Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
191-берене. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 16-глава
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Кодекске, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат.
2. Чет мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон жана кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалууга тийиш болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарындагы дипломатиялык, консулдук жана административдик мамлекеттик кызмат орундарына тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалат.
3. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына жиберүүдө ал тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, ага караштуу органдагы же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүгүндөгү кызмат ордунан бошотулат жана чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык кызмат органындагы кызмат ордуна дайындалат.
4. Чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарынын мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүгүндө ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордуна дайындалат.
5. Тийиштүү бош кызмат орду жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейинки ээлеген кызмат ордунан төмөн кызмат ордуна, бирок бир тепкичтен төмөн эмес кызмат ордуна жана кызматкердин өзүнүн макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн.
6. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
7. Чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек шарттары ушул Кодексте белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес.
8. Ушул Кодексте жана башка мыйзам актыларында каралган негиздерден тышкары, чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына жиберилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери төмөнкү учурларда чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарынан чакыртылышы мүмкүн:
1) жүргөн өлкөдө өзгөчө кырдаал келип чыкканда;
2) кызматкер "нон грата" персонасы деп жарыялаганда же болбосо жергиликтүү компетенттүү органдардан жүргөн өлкөдө анын ылайыксыздыгы тууралуу кабарлама алынганда;
3) кызматкер жүргөн өлкөнүн каада-салттарын жана мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактабаганда;
4) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын, жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин, ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү тиешелүү дипломатиялык кызмат органынын аймагында колдонулган жашоо эрежелерин сактабаганда;
5) эмгек милдеттерин, ошондой эле кызматкер тааныштырылган режимдик талаптарды бир жолу одоно бузганда;
6) 2 айдан узак созулган убактылуу эмгекке жарамсыз учурда же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилген оорулардын тизмесине ылайык чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган оорусу болгондо.
9. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган негиздердин бири боюнча чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарынан чакыртып алууда, чет өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарына кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүктөрүндө кызмат ордун ээлебеген кызматкерлерди иштен бошотуу ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча жүргүзүлөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-191" title="191-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>