Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 842
Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-августундагы № 372 "Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын ТИЗМЕГИ
1. Мамлекеттик айыл чарба ишканалары, уюмдары же айыл жерлеринде жайгашкан айыл чарба боюнча илимий-изилдөө уюмдары (*).
2. Темир жол транспортунун линиялык ишканалары (*).
3. Байланыш уюмдарынын эксплуатациялык ишканалары (*).
4. Саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык жана санитардык-профилактикалык мекемелери (*).
5. Билим берүү уюмдары.
6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондорундагы илимий мекемелери.
7. Мамлекеттик театрлар, көркөм жамааттар жана студиялар.
8. Гидрометеорологиялык кызматтын тармактык уюмдары.
9. Геологиялык экспедициялар, партиялар, отряддар жана участоктор.
10. Токой жана суу чарба уюмдары.
11. Айыл жерлериндеги агартуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо уюмдары, маданий-агартуу мекемелери.
12. Жалпы пайдалануудагы жолдорго эксплуатациялоо жүргүзүүчү жол уюмдары (*).
13. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо курулушту ишке ашыруучу курулуш, курулуш-монтаждоо жана башка адистештирилген уюмдар, участоктор (*).
14. Көлмө, көл, балык өстүрүү чарбалары, балык заводдору, көбөйтүп-өстүрүүчү чарбалар жана балык питомниктери, балык чарбасынын башка ишканалары, мекемелери жана уюмдары (*).
(*) - башкы бухгалтерлердин жана кассирлердин кызмат орундарынан тышкары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-агустандагы, №372 " Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө"Постановление · 16.08.2005 · № 372 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-агустандагы, №372 " Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө"Постановление · 16.08.2005 · № 372 · Күчүн жоготкон