Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин болжолдуу тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-ноябры № 744
Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин болжолдуу тизмегин бекитүү жөнүндө Кызматкерлер толук материалдык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон шарттарды натыйжалуу жөнгө салуу, эмгек мамилелери чөйрөсүндө мыйзамдуулукту, дисциплинаны жана тартипти камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 132-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин болжолдуу тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Болжолдуу тизмекти эске алуу менен толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматкерлер ээлеген же аткарган кызмат орундарынын жана иштердин тизмектерин өз алдынча бекитүүгө укуктуу деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-декабрындагы № 820 "Иштөөдө толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматтар менен жумуштардын болжолдуу тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин Болжолдуу…Перечень · 18.11.2025 · № 744
- Постановление Правительства КР от 27 декабря 2001 года № 820 "Об утверждении Примерного перечня должностей и работ, при занятии которых могут заключаться письменные договоры о…Постановление · 27.12.2001 · № 820 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2006 · № 82 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Постановление Правительства КР от 27 декабря 2001 года № 820 "Об утверждении Примерного перечня должностей и работ, при занятии которых могут заключаться письменные договоры о…Постановление · 27.12.2001 · № 820 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2006 · № 82 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23