53-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
53-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 53-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Берүүчүнү (подрядчыны) тандоо үчүн негиз болуп эсептелген сапаттар жана башка шарттар өзгөрүлбөгөн шартта, эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруу процессинде сатып алынуучу окшош товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары азаюу жагына өзгөрүлсө, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдин товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны төмөндөтүү, демек, келишимдеги сумманы төмөндөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тараптардын өз ара макулдугу боюнча жол берилет.
2. Сатып алуучу уюм кол коюлган келишимге ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү же азайтуу бөлүгүндө өзгөртүү киргизе алат.
3. Конкурсту өткөрүүдө берүүчүлөрдү (подрядчыларды) тандоо үчүн критерий болуп саналуучу өзгөртүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге киргизүүгө жол берилбейт.
4. Эгерде келишимге кол коюу датасынан кийин Кыргыз Республикасынын салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешеси бар мыйзамдарында товарлардын. жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын көбөйтүүгө же азайтууга алып келүүчү кандайдыр бир өзгөрүү болсо, сатып алуучу уюм келишимдин наркын тийиштүү түрдө көбөйтүүгө же азайтууга тийиш.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-53" title="53-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>