Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 381
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 276, 2026-жылдын 18-августундагы № 559 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматкерди жалдоо жөнүндө типтүү эмгек келишими 1-тиркемеге ылайык;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин сый акысынын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) үзгүлтүксүз иштин 11 айы аяктагандан кийин өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде, ошондой эле республикалык бюджеттен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 276 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров | ||
| 1-тиркеме | |||
| Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматкерди жалдоо жөнүндө ТИПТҮҮ ЭМГЕК КЕЛИШИМИ | |||
| ___________________________ | "___" __________ 20___-жыл | ||
| (эмгек келишими түзүлгөн жер) | (эмгек келишими түзүлгөн жер) | ||
| 1. Иш берүүчү _______________________________________________________________________________ (ЖӨБ органынын аталышы) _____________________________________________________________________________________________ (иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү) _____________________________________________________________________________________________ жана кызматкер _______________________________________________________________________________ (кызматкердин аты-жөнү) ортосунда төмөнкү жөнүндө ушул келишим түзүлдү. 2. Кызматкер _________________________________________________________________________________ (кызматкердин аты-жөнү) ________________________________________________________________________________ кызмат ордуна (кызматынын толук аталышы) жумушка кабыл алынат _________________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы) 3. Эмгек келишимдин түрү (керектүүсүнүн асты сызылат): - белгиленген мөөнөткө (5 жылдан көп эмес); - белгилүү бир ишти аткаруу убактысына. Эмгек келишиминин колдонуу мөөнөтү (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-статьясына ылайык): жумуш башталган күн _______________________________________________________________________ жумуш бүткөн күн ___________________________________________________________________________ 4. Иштөө режими: - жумуштун башталышы _____________________________________________________________________ - тыныгуу _________________________________________________________________________________ - жумуштун бүтүшү _________________________________________________________________________ 5. Эмгек келишими колдонулган мезгилде кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү: __________________________________________________________________________________________ (кызматкердин конкреттүү милдеттери көрсөтүлөт) 6. Эмгек келишими колдонулган мезгилде иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү: _________________________________________________________________________________________ (иш берүүчүнүн конкреттүү милдеттери (кызматкердин ишин уюштуруу, эмгек шарттарын түзүү, жумуш ордун техникалык жабдууну камсыз кылуу ж.б.) көрсөтүлөт). 7. Айына 1 жолу төлөнүүчү киреше салыгын жана Социалдык фондго төгүмдөрдү чегерүү менен кызматкерге _________________________________ сом өлчөмүндө сый акы белгиленет. 8. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ушул уюмда кызматкердин үзгүлтүксүз ишинин 11 айы өткөндөн кийин ар жылдык эмгек өргүү белгиленет. 9. Эмгек келишимин токтотуунун негиздери __________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн) 10. Өзгөчө шарттар _______________________________________________________________________ 11. Бул эмгек келишиминин шарттары ага кол коюлган учурдан тартып тараптар үчүн милдеттүү юридикалык күчкө ээ. Ушул келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки тараптуу жазуу жүзүндөгү макулдашуу менен таризделет. 12. Бул келишим тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. 13. Бул келишимдин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 79-статьясында каралган ченемдерге ылайык токтотулат. Бул келишим тараптардын макулдугу боюнча жаңы мөөнөткө узартылышы же кайра түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын макулдугу ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган протокол менен таризделет. 14. Иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. 15. Ушул эмгек келишиминде каралбаган маселелер Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. 16. Ушул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү, алардын бири - кызматкерге, экинчиси иш берүүчүгө берилет. | Иш берүүчү: | Кызматкер: | |
| __________________________________________ | __________________________________________ | ||
| (колу) (мөөрү) | (колу) | ||
| Тараптардын даректери: | |||
| __________________________________________ | __________________________________________ | ||
| 2-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин сый акысынын өлчөмдөрү
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августундагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин категориялары | Өлчөмдөрү (сом менен) |
| 1 | Облустук маанидеги шаардын мэриясынын жалданган кызматкерлери | 43200 |
| 2 | Райондук маанидеги шаардын мэриясынын жалданган кызматкерлери | 38300 |
| 3 | Айыл өкмөтүнүн жалданган кызматкерлери | 35300 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (15)
- Айыл башчысы жөнүндө ЖОБОПоложение · 15.11.2024 · № 687
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы "“ “Ат-Башы айыл аймагынын айыл башчылары жөнүндөгү” жобону бекитүү жөнүндө" №4-2 токтомуПостановление · 23.01.2025 · № 4-2
- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-январындагы №3/4 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024-жылдагы №381 токтомуна ылайык келишимдин негизинде…Постановление · 13.01.2025 · № 3/4
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 31-январындагы №7-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше…Постановление · 31.01.2025 · № 7-1
- Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-апрели № I “Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 03.04.2025 · № I
- Ак-Турпак айылдык кенешинин 2025-жылдын 18-мартындагы №14 "Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2025 · № 14
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралы № 12 Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 12
- Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 18-июлундагы №34 "А.Масалиев айыл өкмөтүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.2025 · № 34
- Регламент, №13 Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө жөнүндөгү 2025-жылдын 5-мартындагы токтомуна ылайыкРегламент · 05.03.2025 · № 13
- Типтүү Регламент, «Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө» Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралындагы №4 токтомуна ылайык.Типовой регламент · 26.02.2025 · № 4
- Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы, №13/2 “ Мады айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо, бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.01.2026 · № 13/2
- Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы, №13/2 “Мады айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо, бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.01.2026 · № 13/2
- Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралы № 4/5 Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 4/5
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз…Постановление · 18.08.2026 · № 559
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 22.05.2025 · № 276
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.