Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинети «Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» тескемеси
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 6-апрели № 173-т Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Global Hydro Energy" GmbH компаниясы (Австрия) Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын курууга көмөкчү гидромеханикалык жабдуулары, технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системасы менен гидрокубаттуулук жабдууларынын комплектин жеткирип берүүчү, ошондой эле коштоочу кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
2. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна жогоруда аталган товарларды жана коштоочу кызматтарды "Global Hydro Energy" GmbH компаниясынан (Австрия) монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган нарк боюнча сатып алуу сунушталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А. У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон