32-берене. Конкурстун жыйынтыктарын жалпыга жарыялоо жана келишимди түзүү
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Сатып алуучу уюм жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына эки жумушчу күндүн ичинде жайгаштырат, мында конкурста жеңип чыккан берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана ал берген табыштаманын баасы көрсөтүлөт. Конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган берүүчү (подрядчы) бир этаптуу жана эки этаптуу усул аркылуу конкурстан өткөндө үч жумуш күндүн ичинде конкурс жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу жана бааны төмөндөтүү жана түздөн-түз келишим түзүү усулдары аркылуу өткөндө - бир жумуш күндүн ичинде аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоону тастыктоого тийиш.
2. Эгерде сатып алуу жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык көз карандысыз комиссиянын чечими боюнча убактылуу токтотулбаган болсо гана, ушул Мыйзамдын 321-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттөрдү кошпогондо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып он календардык күндөн эрте эмес мөөнөттө жана отуз календардык күндөн кечиктирбестен жеңип чыккан берүүчү (подрядчы) менен келишимге кол коёт.
Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүндө (6, 10, 11, 15 жана 17-пункттарды кошпогондо) көрсөтүлгөн учурларда сатып алууларды жүзөгө ашырууда, сатып алуучу уюм үч жумушчу күндөн эрте эмес мөөнөттө келишимге кол коёт.
3. Конкурстук табыштамасы жеңип чыкты деп таанылган берүүчү (подрядчы) менен конкурстук табыштаманын шарттарына ылайык (конкурстук табыштаманын колдонулуу мөөнөтүнө), ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарды эсепке алуу менен, мамлекеттик сатып алуулар келишими түзүлөт.
4. Аныкталган берүүчү (подрядчы) кабарламаны ырастабаган учурда, ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктуна ылайык, сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтингинде экинчи орунду ээлеген берүүчү (подрядчы) менен келишим түзө алат.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
18.12.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тандоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына алынып салынды: бир календардык кошулду: эки жумушчу күндүн ичинде жайгаштырат, мында конкурста жеңип чыккан берүүчүнүн … кабарлоону тастыктоого тийиш.
2. Эгерде сатып алуу жол-жоболору алынып салынды: гана ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык алынып салынды: он календардык күндөн эрте эмес жана отуз календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө ведомстволор аралык көз карандысыз комиссиянын чечими боюнча убактылуу токтотулбаган алынып салынды: болсо, кошулду: болсо гана, ушул Мыйзамдын 321-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттөрдү кошпогондо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып кошулду: он календардык күндөн эрте эмес мөөнөттө жана отуз календардык күндөн кечиктирбестен жеңип чыккан берүүчү (подрядчы) менен келишимге кол коёт.
алынып салынды: 21-берененин кошулду: Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүндө (6, 10, 11, алынып салынды: 15, кошулду: 15 жана 17-пункттарды кошпогондо) көрсөтүлгөн кошулду: учурларда сатып алууларды алынып салынды: колдонууда, кошулду: жүзөгө ашырууда, сатып алуучу уюм үч жумушчу күндөн эрте эмес мөөнөттө келишимге кол … ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктуна ылайык, алынып салынды: келишим кошулду: сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтингинде экинчи орунду ээлеген берүүчү (подрядчы) менен алынып салынды: түзүлөт.
кошулду: келишим түзө алат.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № алынып салынды: 76 кошулду: 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-32" title="32-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>