Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
123-берене. Окутуу келишими жана окутуу келишиминин мазмуну. Дуалдык окутуу жөнүндө келишим
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 9-глава
1. Иш берүүчү иш издеген адам менен кесиптик окутууга окутуу келишимин, ал эми ошол уюмдун кызматкери менен иштен ажыратпастан кайра окутууга окутуу келишимин түзүүгө укугу бар.
2. Иш издеген адам менен окутуу келишими жарандык-укуктук болуп саналат жана жарандык мыйзамдар жана жарандык укуктун ченемдерин камтыган башка актылар менен жөнгө салынат. Ошол уюмдун кызматкери менен окутуу келишими эмгек келишимине кошумча болуп саналат жана эмгек мыйзамдары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка актылар менен жөнгө салынат.
3. Окутуу келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) тараптардын аталыштары;
2) окуучу ээ болуучу конкреттүү кесипке, адистикке, квалификацияга көрсөтмө;
3) иш берүүчүнүн кызматкерге окутуу келишимине ылайык окууга мүмкүндүк түзүү жөнүндө милдети;
4) кызматкердин окуудан өтүү жана ээ болгон кесипке, адистикке, квалификацияга ылайык эмгек келишими боюнча окутуу келишиминде белгиленген мөөнөттүн ичинде эмгек келишими боюнча иштөөгө милдеттүүлүгү;
5) окуучулук мөөнөтү;
6) окуучулук мезгилдеги эмгек акынын өлчөмү;
7) тараптардын кайсы болбосун биринин демилгеси боюнча окутуу келишими бузулган жана аткарылбаган учурда окутуу келишиминин шарттарын, окуп үйрөнүү мезгилинде тараптар (тарап) тарткан чыгашаларды жабуу жана ордун толтуруу шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги.
4. Окутуу келишиминде тараптардын макулдашуусу менен аныкталган башка шарттар да камтылышы мүмкүн.
5. Дуалдык окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген дуалдык окутуу жөнүндө типтүү келишимдин формасынын негизинде түзүлгөн дуалдык окутуу жөнүндө келишимге ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Өндүрүштүк окуудан жана кесиптик практикадан өтүп жаткан адамдарга эмгек коопсуздугу жана коргоо талаптары жайылтылат.
7. Дуалдык окутуу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-123" title="123-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>