14-берене. Конкурстук документтерди иштеп чыгуу
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141
1. Сатып алуучу уюм, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стандарттык конкурстук документтерди пайдалануу менен, конкурстук документацияны өткөрүлүүчү ар бир конкурска өзүнчө иштеп чыгат.
2. Конкурстук документацияда милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) конкурстук табыштамаларды даярдоо боюнча нускама;
2) ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясына коюлган талаптар;
3) берүүчүлөр (подрядчылар) өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн берүүгө тийиш болгон документтүү далилдерге коюлган талаптар;
4) сатып алуулардын предметине, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүнө кеңири сыпаттама, ал өзүндө курулуштун бүткүл көлөмүнө карата техникалык адистешмелерди, долбоорлук-сметалык документтерди, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизаларды, пландарды, чиймелерди жана эскиздерди, товардын санын; берилүүгө тийиш кызмат көрсөтүүлөрдү; товарлар жеткириле турган, жумуштар аткарыла турган же кызмат көрсөтүүлөр бериле турган жерди да камтууга тийиш;
5) келишимди аткаруунун мөөнөттөрү;
6) конкурстук табыштамаларды баалоодо сатып алуучу уюм пайдалануучу бардык критерийлерге сыпаттама жана ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жеңилдиктерди берүү кошо камтылат. Дары-дармек каражаттарын баалоонун критерийлери өзүндө пациентке болушунча чоң олуттуу клиникалык коопсуздукту жана белгиленген ыкма менен далилденген терапевтикалык натыйжалуулукту жана коштомо терс реакциялардын болушунча аз тобокелчилигин камсыз кылуучу критерийлерди да камтууга тийиш. Өмүр бою колдонула турган инсулин жана ушул сыяктуу дары-дармек каражаттары үчүн аларды организмдин жекече көтөрө алуусу кошумча түрдөгү милдеттүү критерий болуп саналат. Дары-дармек каражаттарын тандоонун башка бир маанилүү критерийи болуп дары-дармек каражаты менен дарылоонун жалпы курсунун наркынын болушунча төмөн болуусу саналат;
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)
7) сатып алуучу уюм зарыл деп аныктоочу, жазуу жүзүндөгү келишимге киргизилүүчү жоболор;
8) эгерде берүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым өзүнчө лотторуна табыштамаларды берүүгө уруксат берилсе, конкурстук табыштамалар берилиши мүмкүн болгон сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн лотторунун сыпаттамасы;
9) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өздөрүнүн наркын, ташууларга жана камсыздандырууга, бажы алымдарын жана салыктарды төлөөгө кетүүчү чыгымдарды жана сатып алуулардын наркына кирүүчү башка чыгымдарды камтууга тийиш болгон баа (улуттук валютада);
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)
10) конкурстук табыштаманын валютасы: конкурстук табыштамалар ачылган күнү конкурстук табыштамалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайта эсептелинген чет өлкөлүк валютада берилген учурда;
11) конкурстук табыштаманы жана келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун формасы, суммасы жана башка негизги шарттары, ошондой эле мындай кепилдиктерди колдонуу мөөнөтү же конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларацияга кол тамга коюу жөнүндө талап;
12) конкурстук табыштамаларды берүүнүн дареги, орду жана акыркы мөөнөтү;
13) берүүчү (подрядчы) сураган, конкурстук документациянын жол-жоболоруна түшүндүрмө берүүнүн сыпаттамасы, эгерде конкурс алдындагы кеңешме өткөрүлсө, мындай кеңешмени өткөрүүнүн датасы жөнүндө маалымат;
14) конкурстук табыштамалар күчүндө болуучу мөөнөт; конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун так дареги, орду, датасы жана убактысы;
15) конкурстук табыштамаларды кароодо колдонулуучу жол-жоболор;
16) конкурстук табыштамалар жазылууга тийиш болгон тил же тилдер;
17) сатып алуучу уюмдун берүүчүлөр (подрядчылар) менен тикелей байланышты жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген бир же бир нече кызмат адамдарынын же кызматчыларынын фамилиясы, ысымы, кызмат орундары жана дареги, ошондой эле байланышты кармап туруунун ыкмалары;
18) сатып алуулардын жол-жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө берүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алуучу уюмдун чечимдерине даттануу укугу бериле тургандыгы тууралуу маалымат;
19) сатып алуулар боюнча келишимдин жалпы жана өзгөчө шарттары , анын ичинде сатып алуу жөнүндө келишимдин (контракттын) долбоору;
20) сатып алуулар жөнүндө келишим күчүнө кириши үчүн кайсы болбосун шарттар анын ичинде ушул Мыйзамдын 51-беренесине ылайык, келишимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоонун шарттары жана каттоо үчүн талап кылынуучу болжолдуу мөөнөт;
21) берилүүчү товарларга, аткарылуучу жумуштарга жана көрсөтүлүүчү кызматтарга продукциянын коопсуздугун, сапатын ырастаган тиешелүү сертификаттардын болуусу жана (же) техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган ылайыктуулугун баалоону стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык жеке адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана илдетсиз болуусуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол бергис коркунучтарды болтурбоо максатында продукцияга болгон талаптар менен байланышкан долбоорлоо (изилдөөнү кошуп алганда), өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин болуусу.
2-1. Конкурстук документацияны иштеп чыгууда сатып алуучу уюм бир жолку сатып алынуучу көлөмдү, бир түрдүү (бир типтүү) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) санын максималдуу атаандаштыкты камсыздоочу эки же андан ашык лотко бөлүүгө укуктуу. Мында, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, эгерде товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу процесстеринин технологиялык бүтүндүгү, компоненттеринин техникалык жана функциялык байланышы, комплекттүүлүгү камсыз кылынбаса, анда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) лотторго бөлүүгө жол берилбейт.
3. Сатып алуучу уюм жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда конкурстук документтерди иштеп чыгууга чейин сатып алуулардын зарылдыгынын техникалык-экономикалык негиздемесине, же болбосо долбоордук-сметалык документтерге, же болбосо сатып алуу предметинин толук сыпаттамасы бар документтерге ээ болууга тийиш.
4. Бааны төмөндөтүү усулун колдонуу менен сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм, бул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш:
1) бааны төмөндөтүү усулун колдонуу менен катышуу үчүн катталууга тийиш болгон берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) минималдуу саны, бул сан натыйжалуу атаандаштыкты камсыздоо үчүн жетиштүү болууга, бирок үчтөн кем болбоого тийиш;
2) тийиштүү маалыматтардын, анын ичинде бааны төмөндөтүү усулу жагындагы жол-жоболорго тиешеси бар тийиштүү маалыматтардын жеткиликтүү болушунун тартиби;
3) берүүчүлөр (подрядчылар) бул конкурска катышуу үчүн катталууга тийиш болгон акыркы мөөнөт жана аларды каттоого карата талаптар;
4) конкурсту ачуунун датасы жана убактысы жана конкурстун катышуучуларын идентификациялоого карата талаптар;
5) конкурсту жабууну жөнгө салуучу критерийлер;
6) бааны төмөндөтүү усулун жүргүзүүнүн башка эрежелери, анын ичинде конкурска катышуучуларга берилүүчү маалымат, анын кайсы тилде бериле тургандыгы жана конкурстун катышуучулары өз табыштамаларын бере алуучу шарттар.
5. Сатып алуучу уюм өткөрүлүүчү конкурска карата конкурстук документациянын пакетин ушул Мыйзамдын ушул беренесине ылайык иштеп чыккандан кийин конкурс жарыялайт.
(КР 2017-жылдын 14-февралындагы № 25, 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных закупках", "Об акционерных обществах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 февраля 2017 года № 25 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, законы Кыргызской Республики "О рекламе", "О государственных закупках")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябры № 661 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 27.09.2012 · № 661 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-14" title="14-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>