Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 136
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 63-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-берене менен толукталсын:
"65-1-берене. Шайлоодо добуш берүү күнү
1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат.
2. Кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн анын бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.
3. Кызматкерлерди ошол күнү ишке тартуу ушул Кодекстин 67 жана 109-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер колдонулбайт.
4. Жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн.".
2-берене. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "з" пунктчасы менен толукталсын: "з) анын ичинде жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров | |
| 2026-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 628-VIII «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик…Постановление · 24.06.2026 · № 628-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июну № 629-VIII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Мамлекеттик…Постановление · 24.06.2026 · № 629-VIII
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 29.07.2026
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23