203-берене. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 20-глава
203-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 203-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу эмгекти коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, ошондой эле кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген башка өкүлчүлүктүү органдардын макулдашылган иш-аракеттери менен камсыз кылынат жана төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу;
2) өндүрүштүк иштин натыйжаларына карата кызматкердин өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгы;
3) менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн түрүнө карабастан бардык уюмдар үчүн эмгекти коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү талаптарды белгилөө;
4) уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын бардык жерде аткарылышына көз карандысыз жана таасирдүү көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу;
5) эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, эмгекти коргоо боюнча республикалык, аймактык максаттуу программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу;
6) ар бир күтүлбөгөн кырсыкты жана кесиптик ооруну териштирүү жана эсепке алуу жана ошонун негизинде алардын себептерин жокко чыгаруучу чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу милдеттүүлүгү;
7) өндүрүштө күтүлбөгөн кырсыктан жабыр тарткан же кесиптик ооруга чалдыккан кызматкерлердин кызыкчылыктарын социалдык жактан коргоо;
8) эмгекти коргоону камсыз кылууга багытталган кесиптик бирликтердин, башка коомдук бирикмелердин жана уюмдардын жана айрым адамдардын иштерин ар тараптуу колдоо;
9) эмгекти коргоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык кызматташуу.
2. Эмгекти коргоо боюнча мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик актыларды (эмгекти коргоо боюнча тармактар аралык жана тармактык эрежелер жана типтүү нускамалар, курулуш жана санитардык ченемдер жана эрежелер, коопсуздук боюнча эрежелер жана нускамалар, түзүлүү жана коопсуз пайдалануу эрежелери, долбоорлоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысы, гигиеналык ченемдер жана эмгек коопсуздугунун мамлекеттик стандарттары) иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби, ошондой эле аларды кайра кароонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
203-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021083/st-203" title="203-берене - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>