмдарынын, теле жана видеого тартуу жамааттарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлерин, кесипкөй спортчуларды бюджеттен каржылануучу уюмдардагы ушул кызматкерлердин категорияларынын тизмектерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте, башка уюмдарда - жамааттык келишимде белгиленген тартипте ишке тартууга жол берилет.
5. Башка учурларда дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү ишке тартууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ошол уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен жол берилет.
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, кош бойлуу аялдарды дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү ишке тартууга, эгерде медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча аларга мындай жумушка тыюу салынбаган учурда гана жол берилет.
7. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндөгү иш тараптардын макулдашуусу боюнча башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнүн күндөрүнө кошуп берүү менен, же эки эседен кем эмес өлчөмдө акчалай түрдө компенсацияланышы мүмкүн.
68-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги эмгек өргүүсүнүн узактыгы
1. Кызматкерлерге жумуш ордун (кызмат ордун) жана орточо эмгек акысын сактоо менен ар жылдык өргүүлөр берилет.
2. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү кызматкерлерге узактыгы 28 календардык күнгө берилет.
3. Кызматкерлерге узактыгы 28 календардык күндөн ашкан акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү (узартылган негизги өргүү) ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык берилет.
4. Узактыгы 28 календардык күндөн ашкан узартылган негизги өргүү төмөнкүдөй белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга;
2) 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге (анын ичинде өндүрүштүк окуудан өтүү үчүн кабыл алынгандарга) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - 30 календардык күнгө. Эгерде ага узартылган негизги өргүү берилген жумушчу жылы ичинде кызматкер 18 жашка толсо же анын майыптыгы алып салынса, өргүүнүн узактыгы азайтылбайт;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген айрым категориядагы кызматкерлерге - 30 календардык күн. Узартылган негизги өргүүгө укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
69-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөр
1. Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөр зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге, иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлерге, ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон зоналарда иштеген кызматкерлерге, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда берилет.
2. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, уюмдар өздөрүнүн өндүрүштүк жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү өз алдынча белгилей алат. Мындай өргүүлөрдү берүүнүн тартиби жана шарттары жамааттык келишимдер же уюмдун локалдуу ченемдик актылары менен аныкталат.
3. Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда: жер алдындагы кен казуу жумуштарында жана ачык кен казуу жумуштарында, кен чыккан жерлерде жана карьерлерде, радиоактивдүү булганган зоналарда, адамдын ден соолугуна зыяндуу физикалык, химиялык, биологиялык жана башка факторлорду жоюуга мүмкүн болбогон жагымсыз таасири менен байланышкан башка жумуштарда иштеген кызматкерлерге берилет.
4. Зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы иши үчүн акы төлөнүүчү кошумча өргүү алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги, ошондой эле мындай өргүүнү берүүнүн узактыгы жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү эмгеги жумушту аткаруунун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларына берилет.
6. Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү белгиленген кызматкерлердин категорияларынын тизмегин, ошондой эле мындай өргүү берүүнүн узактыгы жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү берилет, анын узактыгы жамааттык келишим же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат, бирок 3 календардык күндөн кем болбойт. Мындай өргүү берилбеген учурда, жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан ашык иштөө кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ченемден ашыкча иштөө катары компенсацияланат.
8. Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдарда ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.
70-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдүн узактыгын эсептөө
1. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги жана акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Өргүү мезгилине туш келген жумуш эмес майрам күндөрү өргүүнүн календардык күндөрүнүн санына киргизилбейт жана төлөнбөйт.
2. Ушул Кодексте, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларда, макулдашууларда, жамааттык жана эмгек келишимдеринде каралган учурларда акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнүн узактыгы график боюнча жумуш күндөрү менен эсептелет.
3. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн жалпы узактыгын эсептөөдө акы төлөнүүчү кошумча өргүүлөр акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүгө кошулат.
71-берене. Жумуш жылы
1. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү жумуш жылына төмөнкүлөр кирет:
1) иш жүзүндө иштеген убактысы;
2) кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын жумуш орду (кызмат орду) сакталган убактысы, анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы;
3) иштен мыйзамсыз бошотулган же четтетилген жана кийин мурдагы жумушуна калыбына келтирилген ишке аргасыз келбеген убактысы;
4) жамааттык келишимде, эмгек келишиминде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында каралган убакыттын башка мезгилдери.
2. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү жумуш жылына төмөнкүлөр кирбейт:
1) кызматкер жүйөлүү эмес себептер менен (анын ичинде ушул Кодекстин 37-беренесинде каралган учурларда анын иштен четтетилгендигинин натыйжасында) жумушка келбеген убактысы;
2) бала мыйзамда белгиленген жашка толгонго чейин аны багуу боюнча өргүүнүн убактысы;
3) кызматкердин өтүнүчү боюнча берилүүчү узактыгы 14 календардык күндөн ашкан эмгек акысы сакталбаган өргүүлөрдүн убактысы.
3. Зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы иш үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөргө укук берүүчү иш жылына мындай шарттарда иш жүзүндө иштеген убактысы гана киргизилет.
72-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби
1. Акы төлөнүүчү өргүү ар жылы жыл сайын берилет.
2. Иштеген ишинин биринчи жылы үчүн өргүүнү пайдалануу укугу кызматкердин ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо пайда болот. Тараптардын макулдашуусу боюнча кызматкерге акы төлөнүүчү өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн.
3. Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай болгонго чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин арызы боюнча берилет:
1) аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин;
2) 18 жашка чейинки кызматкерлерге;
3) айкалыштырып иштегендерге, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштегенине 11 ай толгонго чейинки мезгилге туура келсе;
4) 3 айга чейинки курактагы баланы (балдарды) асырап алган кызматкерлерге;
5) мыйзамдарда каралган башка учурларда.
4. Ишинин экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык жумуш жылынын каалаган убактысында берилиши мүмкүн.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында баяндалган учурларды кошпогондо, өргүүнү жумуш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу, бирок 14 календардык күндөн кем эмес берүүгө жол берилет.
6. Эгерде жамааттык же эмгек келишиминде башкача каралбаса, негизги өргүүнү биринчи жумуш жылында 11 ай өткөнгө чейин аванс менен берүүдө кызматкер алууга укуктуу болгон кошумча эмгек өргүүлөрү жумуш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу берилет.
7. Кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, ал пайдаланылбаган эмгек өргүүсү үчүн компенсация алуу укугуна ээ болот.
73-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү тариздөө, эсепке алуу жана берүүнүн кезектүүлүгү
1. Өргүү буйрук (тескеме, токтом) же өргүү жөнүндө кат менен таризделет, ага иш берүүчүнүн атынан кол коюлат.
2. Иш берүүчү өргүүлөрдү эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.
3. Өргүү жөнүндө каттын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү жыл сайын кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуудан кийин календардык жыл жаңырганга чейин 2 жумадан кечиктирбестен иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык аныкталат. Өргүүлөрдүн графиги иш берүүчү үчүн да, кызматкер үчүн да милдеттүү болуп саналат.
5. Кызматкерге өргүүнүн башталган датасы жөнүндө ал башталганга чейин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш. Кызматкерге өргүүнү төлөө ал башталганга чейин 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Кызматкерлердин айрым категорияларына ушул Кодексте, башка мыйзамдарда каралган учурларда акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү алардын каалоосу боюнча өздөрүнө ыңгайлуу убакта берилет.
74-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү узартуу же которуу
1. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү төмөнкүдөй учурларда узартылууга тийиш:
1) кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы;
2) эгерде мыйзамдарда каралган болсо, кызматкер акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү убагында мамлекеттик милдеттерди аткарса;
3) мыйзамдарда, жамааттык келишимде же уюмдун локалдуу ченемдик актыларында каралган башка учурларда.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн себептер өргүү башталганга чейин келип чыкса, өргүү кызматкердин каалоосу боюнча кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталуучу учурдагы жумуш жылынын башка мезгилине которулат.
3. Кызматкер иш берүүчүгө өргүүнү пландалган мөөнөттө пайдаланууга тоскоол болгон себептер жөнүндө жана өргүүнү узартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
4. Эгерде кызматкерге өргүү мезгилинде акысы өз убагында төлөнбөсө же болбосо ага өргүүнүн башталган датасы жөнүндө ал башталганга чейин 2 жума мурда эскертилбесе, өргүү кызматкердин арызы боюнча башка мөөнөткө которулат.
5. Кызматкерге учурдагы жумуш жылы өргүү берүү уюмдун ишинин ченемде жүрүшүнө терс таасир этиши мүмкүн болгон өзгөчө учурларда, кызматкердин макулдугу менен өргүүнү кийинки жумуш жылына которууга жол берилет.
6. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү катары менен 2 жыл ичинде бербей коюуга, ошондой эле 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге жана зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бербей коюуга жол берилбейт.
7. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү берилбеген учурда кызматкер аны пайдалануу укугун же берилбеген өргүүлөрдүн бардык жылдары үчүн акчалай компенсация алуу укугун жоготпойт.
75-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бөлүктөргө бөлүү. Өргүүдөн чакыртып алуу
1. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш.
2. Кызматкерди өргүүдөн анын макулдугу менен гана чакыртып алууга жол берилет. Өргүүнүн ушуга байланыштуу пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин тандоосу боюнча учурдагы жумуш жылы ичинде ага ыңгайлуу болгон убакта берилүүгө же кийинки жумуш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.
3. 18 жашка чейинки кызматкерлерди, кош бойлуу аялдарды жана эмгектин зыяндуу жана (же) кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерди өргүүдөн чакыртып алууга жол берилбейт.
4. Өргүүнүн 14 календардык күнүнөн ашкан бөлүгү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырылышы мүмкүн.
5. 18 жашка чейинки кызматкерлерге, ошондой эле оор кара жумуштарда жана зыяндуу жана(же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге карата акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнү акчалай компенсация менен алмаштырууга жол берилбейт.
76-берене. Кызматкерди бошотууда өргүүгө болгон укугун ишке ашыруу
1. Кызматкерди бошотууда ал пайдаланбаган бардык өргүүлөрдүн күндөрү үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет.
2. Кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча пайдаланылбаган өргүү күндөрү ага андан ары иштен бошотуу менен (күнөөлүү иш-аракеттери үчүн бошотулганды кошпогондо) берилиши мүмкүн. Мында бошотулган күн болуп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.
3. Эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотууда андан ары бошотуу менен өргүү өргүүнүн убактысы келишимдин мөөнөтүнүн толук же жарым-жартылай бүткөнүнөн ашып кетсе да берилиши мүмкүн. Бошотулган күн болуп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.
4. Эмгек келишими кызматкердин демилгеси боюнча бузулган учурда андан ары бошотуу менен өргүү берүүдө, эгерде анын ордуна башка кызматкер, ошондой эле ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгек келишимин түзүүдөн баш тартууга мүмкүн болбогон кызматкер жазуу жүзүндө чакырылбаса, ал өргүү аяктаган күнгө чейин өзүнүн бошотуу жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.
77-берене. Эмгек акысы сакталбаган өргүүлөр
1. Үй-бүлөлүк жагдайлар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
2. Иш берүүчү кызматкердин арызынын негизинде төмөнкү учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана жеңилдиктер боюнча аларга теңештирилген адамдарга, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун катышуучуларына - жылына 14 календардык күнгө чейин;
2) өлкөнү коргоодо алган жаракаттын, контузиянын же майып болуунун натыйжасында же болбосо фронтто болуусуна байланышкан оорусунан улам курман болгон аскер кызматчыларынын ата-энелерине жана жубайларына - жылына 30 календардык күнгө чейин;
3) иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - жылына 60 календардык күнгө чейин;
4) кызматкерлерге бала төрөлгөн, никеси катталган, жакын туугандары каза болгон учурларда - 5 календардык күнгө чейин;
5) ушул Кодексте, башка мыйзам актыларында же болбосо жамааттык келишимде каралган учурларда башка адамдарга.
3. Кызматкер эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат.
4. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди эмгек акысы сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.
78-берене. Кызматкерлердин айрым категорияларынын ар жылдык эмгек өргүүсүн өздөрүнө ыңгайлуу каалаган убакта же белгилүү бир мезгилде пайдалануу укугу
1. Кызматкер үчүн каалаган ыңгайлуу убакта ар жылдык эмгек өргүүсүн пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) 14 жашка чейинки эки же андан ашык балдары бар же 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар кызматкерлерге;
2) кызматкерлерге - Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун катышуучуларына, ошондой эле аларга теңештирилген адамдарга;
3) чернобыль апаатындагы кыйроонун кесепетинен жапа чеккен кызматкерлерге;
4) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга.
2. Эмгек өргүүсүн белгилүү мезгилде кезексиз пайдалануу укугу жылдын өздөрүнө ыңгайлуу каалаган убагында төмөнкүлөргө берилет:
1) 18 жашка чейинки кызматкерлерге - жай мезгилинде (июнь-август);
2) өндүрүштөн ажыратылбастан жалпы билим берүү, башталгыч, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында окуп жаткан кызматкерлерге - негизги сабактар өтөөр алдында же өтүп жаткан убакта, окуу иштерин аткаруу, экзамендерди жана зачетторду тапшыруу убагында;
3) аялдары кош бойлуулук же төрөт боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге -ошол өргүү мезгилинде;
4) айкалыштырып иштегендерге - негизги иши боюнча өргүүсү менен бир убакта;
5) кош бойлуу аялдарга;
6) 14 жашка чейинки баласы бар жалгыз бой энелерге/аталарга.
79-берене. Эмгек өргүүсүнүн узактыгын иштеген убактысына пропорционалдуу эсептөө тартиби
1. Жумуш жылындагы пропорционалдуу иштеген убактысына эмгек өргүүсүнүн узактыгы 1 айга туура келүүчү өргүүнүн чоңдугун жумуш жылындагы иштеген айлардын санына көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Иштеген убакыттын үлүшүнө пропорциялуу өргүү күндөрүнүн жалпы узактыгындагы 0,5ке барабар болгон жана андан ашык онунчу үлүштөр 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат.
3. Жумуш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:
1) жумуш жылына киргизилген күндөр эсептелет;
2) алынган сумма жыл ичиндеги жумуш күндөрүнүн орточо айлык санына бөлүнөт;
3) 13 жана андан ашык жумуш күнүн түзгөн күндөрдүн калдыгы толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күндөн аз күндөр эсептен чыгарылат.
80-берене. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала багуу боюнча жана жаңы төрөлгөн балдарды (баланы) асырап алууга байланыштуу өргүүлөр
1. Аялдарга медициналык корутундунун негизинде алардын арызы боюнча ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган тартипте кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет.
2. Кызматкерге анын арызы боюнча баласы 3 жашка толгонго чейин бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча мындай өргүү каалаган убакта жана ар кандай узактыкта берилиши мүмкүн.
3. Кызматкер баласы үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча өргүүнү толук же бөлүп-бөлүп пайдалана алат. Бала багуу боюнча өргүү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы багууну иш жүзүндө жүзөгө ашырып жаткан камкорчусу тарабынан да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн.
4. Аялдын же ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын арыздары боюнча бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн убакта алар толук эмес жумуш убактысы шартында же үйүндө иштей алат.
5. Көрсөтүлгөн кызматкерлерге бала багуу боюнча өргүү убагында иштеген орду (кызмат орду) сакталат.
6. Бала багуу боюнча өргүү жалпы эмгек стажына, ошондой эле адистиги боюнча иш стажына кошулуп эсептелет (жеңилдетилген шартта, иштеген жылдары үчүн пенсия дайындалгандан тышкаркы учурларда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда).
7. 3 айга чейинки баланы асырап алган кызматкерлерге ушул Кодекстин 149-беренесинде каралган тартипте ошол мезгил үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөө менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет.
8. 3 айга чейинки баланы асырап алган кызматкердин арызы боюнча ушул Кодекстин ушул беренесинде каралган бала багуу боюнча кошумча өргүү берилет.
81-берене. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуу менен ишин айкалыштырган кызматкерлер үчүн окуу өргүүлөрү
1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, жогорку кесиптик билим берүүнүн аккредитациясы бар билим берүү уюмдарына сырттан жана күндүзгү-сырттан (кечки) окутуу формалары боюнча окууга иш берүүчү тарабынан жиберилген, бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнкүдөй кошумча өргүүлөрдү берет:
1) биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - 40 календардык күн, кийинки курстарда - 50 календардык күн;
2) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 4 ай;
3) жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 1 ай.
2. Иш берүүчү төмөнкүлөргө эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:
1) жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кирүү сыноолоруна киргизилген кызматкерлерге - 15 календардык күнгө;
2) кызматкерлерге - жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына караштуу даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучуларына бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 15 календардык күнгө;
3) кызматкерлерге - жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын күндүзгү окутуу формасында окуган, окууну иш менен айкалыштырган студенттерге зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - окуу жылында 15 календардык күн; дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай.
3. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында сырттан окутуу формасы боюнча окууга иш берүүчү тарабынан жиберилген кызматкерлерге иш берүүчү окуу жылында бир жолу лабораториялык иштерди аткаруу, зачетторду жана экзамендерди тапшыруу, ошондой эле мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу, дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо үчүн жогорку окуу жайы жайгашкан жерге баруу жана келүү жол киресин төлөп берет.
4. Окууга өз алдынча (иш берүүчүнүн жолдомосуз) тапшырган жана ишти жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар жамааттык келишим же эмгек келишими менен белгиленет.
82-берене. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган кызматкерлер үчүн окуу өргүүлөрү
1. Орто кесиптик билим берүүнүн аккредитациясы бар билим берүү уюмдарына алардын сырттан жана күндүзгү-сырттан (кечки) окутуу формалары боюнча уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, иш берүүчү тарабынан окууга жиберилген, ошол уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнкүдөй кошумча өргүүлөрдү берет:
1) биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн 30 календардык күн, кийинки курстарда 40 календардык күн;
2) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 2 ай;
3) мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай.
2. Иш берүүчү төмөнкүлөргө эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:
1) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кирүү сыноолоруна жиберилген кызматкерлерге - 10 календардык күнгө;
2) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында күндүзгү окутуу формасында окуган кызматкерлерге зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - окуу жылында 10 календардык күн; дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 2 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай.
2) күндүзгү орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган кызматкерлер үчүн окуу жылында тесттерди жана экзамендерди тапшыруу үчүн - 10 календардык күн, дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 2 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай.
3. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында сырттан окутуу формасына иш берүүчү тарабынан окууга жиберилген кызматкерлерге иш берүүчү окуу жылында бир жолу лабораториялык иштерди аткаруу, зачетторду жана экзамендерди тапшыруу, ошондой эле мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу, дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо үчүн башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюму жайгашкан жерге баруу жана келүү жол киресин төлөп берет.
4. Окууга өз алдынча (иш берүүчүнүн жолдомосуз) тапшырган жана ишти орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарындагы окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар жамааттык келишим же эмгек келишими менен белгиленет.
83-берене. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган кызматкерлер үчүн кепилдиктер жана компенсациялар Башталгыч кесиптик билим берүүнүн аккредитациясы бар билим берүү уюмдарына, алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан окууга жиберилип, ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге экзамендерди тапшыруу үчүн жыл ичинде орточо эмгек акысын сактоо менен 30 календардык күнгө кошумча өргүүлөр берилет.
84-берене. Кечки (кезметтик) жалпы билим берүү уюмдарында окуган кызматкерлер үчүн окуу өргүүлөрү Аккредитациясы бар кечки (кезметтик) жаппы билим берүү уюмдарында алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү орточо эмгек акысын сактоо менен бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн IX класста - 9 календардык күн, XI (XII) класста - 22 календардык күн кошумча өргүүлөрдү берет.
85-берене. Ишин окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктерди жана компенсацияларды берүүнүн тартиби
1. Ишин окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар биринчи жолу тиешелүү деңгээлдеги билим алууда берилет.
2. Ишин бир эле убакта эки билим берүү уюмунда окуу менен айкалыштырган кызматкердин билим алуусунда кепилдиктер жана компенсациялар ошол билим берүү уюмдарынын бири боюнча гана берилет (кызматкердин тандоосу боюнча).
6-глава. Эмгектенүү тартиби. Эмгек тартиби
86-берене. Уюмдун эмгектенүү тартиби. Тартип жөнүндө уставдар жана жоболор
1. Уюмдагы ички эмгек тартиби уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашылгандан кийин иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү ички эмгек тартибинин эрежелери же жамааттык келишим менен аныкталат.
2. Уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери - кызматкерлерди кабыл алуунун жана бошотуунун тартибин, эмгек келишиминин тараптарынын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, уюмдун иш режимин, эс алуу убактысын, кызматкерлерге карата колдонулуучу сыйлоо жана жазалоо чараларын жана уюмдагы эмгек мамилелерин жөнгө салуунун башка маселелерин ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык регламенттөөчү уюмдун ченемдик акты.
3. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартип жөнүндө уставдар жана жоболор колдонулат.
87-берене. Эмгеги үчүн сыйлоо
1. Иштеги ийгиликтери үчүн иш берүүчү уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде каралган сыйлоо чараларын колдонот (алкыш жарыялайт, сыйлык берет, баалуу белектер, ардак грамота менен сыйлайт, наамдарга көрсөтөт ж.б.).
2. Кызматкерлерди эмгеги үчүн сыйлоонун башка түрлөрү жамааттык келишим же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери, ошондой эле тартип жөнүндө уставдар жана жоболор менен аныкталат. Коомдун жана мамлекеттин алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн кызматкерлер, ошондой эле иш берүүчүлөр иш берүүчүлөрдүн бирикмелери аркылуу мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 266 ичинен 88. Калгандары, «88-берене» баштап «265-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 88-берене. Тартиптик жазалар
- 89-берене. Тартип жазаларын колдонуу жана даттануу тартиби. Тартип жазасын колдонуу мөөнөтү
- 90-берене. Уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча тартиптик жоопкерчиликке тартуу
- 91-берене. Кызматкерлерге эмгек акы төлөө. Эмгек акы төлөөнүн формалары
- 92-берене. Төмөнкү эмгек акыны белгилөө
- 93-берене. Эмгек акыны белгилөө
- 94-берене. Эмгек акы төлөөнүн мөөнөттөрү
- 95-берене. Орточо эмгек акыны эсептөө
- 96-берене. Эмгек акыдан кармап калуу. Эмгек акыдан кармап калуу өлчөмүн чектөө
- 97-берене. Эмгек акыны төлөөнүн тартиби жана орду. Банкроттук учурда эмгек акы төлөө
- 98-берене. Уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөө
- 99-берене. Өзгөчө шарттарда эмгек акы төлөө
- 100-берене. Ченемдүү иштен четтеген шарттарда иштерди аткарууда эмгек акы төлөө
- 101-берене. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырууда жана убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарууда эмгек акы төлөө
- 102-берене. Ар түрдүү квалификациядагы иштерди аткарууда эмгек акы төлөө
- 103-берене. Түнкү убактагы жумушка акы төлөө
- 104-берене. Эмгек ченемдери (кызматтык милдеттер) аткарылбаганда эмгек акы төлөө
- 105-берене. Жараксыз болуп чыккан продукцияны даярдоодо эмгек акы төлөө
- 106-берене. Токтоп турган убакытка эмгек акы төлөө
- 107-берене. Жаңы өндүрүштү (продукцияны) өздөштүрүүдө эмгек акы төлөө
- 108-берене. Ченемден ашык иштөө үчүн эмгек акы төлөө
- 109-берене. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөргө эмгек акы төлөө
- 110-берене. Эмгекти ченемдөө
- 111-берене. Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү. Эмгек ченемдерин киргизүү, алмаштыруу, кайра кароо
- 112-берене. Мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга тартылган, иш берүүчү тарабынан медициналык текшерүүгө жиберилген кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар
- 113-берене. Кызматкерлер кан же анын компоненттерин тапшырган учурда аларга кепилдиктер жана компенсациялар
- 114-берене. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн кепилдиктер
- 115-берене. Кызматкерлерди иш сапарларына жиберүүдөгү кепилдиктер
- 116-берене. Башка жерге ишке которулууда чыгымдарды төлөө
- 117-берене. Уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктары үчүн милдеттерди аткарууда кепилдиктер жана кызматкердин жеке мүлкүн пайдалануу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу
- 118-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыз болгондо, каза болгон учурда кызматкерге кепилдиктер
- 119-берене. Кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери
- 120-берене. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар
- 121-берене. Кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
- 122-берене. Аттестация
- 123-берене. Окутуу келишими жана окутуу келишиминин мазмуну. Дуалдык окутуу жөнүндө келишим
- 124-берене. Окутуу келишиминин мөөнөтү жана колдонулушу
- 125-берене. Окутуунун уюштуруу формалары. Окутуу убактысы
- 126-берене. Окутуу келишимин бузуунун негиздери жана шарттарынын жараксыздыгы
- 127-берене. Окуучулардын окутууну аяктагандан кийинки укуктары жана милдеттери
- 128-берене. Иш берүүчүнүн кызматкерди эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнөн мыйзамсыз ажыратуунун натыйжасында ага келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу милдети
- 129-берене. Кызматкердин мүлкүнө келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн материалдык жоопкерчилиги. Кызматкерге келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу
- 130-берене. Кызматкердин иш берүүчүгө келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилиги. Кызматкердин материалдык жоопкерчилигин жокко чыгаруучу жагдайлар
- 131-берене. Толук материалдык жоопкерчилик учурлары
- 132-берене. Кызматкерлердин толук материалдык жоопкерчилиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер
- 133-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо
- 134-берене. Кызматкердин зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурушу
- 135-берене. Иш берүүчүгө келтирилген зыянды өндүрүп алуу тартиби
- 136-берене. Кызматкерден өндүрүлүүгө тийиш болгон зыяндын өлчөмүнүн сот тарабынан азайтылышы
- 137-берене. Кызматкерди окутуу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу
- 138-берене. Уюмга анын жетекчиси тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу
- 139-берене
- 140-берене
- 141-берене
- 142-берене
- 143-берене
- 144-берене. Күнүмдүк ишинин кыскартылган узактыгы менен 18 жашка чейинки кызматкерлердин эмгек акысын төлөө
- 145-берене. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын аяктаган адамдарды иш менен камсыз кылуу
- 146-берене. Эмгек келишими бузулган учурда 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн кошумча кепилдиктер
- 147-берене. Зыян келтиргендиги үчүн 18 жашка чейинки кызматкерлердин жоопкерчиликтери
- 148-берене. Кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүү
- 149-берене. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү
- 150-берене. Баланы эмизүү үчүн тыныгуулар
- 151-берене. Эмгек келишимин бузууда кош бойлуу аялдарга жана балалуу аялдарга кепилдиктер
- 152-берене. Майыптыгы бар балдарды жана бала кезинен майыптыгы бар адамдарды багуучу адамдарга кошумча дем алыш күндөр жана өргүүлөр
- 153-берене. Балдарды энесиз тарбиялаган адамдарга кепилдиктер жана жеңилдиктер
- 154-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгекке болгон укугун ишке ашыруусу
- 155-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо
- 156-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу
- 157-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке кабыл алууда кошумча кепилдиктер
- 158-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинин жана эс алуусунун кепилдиктери, шарттары
- 159-берене. Башка ишке которууда жана эмгек келишимин бузууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кошумча кепилдиктер
- 160-берене
- 161-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин колдонуучу иш берүүчүлөр үчүн артыкчылыктар жана жеңилдиктер
- 162-берене. Айкалыштырып иштөө жөнүндө жалпы жоболор
- 163-берене. Айкалыштыруу боюнча ишке кабыл алууда көрсөтүлүүчү документтер
- 164-берене. Айкалыштыруу шарттарындагы жумуш убактысынын узактыгы
- 165-берене. Айкалыштырып иштеген адамдардын эмгегине акы төлөө
- 166-берене. Айкалыштырып иштөөдөгү өргүү
- 167-берене. Айкалыштырып иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар
- 168-берене. Айкалыштырып иштеген адамдар менен эмгек келишимин токтотуу үчүн кошумча негиздер
- 169-берене. Эки айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу
- 170-берене. Сезондук жумуштарда иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу
- 171-берене. Вахталык метод менен иштөө жөнүндө жалпы жоболор
- 172-берене. Вахтанын узактыгы
- 173-берене. Вахталык метод менен иштөөдө иш убактысын эсепке алуу
- 174-берене. Вахталык метод менен иштөөдө эмгек жана эс алуу режимдери
- 175-берене. Вахталык метод менен иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар
- 176-берене. Кызматкердин иш берүүчү - жеке жак менен түзгөн эмгек келишиминин өзгөчөлүктөрү
- 177-берене. Эмгек келишиминин мөөнөтү
- 178-берене. Эмгек жана эс алуу режимдери
- 179-берене. Эмгек келишиминин олуттуу шарттарын өзгөртүү
- 180-берене. Эмгек келишимин токтотуу
- 181-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын чечүү
- 182-берене. Үйдө иштегендер
- 183-берене. Үй эмгегине жол берилүүчү шарттар. Үйдө иштегендер менен эмгек келишимин бузуу
- 184-берене. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү
- 185-берене. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин эмгегин коргоо
- 186-берене. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими
- 187-берене. Өзгөчө учурларда иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди аралыктан иштөөгө убактылуу которуу
- 188-берене. Куралдуу Күчтөрдүн уюмдарында жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда иштеген адамдардын эмгегин жөнгө салуу
- 189-берене. Транспорт кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуу
- 190-берене. Педагогикалык кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу
- 191-берене. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
- 192-берене. Диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
- 193-берене. Банкрот болгондо эмгек келишимдерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
- 194-берене. Медициналык кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун айрым өзгөчөлүктөрү
- 195-берене
- 196-берене. Социалдык өнөктөштүктүн тараптары, принциптери жана формалары
- 197-берене. Социалдык өнөктөштүк тутуму
- 198-берене
- 199-берене. Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча органдар
- 200-берене. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн принциптери
- 201-берене. Жамааттык келишим
- 202-берене. Макулдашуу. Макулдашуулардын түрлөрү
- 203-берене. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
- 204-берене. Эмгектин корголушун камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери
- 205-берене. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери
- 206-берене. Кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутуу жана түшүндүрмө берүү
- 207-берене. Эмгекти коргоо кызматы
- 208-берене. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыкты жана кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүү жана эсепке алуу
- 209-берене. Эмгек шарттары боюнча жеңилдиктер жана компенсациялар
- 210-берене. Кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги
- 211-берене. Келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигин далилдөө
- 212-берене. Зыяндын ордун толтуруунун түрлөрү
- 213-берене. Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өсүшүн эске алуу менен жашоо наркынын жогорулашына байланыштуу зыяндын ордун толтуруу суммаларын жогорулатуу
- 214-берене. Жабырлануучуга эмгек акысынын ордун толтуруу
- 215-берене. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептелинүүчү эмгек акынын курамы
- 216-берене. Орточо айлык эмгек акы аныкталуучу мезгилдер
- 217-берене. Орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби
- 218-берене. Кошумча чыгымдардын түрлөрү
- 219-берене. Бир жолку берилүүчү жөлөкпул
- 220-берене. Иш берүүчүнүн моралдык зыяндын ордун толтуруу милдети
- 221-берене. Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын орду толтурулушуна укугу бар адамдар
- 222-берене. Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү
- 223-берене. Багуучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга төлөмдөрдү кайра эсептөө
- 224-берене. Зыяндын ордун толтуруу суммасы төлөнүп баштоочу мөөнөттөр
- 225-берене. Зыяндын ордун толтуруу төлөнүп берилүүчү мезгилдер
- 226-берене. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө. Төлөнүүчү суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү боюнча чыгымдар
- 227-берене. Зыяндын ордун толтурууну кайра эсептөө жүргүзүлүүчү мөөнөттөр
- 228-берене. Өз убагында алынбаган зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө
- 229-берене. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо ыкмалары
- 230-берене. Эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органы
- 231-берене. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү
- 232-берене. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспекторлордун негизги укуктары
- 233-берене. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспекторлордун милдеттери
- 234-берене. Уюмдарды инспекциялоонун тартиби
- 235-берене. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспекторлордун чечимдерине даттануу
- 236-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтуучу мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
- 237-берене. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспекторлордун ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик
- 238-берене. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспекторлордун жоопкерчилиги
- 239-берене. Эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышын коомдук контролдоо
- 240-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштары
- 241-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо жана жөнгө салуу боюнча субъекттер
- 242-берене. Эмгек талаш-тартыштарын кароонун тартиби
- 243-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарга кайрылуунун мөөнөттөрү
- 244-берене. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар
- 245-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын сотто кароо
- 246-берене. Иштен бошотуу, четтетүү жана башка ишке которуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча чечимдерди чыгаруу
- 247-берене. Кызматкердин акчалай талаптарын канааттандыруу. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароочу органдардын чечими боюнча төлөнгөн суммаларды кайра өндүрүп алууну чектөө
- 248-берене. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароонун өзгөчөлүктөрү
- 249-берене. Кызматкерлердин, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин талаптарын кароо
- 250-берене. Жараштыруу жол-жоболору
- 251-берене. Жараштыруу комиссиясы тарабынан жамааттык эмгек талаш-тартыштарынын каралышы
- 252-берене. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо
- 253-берене. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө байланыштуу кепилдиктер
- 254-берене. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн жүрүшүндө макулдашуу
- 255-берене. Иш таштоого карата укук
- 256-берене. Иш таштоону жарыялоо
- 257-берене. Иш таштоого башчылык кылган орган
- 258-берене. Иш таштоонун жүрүшүндө жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын милдеттери
- 259-берене. Мыйзамсыз иш таштоолор
- 260-берене. Иш таштоону өткөрүүгө байланыштуу кызматкерлердин кепилдиктери жана укуктук абалы
- 261-берене. Локаутка тыюу салуу
- 262-берене. Жараштыруу жол-жоболоруна катышуудан баш тартуу жана жараштыруу жол-жобосунун натыйжасында жетишилген макулдашууну аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
- 263-берене. Мыйзамсыз иш таштоолору үчүн кызматкерлердин жоопкерчилиги
- 264-берене. Жамааттык эмгек талаш-тартышын чечүүдө документтерди жүргүзүү
- 265-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган эмгек мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин түрлөрү
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 58 · байланышкандар: 20
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (3)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики О судебной практике по рассмотрению судами гражданских дел по спорам, вытекающим из трудовых правоотношенийПленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 07.11.2025 · № 32
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 3 октября 2025 года № 27 О судебной практике по делам о преступлениях, совершенных детьмиПленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 03.10.2025 · № 27Пункттар: п. 30
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 4 ноября 2004 года №11 «О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении морального…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 37 · № 11 токтомго өзгөртүү киргизет
Цитата келтиргендер (58)
- Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу…Порядок · 23.09.2025 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын…Постановление · 01.08.2022 · № 435
- Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин кабиналык экипаж мүчөлөрү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин…Положение · 29.09.2025 · № 01
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 680 токтому…Типовое положение · 17.10.2025 · № 680
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 859 "Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын…Постановление · 31.12.2025 · № 859
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 05.06.2026 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы…Устав · 30.01.2026 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 479 "Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп…Постановление · 10.07.2026 · № 479
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлунун № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге…Постановление · 12.07.2024 · № 381
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 44/5-29 "Бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөмдөр тууралуу" токтомуПостановление · 15.05.2025 · № 44/5-29
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 3-апрелиндеги…Положение · 03.04.2026 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери КРАЭ-6 «Вертолёттор. Аба кемелерин эксплуатациалоо. III бөлүк» ӨЗГӨРТҮҮЛӨР жана ТУУРАЛООЛОРДУ КАТТОО БАРАГЫ (Кыргыз Республикасынын…Правила · 29.04.2026 · № 13-21-3
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында…Постановление · 12.12.2023 · № 668
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 "Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2025 · № 752
- Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"Закон · 28.04.2025 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 "Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2025 · № 778
58 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (13)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндөЗакон · 10.07.2025 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)…Закон · 28.07.2026 · № 136
- Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.06.2025 · № 111
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 03.04.2008 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 14.11.2025 · № 257 · Күчүнө кире элек
13 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (20)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн…Инструкция · 27.05.2009 · № 25/11
- "Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 136 токтомуна)Временное положение · 19.03.2025 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 18.07.2025 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 604 "Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка…Постановление · 23.09.2025 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябры № 744 "Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү…Постановление · 18.11.2025 · № 744
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна…Положение · 14.11.2025 · № 739
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-октябрындагы № 718 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын…Постановление · 04.11.2025 · № 718
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 804 "Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 804
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 817 "Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер жана аялдар үчүн…Постановление · 22.12.2025 · № 817
- Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 43/7-9 "Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобосун…Постановление · 02.07.2025 · № 43/7-9
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 332 "Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн эрежелери жөнүндө" буйругуПриказ · 10.12.2025 · № 332
- Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо…Положение · 25.04.2026 · № 291
- Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 739 токтомуна 11-тиркеме)Положение · 14.11.2025 · № 739
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 842 "Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2025 · № 842
- Эмгек китепчелерин жүргүзүү Тартиби (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 345 буйругуна 2-тиркеме)Порядок · 24.12.2025 · № 345
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 2025-П-19/47-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы…Постановление · 17.09.2025 · № 2025-П-19/47-3-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 836 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз…Постановление · 26.12.2025 · № 836
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 521-VIII "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 03.06.2026 · № 521-VIII