Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 435 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 23-августундагы № 425, 2025-жылдын 25-июлундагы № 446, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309, 2026-жылдын 24-августундагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маянага эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөр 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин 48 бирдиктен турган чектүү саны.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
- өзгөчө шарттарда иштеген адамдарга кызматтык маянасынын 45 пайызы өлчөмүндө үстөк (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164, 224-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык);
- изотоптор менен түздөн-түз байланышта болбогон, бирок Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин аймагында иштеген жана радиоактивдүү нурланууларга дуушар болгон кызматкерлерге кызматтык маянанын 30 пайызы өлчөмүндө үстөк;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмгектик өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм. Аталган компенсация өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
- негизги персоналга (бир штаттык бирдиктен көп эмес) иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, ал өргүүгө төлөнүүчү акыларды, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 23-августундагы № 425, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309, 2026-жылдын 24-августундагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин жетекчисине иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы, чыгармачыл, кесипкөй демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө үстөктү белгилөө укугу берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 196 "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров | |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| 1-глава. Негизги персонал | ||
| 1 | Директор | 3,25 |
| 2 | Директордун орун басары | 3,00 |
| 3 | Башкы бухгалтер | 3,00 |
| 4 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пунктунун участогунун начальниги | 3,00 |
| 5 | Техникалык бөлүмдүн начальниги | 2,65 |
| 6 | Пландоочу-экономист | 2,65 |
| 7 | Кадрлар боюнча инспектор | 2,40 |
| 8 | Инженер-программист | 2,40 |
| 9 | Юрист | 2,20 |
| 10 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,20 |
| 2-глава. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
| 11 | Дозиметрист | 1,90 |
| 12 | Лаборант-радиометрист | 1,90 |
| 13 | Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1,85 |
| 14 | Электр отказаны-буулоо боюнча оператор | 1,85 |
| 15 | Кир кийимдерди кабыл алуучу-сорттоочу | 1,85 |
| 16 | Радиоактивдүү калдыктарды дезактиватор | 1,85 |
| 17 | Жуугуч-дезактиватор | 1,85 |
| 18 | Кийим үтүктөөчү | 1,85 |
| 19 | Электромонтер | 1,85 |
| 20 | Дезинфекциялоо боюнча адис | 1,85 |
| 21 | Газ-электр ширетүүчү | 1,85 |
| 22 | Слесарь-оңдоочу | 1,85 |
| 23 | Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 2,20 |
| 24 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 2,40 |
| 25 | Радиоактивдүү булганган кийимдерди ташуу боюнча автомобилдин айдоочусу | 2,20 |
| 26 | Кампанын башчысы | 1,90 |
| 27 | Атайын кир жуучу жайдын башчысы | 1,85 |
| 3-глава. Кенже тейлөөчү персонал | ||
| 28 | Күзөтчүлөрдүн бригадири | 1,85 |
| 29 | Көмүү пунктунун жана атайын кир жуучу жайдын күзөтчүсү | 1,80 |
| 30 | Көмөкчү жумушчу | 1,80 |
| 31 | Өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,80 |
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн ПАЙЫЗДЫК ҮСТӨКТӨР (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Иш стажы | Үстөктөрдүн өлчөмдөрү (пайыз менен) |
| 1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
| 2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
| 3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
| 4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
| 5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
| 6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
| 7 | 25 жылдан жогору | 40 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 01.08.2022 · № 435
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген…Постановление · 23.08.2023 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө…Постановление · 27.12.2022 · № 716
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелеринин эмгек акы төлөө…Постановление · 29.04.2026 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине эмгек акы төлөө…Постановление · 24.08.2026 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 446 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген айрым кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын…Постановление · 25.07.2025 · № 446
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 196 "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 06.04.2015 · № 196 · Күчүн жоготкон
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 06.04.2015 · № 196 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө…Постановление · 27.12.2022 · № 716
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 06.04.2015 · № 196 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон