Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
120-берене. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар ушул Кодекс, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен белгиленет. Көрсөтүлгөн адамдарга кошумча кепилдиктер жана компенсациялар иш берүүчүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жамааттык келишимдер жана макулдашуулар менен белгилениши мүмкүн.
2. Бийик тоолуу райондордо деңиз деңгээлинен 1800 метр жана андан жогору бийиктикте жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө эмгек акысына райондук коэффициенттерди жана кызматтык маяналарына пайыздык үстөктөрдү колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Эмгек акыга райондук коэффициенттин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдарга ошол райондордо же жерлерде иштеген стажы үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк төлөнөт. Кызматтык маяналарга эмгек стажын белгилөө жана пайыздык үстөктүн өлчөмүн эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан уюмдардан бошотулган адамдарга уюмду жоюуга же болбосо кызматкерлердин санын же штатын кыскартууга байланыштуу иштен бошотуу жөлөкпулун эсепке алуу менен ишке орношконго чейин, бирок төрт айдан көп эмес орточо эмгек акы сакталат.
Иштен бошотуу жөлөкпулун жана сакталган орточо эмгек акыны төлөп берүү менчиктин бардык түрүндөгү иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен иш берүүчү тарабынан мурдагы иштеген жери боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдарга мыйзамдар менен белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүүдөн жана жалпы негиздерде берилүүчү акы төлөнүүчү кошумча өргүүдөн тышкары ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү берилет:
1) деңиз деңгээлинен: 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн; 3001 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 24 календардык күн; 4001 метр жана андан жогору бийиктикте иштегенде - 36 календардык күн;
2) алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштегенде - 12 календардык күн.
6. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун тартиби, шарттары жана башка маселелери тиешелүү мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-120" title="120-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>