Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болууга аныктоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 27-январы № 31-т Республиканы экономикалык жактан өнүктүрүү, мамлекеттик финансыны жана экономиканы башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү, финансылык-экономикалык процессти автоматташтыруу жана модернизациялоо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо маселелери боюнча милдеттерди ыкчам чечүүнү камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынан монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баалар боюнча сатып алууну жүзөгө ашырсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон