Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер жана аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-декабры № 817
Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер жана аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 139-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
- оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдо каралган оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери менчигинин формасына жана ишинин түрүнө карабастан бардык уюмдар үчүн милдеттүү деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен көтөрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эң жогорку ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун жыйырма биринчи абзацы.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
1-тиркеме
Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери
№
Аталышы
18 жашка чейинки кызматкерлер
Жүктүн чектүү жол берилген массасы, кг
1-глава. Иштин мүнөзү, эмгектин оордугунун көрсөткүчтөрү
1
Иш нөөмөтүнүн ичинде жүктү дайыма кол менен көтөрүү жана жылдыруу
Уландар
Кыздар
14 жаш
15 жаш
16 жаш
17 жаш
14 жаш
15 жаш
16 жаш
17 жаш
3
3
4
4
2
2
3
3
2-глава. Иш нөөмөтүнүн 1/3 көбүнүн ичинде жүктү кол менен көтөрүү жана жылдыруу
2
Дайыма (саатына 2 жолудан ашык)
6
7
11
13
3
4
5
6
3
Башка иш менен кезектеш- тирүүдө (саатына 2 жолуга чейин)
12
15
20
24
4
5
7
8
3-глава. Бир нөөмөттө жылдырылуучу жүктүн суммалык массасы
4
Жумушчу ордунан көтөрүү
400
500
1000
1500
180
200
400
500
5
Полдон көтөрүү
200
250
500
700
90
100
200
250
Эскертүү:
1. Эгерде бул аткарылуучу туруктуу кесиптик ишке түздөн-түз байланыштуу болсо, оордуктарды белгиленген ченемдердин чегинде көтөрүүгө жана жылдырууга жол берилет.
2. Көтөрүлүүчү жана жылдырылуучу жүктүн массасына идиштин жана таңгактын массасы кирет.
3. Жүктү арабаларда же контейнерлерде ташууда жумшалуучу күч төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- 14 жаштагы уландар үчүн - 12 кг, 15 жаштагы - 15 кг, 16 жаштагы - 20 кг, 17 жаштагы - 24 кг;
- 14 жаштагы кыздар үчүн - 4 кг, 15 жаштагы - 5 кг, 16 жаштагы - 7 кг, 17 жаштагы - 8 кг.
2-тиркеме
Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери
№
Иштин мүнөзү
Жүктүн чектүү жол берилген массасы
1
Башка иш менен кезектештирүүдө оордуктарды көтөрүү жана жылдыруу (саатына 2 жолуга чейин)
10 кг
2
Иш нөөмөтүнүн ичинде дайыма оордуктарды көтөрүү жана жылдыруу
7 кг
3
Иш нөөмөтүнүн ар бир жумушчу саатынын ичинде аткарылуучу динамикалык иштин чоңдугу төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
4
Жумушчу ордунан
1750 кГм
5
Полдон
875 кГм
Эскертүү:
1. Көтөрүлүүчү жана жылдырылуучу жүктүн массасына идиштин жана таңгактын массасы кирет.
2. Жүктү арабаларда же контейнерлерде ташууда жумшалуучу күч 10 кг ашпоого тийиш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү…Постановление · 02.12.2005 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу…Постановление · 27.09.2012 · № 656
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү…Постановление · 02.12.2005 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу…Постановление · 27.09.2012 · № 656
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23