Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө“, „Акционердик коомдор жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 29-ноябры № 141 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-берене. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 54-статьянын 1-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо. Аудитор акционерлердин жылдык чогулушунда бекитилбеген учурда, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырбоо үчүн директорлор кеңешинин компетенциясына аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана бекитүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо кирет;".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткүндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 36 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2022 · № 36 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4939-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4890-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 20.10.2021 · № 4939
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 225 · Күчүн жоготкон