Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексинин эскиздик долбоорун жактыруу тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 21-декабры № 616-б 2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-январындагы № 3 Мыйзамы менен ратификацияланган Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлкүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексинин (мындан ары - Элчиликтин имараттарынын комплекси, КПҮ) эскиздик долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Элчиликтин имараттарынын комплексинин эскиздик долбоорун даярдоо боюнча иштерди төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды 2016-жылга республикалык бюджетте белгиленген тартипте карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Элчиликтин имараттарынын комплексинин эскиздик долбоорун түркия тарап менен макулдашуу ишин жүргүзсүн;
- Элчиликтин имараттарынын комплексин долбоорлоонун жана куруунун бүткүл процессин бирдиктүү координацияласын.
4. Ушул буйруктун алкагында Элчиликтин имараттарынын комплексин долбоорлоо жана куруу менен байланышкан бардык сатып алуулар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздар жөнүндө маалымат берүү боюнча жеткирүүчүнүн (подрядчынын) квалификациясынын деңгээлине талаптарды алып салуу менен түз келишим түзүү методу менен ишке ашырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилери:
- Элчиликтин имараттарынын комплексин долбоорлоого жана курууга тартылган жумушчу топтордун ишине тиешелүү кызматкерлердин катышуусун камсыздашсын;
- кызматкерлердин командировкалык чыгымдарын төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген документтерге ылайык мамлекеттик мүлктүн реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- 2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлкүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн…Закон · 29.01.2008 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.