Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 10-июлу № 479 Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгилөө жөнүндө
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 253 «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аталган дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат деп;
- үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт деп.
3. Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 10-июлунда https://www.gov.kg/ky/npa/s/4823 расмий сайтында жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук…Указ · 10.07.2026 · № 253