30-берене. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуучу уюм сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:
1) ар бир лот боюнча сатып алуулардын предметинин сыпаттамасы;
2) мамлекеттик сатып алуулардын усулу жана аны тандоо үчүн негиздер, алкактык макулдашуунун жол-жоболору колдонулган учурда - алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонууда сатып алуучу уюм жетекчиликке алган себептердин жана жагдайлардын баяндалышы;
3) конкурстук табыштамаларды берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) аталыштары жана даректери;
4) сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүдө берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата конкурстук документацияда коюлуучу талаптар;
5) алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү жана анын натыйжалары жөнүндө маалымат;
6) конкурстук табыштамаларды берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындары жөнүндө маалымат;
7) конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө маалымат;
8) ар бир конкурстук табыштаманын баалары жана башка негизги шарттары;
9) берилген конкурстук табыштамаларды тандоо үчүн баалоо критерийлеринин жана негиздеринин баяндалышы;
10) конкурстук табыштамалардын колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маалымат;
11) бардык конкурстук табыштамалар четке кагылган учурда, аларды четтетүүнүн негиздери тууралуу маалымат;
12) эгерде сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжасында сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлбөсө, келишимге кол коюлбагандыктын негиздемеси;
13) ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү үчүн негиздеме;
14) алдын ала квалификациялык же конкурстук документациянын жоболоруна түшүндүрмө берүү боюнча суроо-талаптардын жана аларга берилген жооптордун жалпыланган баяндалышы, ошондой эле мындай документтерди кайсы болбосун өзгөртүүнүн кыскача баяндалышы;
15) коюлган даттануулар жана аларды чечүүнүн ыкмалары жөнүндө маалымат;
16) жол-жоболорду токтото туруу жана жаңыртуу жөнүндө маалымат;
17) эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;
18) жеңүүчү деп жарыяланган берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги сатып алуулар жөнүндө келишимдеги баа жана башка негизги шарттар (алкактык макулдашуунун жол-жоболору учурунда - алкактык макулдашуунун негизги шарттары тууралуу кошумча кыскача маалымат);
19) конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтинги (конкурста биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген катышуучуларды көрсөтүү);
20) өтө төмөн баа камтылган конкурстук табыштамаларды ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык четке кагуунун себеби;
21) ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечим;
22) ушул Мыйзамдын жоболоруна же мыйзам алдындагы актыларга ылайык сатып алуулар жол-жоболорунун протоколуна киргизилиши зарыл башка маалыматтар.
2. Сатып алуулар жол-жобосунун протоколуна конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колтамгалары коюлат жана ал сатып алуу бөлүмүнө берилет.
3. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууда, сатып алуулар бөлүмү, ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2, 6, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо, төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт:
1) сатып алуу предметинин сыпаттамасы;
2) усулду тандоо үчүн негиз;
3) мониторингдин натыйжалары;
4) берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги;
5) берүүчүнүн (подрядчынын) квалификациясы жөнүндө маалымат;
6) сунуштун баасы;
7) экспертти тартуу жөнүндө маалымат (эгерде ал тартылган болсо).
4. Сатып алуучу уюм сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт жана аны эки жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат, купуя маалыматтарды кошпогондо, анда сатып алуулар жол-жоболоруна тиешеси бар маалыматтар камтылат. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүдө протокол тутум аркылуу өз алдынча түрдө, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында түзүлөт.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
18.12.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коюлат жана ал сатып алуу бөлүмүнө берилет.
3. Келишимди алынып салынды: түздөн-түз кошулду: тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алынып салынды: алууда кошулду: алууда, сатып алуулар алынып салынды: бөлүмү кошулду: бөлүмү, ушул Мыйзамдын 21-беренесинин алынып салынды: 4-бөлүгүндөгү 1, кошулду: 4-бөлүгүнүн 2, 6, 11, алынып салынды: 13-15-пункттарын кошулду: 15 жана 17-пункттарын кошпогондо, төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган сатып алуулардын … алуучу уюм сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт жана аны алынып салынды: бир календардык кошулду: эки жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат, … алуулардын веб-порталында түзүлөт.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № алынып салынды: 4 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-30" title="30-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>