Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
109-берене. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөргө эмгек акы төлөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү ишке эки эседен кем эмес акы төлөнөт:
1) баалап иштегендерге - жасалган иштин эки эсе баасынан кем эмес;
2) эмгек акысы күндүк жана сааттык ставкалар боюнча төлөнүүчү кызматкерлерге - күндүк же сааттык эки эсе ставкадан кем эмес;
3) айлык маяна алган кызматкерлерге - эгерде дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндөгү иш жумуш убактысынын бир айлык ченеминин чегинде жүргүзүлсө, айлык маянадан ашык бир күндүк же сааттык ставкадан кем эмес өлчөмүндө, эгерде иш айлык ченемден ашыкча жүргүзүлсө, айлык маянадан ашык эки сааттык же күндүк ставкадан кем эмес өлчөмдө.
2. Дем алыш же жумуш эмес майрам күнү иштеген кызматкердин каалоосу боюнча ага башка дем алыш күн берилиши мүмкүн. Мындай учурда дем алыш же жумуш эмес майрам күндөгү ишине бир эсе өлчөмдө акы төлөнөт, ал эми дем алыш күнгө акы төлөнбөйт.
3. Кинематография уюмдарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлеринин жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдардын, кесипкөй спортчулардын дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү эмгек акысын төлөө Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген кесиптердин тизмегине ылайык эмгек келишимине, жамааттык келишимге же уюмдун ченемдик актысынын негизинде аныкталышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-109" title="109-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>