Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141
1. Түз келишим түзүү усулу менен сатып алуулар - сатып алуучу уюм веб-порталга же веб-порталдын электрондук каталогуна келип түшкөн табыштамалардын (сунуштардын) арасында бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин (ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо) сатып алуулар жөнүндө келишимге кол кое турган мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу. Эгерде веб-порталга табыштамалар (сунуштар) келип түшпөгөн учурда, сатып алуулар табыштамаларды (сунуштарды) кагаз жүзүндө суратып алуу аркылуу кайрадан мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Сатып алуучу уюм табыштамага кепилдик берүүчү декларацияга берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кол коюшу жөнүндө талапты кое алат. Берүүчү (подрядчы) ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган, сатып алуучу уюм тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 17-пунктун кошпогондо, сатып алуу жөнүндө документация ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык иштелип чыгат. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6 жана 17-пункттарында каралган сатып алууларга карата сатып алуучу уюм салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз тууралуу маалыматты талап кылбастан келишим түзүүгө укуктуу.
2. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6, 11, 15, 17-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, түздөн-туз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларды жүргүзгөнгө чейин эки жумуш күндөн кечиктирбестен, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган жарыяны жайгаштырат:
1) сатып алуунун предмети жана көлөмү;
2) сатып алуунун жалпы суммасы.
3. Келишим түзүлгөндөн кийин эки жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуучу уюм жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты веб-порталга жайгаштырат.
4. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу:
1) бааларды жана техникалык өзгөчөлүүлүктөрүн сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 5 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууда;
2) мурда башталган жумуштарды кеңейтүүгө же болбосо алардын көлөмүнүн чоңоюшуна байланышкан конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 5 пайызынан ашпаган кошумча курулуш иштерин же кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ал эми ошол эле подрядчыны ишке тартуу буга чейин аткарылган иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата натыйжалардын үнөмдүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылганда;
3) финансылык жылга чыгымдардын беренесинде бекитилген суммага карабастан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча, минималдуу босоголук суммага чейинки өлчөмдө сатып алганда. Мында бөлүнбөс сатып алуунун предметинин наркы минималдуу босоголук суммадан ашпоого тийиш;
4) товарларды жазык-аткаруу системасындагы (пенитенциардык) ишканалардан жана мекемелерден сатып алганда;
5) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдөн же бул товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата интеллектуалдык же айрыкча укуктарга ээ болгон конкреттүү берүүчүдөн (подрядчыдан) сатып алууда жана сатып алуунун бөлөк усулун колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогондо;
6) жогорулатылган даярдык режиминде гана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана (же) өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда, токтоосуз калыбына келтирүүнү жана оңдоону талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн, ошондой эле тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)
7) эгерде жүргүзүлгөн конкурстар өткөн жок деп таанылса жана конкурстук документациянын кайра каралган талаптарын эсепке алуу менен конкурсту кайрадан өткөрүү келишим түзүүгө алып келбесе;
8) сатып алуучу уюм алдын ала билбеген жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууда шашылыш зарылдык келип чыкканда, көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде милдеттүү түрдө конкурс жарыялоо шарты менен;
9) мөөнөтүнөн мурда шайлоолор жана референдумдар өткөрүлгөндө;
10) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн иш-аракетин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери үчүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери менен, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн сатып алуулардан тышкары, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
11) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде аталган адамдардын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент спикерлеринин, тышкы саясий ведомство жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле аларга теңдештирилген жактардын деңгээлиндеги дипломатиялык протоколдорду жана чет өлкөлүк делегациялардын визиттерин камсыз кылуу менен байланышкан (турмуш-тиричиликтик, мейманканалык, транспорттук тейлөө, компьютердик жабдууларды пайдалануу, санитардык-эпидемиологиялык шарттарды камсыздоо, коопсуз тамактандыруу) сатып алууларды жүргүзүүдө;
12) (КР 2019-жылдын 26-июнундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13) табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген баалар боюнча табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
14) мамлекеттик орган тарабынан анын ыйгарым укуктарына ылайык же анын ведомствосуна караштуу болгон, тиешелүү ыйгарым укуктары мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен белгиленген мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар, акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык юридикалык жактар тарабынан гана аткарылуучу же көрсөтүлүүчү жумуштарды же кызматтарды сатып алууда;
15) улуттук коргонууну жана улуттук коопсуздукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте камсыз кылууда;
16) мамлекеттин же болбосо сатып алуучу уюмдардын эл аралык арбитраждарда, эл аралык коммерциялык арбитраждарда жана чет өлкөлүк сот органдарында кызыкчылыктарын коргоо жана көрсөтүү боюнча консультациялык жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
17) жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча минималдуу босоголук сумманын 3 пайызына чейин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
18) максималдуу босоголук суммадан ашпаган суммага изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөрүүдө же илимий корутундуларды даярдоодо;
19) майыптар үчүн адистештирилген товарларды жана Брайль шрифти менен терилген окуу куралдарын сатып алууда;
20) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, улуттук сапат стандарттарына ылайык чыгарылышынын тиешелүү сертификаты болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болгон товарларды ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алууда. Мында товарлардын наркы монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат;
21) маданият жана искусство жаатындагы чыгармачылык долбоорду жана чыгармачылык иштерди аткаруу үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууда;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган берүүчүдөн (подрядчыдан) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган нарк боюнча конкреттүү сатып алууда. Ушул ченем улуттук режимден алып коюунун алкагында колдонулат.
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда.
24) Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.
25) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин даярдоо боюнча кызмат көрсөтүлөрдү сатып алууда.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)
5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1, 3, 6-11, 13, 15, 17-20-пункттарында каралган сатып алуулар электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8, 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных закупках", "Об акционерных обществах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 марта 2021 года № 28 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 апреля 2020 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (15)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 233-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүсү жана өткөрүүсү боюнча чаралар жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 02.06.2015 · № 233-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3659-VI "Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык…Постановление · 01.04.2020 · № 3659-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1594-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.05.2017 · № 1594-VI
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 616-б (Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексинин эскиздик долбоорун жактыруу тууралу)…Распоряжение · 21.12.2015 · № 616-р
- "Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө ЖОБО"(Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен…Постановление · 14.10.2015 · № 175-п
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 17.12.2021 · № 328-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т тескемесине өзгөртүү киргизилген…Распоряжение · 28.12.2021 · № 348-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы № 75-б ("1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалы" тарыхый-маданий маанидеги объектти куруу тууралуу)…Распоряжение · 29.02.2016 · № 75-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 140-т "Бюджеттик каражаттарды натыйжапуу пайдалануу, билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана…Распоряжение · 24.03.2022 · № 140-р
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 17-августундагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 17.08.2021 · № 651
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 238 "Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизүү боюнча…Постановление · 02.11.2021 · № 238
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 31-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 27.01.2022 · № 31-р
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2017-жылдын 29-июнундагы N 1805-VI "Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө"…Постановление · 29.06.2017 · № 1805-VI
- КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т "Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз…Распоряжение · 06.04.2022 · № 173-р
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 6 майындагы № 232 токтомуПостановление · 06.05.2016 · № 232
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2019 · № 76 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупкахЗакон · 11.08.2021 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-21" title="21-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>