Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
115-берене. Кызматкерлерди иш сапарларына жиберүүдөгү кепилдиктер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Кызматкерди иш сапарына жиберүүдө анын жумуш ордун (кызмат ордун) жана эмгек акысын сактоо, ошондой эле иш сапарына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу кепилденет.
2. Иш берүүчү иш сапарына жиберген учурда кызматкерге төмөнкүлөрдүн ордун толтурууга милдеттүү:
1) жол жүрүү боюнча чыгымдарды;
2) турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды;
3) туруктуу жашаган жеринен сырткары жашагандыгына байланышкан кошумча (суткалык) чыгымдарды.
3. Кызматтык иш сапарына байланышкан чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана өлчөмдөрү жамааттык келишим же уюмдун ченемдик актысы менен аныкталат. Мында ордун толтуруунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн белгиленген өлчөмдөрдөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
4. Туруктуу иши жолдо аткарылуучу же кыдырып жүрүү мүнөзүнө ээ кызматкерлердин кызматтык баруулары иш сапары деп эсептелбейт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>