Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
259-берене. Мыйзамсыз иш таштоолор
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 23-глава
1. Мыйзамсыз иш таштоолор болуп төмөнкүлөр саналат жана аларга жол берилбейт:
1) аскердик же өзгөчө абал, же болбосо өзгөчө чаралар мезгилинде өзгөчө абал жөнүндө мыйзамдарга ылайык; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарында жана уюмдарында, өлкөнү коргоону, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, авариялык-куткаруу, издөө-куткаруу, өрткө каршы иштер, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу же жоюу маселелерин тейлеген башка аскердик, аскерлештирилген жана башка түзүлүштөрдө жана уюмдарда; укук коргоо органдарында; өндүрүштүн же жабдуулардын өзгөчө кооптуу түрлөрүн түздөн-түз тейлеген уюмдарда, тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүчү станцияларда;
2) эгерде иш таштоону өткөрүү мамлекеттин коргонуусуна жана коопсуздугуна, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу менен байланышкан (энергия менен камсыздоо, жылытуу жана жылуулук менен камсыздоо, суу, газ менен камсыздоо, авиация, темир жол жана суу транспорту, байланыш, оорукана) уюмдарда.
2. Иш берүүчүнүн же прокурордун арызынын негизинде соттун чечими боюнча гана иш таштоо мыйзамсыз деп таанылышы мүмкүн.
3. Соттун чечими иш таштоого башчылык кылган орган аркылуу кызматкерлерге жеткирилет, ал дароо соттун чечими жөнүндө иш таштоонун катышуучуларына маалымдоого милдеттүү.
4. Мыйзамдуу күчүнө кирген иш таштоону мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечими токтоосуз аткарылууга тийиш. Иш таштоого башчылык кылган органга соттун көрсөтүлгөн чечиминин көчүрмөсү берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен кызматкерлер иш таштоону токтотууга жана ишке киришүүгө милдеттүү.
5. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда сот баштала элек иш таштоону 30 күндүк мөөнөткө жылдырууга, ал эми башталган иш таштоону ошол эле мөөнөткө токтото турууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-259" title="259-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>