Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
110-берене. Эмгекти ченемдөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Кызматкерлерге төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) эмгекти ченемдөөнү тутумдуу уюштурууга мамлекеттик көмөк көрсөтүүгө;
2) иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын катышуусу менен аныкталуучу же жамааттык келишим менен белгиленүүчү эмгекти ченемдөө тутумдарын колдонууга.
2. Эмгек ченемдери - аткарылган иштин. убакыттын, тейлөөнүн ченемдери техниканын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун жетишилген деңгээлине ылайык кызматкерлер үчүн белгиленет.
3. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуучу жаңы техниканын, технологиянын, уюштуруучулук, же болбосо башка иш-чаралардын өркүндөтүлүшүнө же киргизилишине жараша, ошондой эле заманбап талаптарга ылайык келбеген жабдуулар пайдаланылган учурда эмгек ченемдери кайра каралышы мүмкүн.
4. Айрым кызматкерлердин алардын демилгеси боюнча эмгектин жаңы ыкмаларын колдонуунун жана жумуш орундарын өркүндөтүүнүн эсебинен продукция иштеп чыгуунун (кызмат көрсөтүүнүн) жогорку деңгээлине жетишүүсү мурда белгиленген эмгектин ченемдерин кайра кароого негиз боло албайт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-110" title="110-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>