Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасы жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т тескемесинин редакциясына ылайык) 2021-жылдын 17-декабры № 328-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик финансыларды башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү, жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну автоматташтыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы "Жергиликтүү бюджетти түзүү жана отчеттуулукту аткаруу" системасын жана Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин маалымат базасын автоматташтыруу жана ишке киргизүү боюнча 12 078 000 (он эки миллион жетимиш сегиз миң) сом суммасына кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү деп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына 7 628 000 (жети миллион алты жүз жыйырма сегиз миң) сом которсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына 4 450 000 (төрт миллион төрт жүз элүү миң) сом которсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б ( Трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасын" бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.02.2019 · № 20-р · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.