Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 3-пунктунун «х»пунктчасын, 8-пунктунун «г» пунктчасын, 11-пунктунун төртүнчү жана он жетинчи абзацтарын кошпогондо, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 14-апрели № 27 Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2024-жылдын 28-июнундагы № 110, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү, максаттары жана принциптери
1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана белгиленген максаттарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
2. Ушул Мыйзамдын максаты сатып алуучу уюмдардын ишинин иштешин камсыз кылууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларын ишке ашыруу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү тутумун түзүү жана ага коомчулуктун ишенимин калыптандыруу аркылуу мамлекеттик сатып алуулар процессин оптималдаштыруу;
2) мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
3) мамлекеттик сатып алууларды, жүзөгө ашырууда ачыктык, калыстык, айкындуулук жана ачык-айрымдуулук;
4) инновациялык жана жогорку технологиялык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
5) коррупциялык укук бузууларга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө;
6) туруктуу мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене
2-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга негизделет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталат.
4. Ушул Мыйзам төмөнкүдөй сатып алууларды жөнгө салбайт:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик сырларды сактоого байланыштуу. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылуучу. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы административдик-чарбалык муктаждыктарды камсыздоо, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоону аткаруу үчүн сатып алууларды өзүнүн сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине карама-каршы келбөөгө тийиш;
3) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган эл аралык фонддордун каражаттарынын эсебинен;
4) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматтарына байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
41) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылуучу;
5) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан; уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан жүзөгө ашырылуучу;
6) Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен басылып чыккан окуу китептерин жана окуу куралдарын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алган атайын же адистештирилген билим берүү уюмдары үчүн атайын окуу китептерин жана окуу куралдарын кошпогондо, жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин даярдоого байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин башка делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды, анын ичинде аталган иш-чаралар анын аймагында өткөрүлө турган административдик-аймактык бирдиктин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди. Ушул пунктта каралган сатып алуулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат;
8) мамлекеттик тапшырманын алкагында сатып алынуучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды.
5. Кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган күч жетпей калган жагдайлар түзүлгөн, карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жылына бир жолудан ашык эмес киргизилет.
(КР 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2024-жылдын 28-июнундагы № 110, 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуз! КР 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамы 2-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кирет.
3-берене
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Контрактты тескөө - контракттарды талаптагыдай эмес аткарууга же аткарбоого байланышкан тобокелчиликтерди, ошондой эле контрактты аткаруудагы коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталган, контракттарды аткаруунун ачык-айкын, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыз кылуучу веб-порталды жана/же электрондук каталогду колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу контракт боюнча милдеттенмелерди тараптардын аткарышын башкаруу жана контролдоо процесси;
2) аффилирленген жак – иши атаандаштык жөнүндө мыйзамдарга каршы келбеген сатып алуучу уюм же анын ведомстволук мамлекеттик жана муниципалдык мекемелери жана ишканалары катышуучу же уюштуруучу болуп саналган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо, ошондой эле билим берүү программаларынын мамлекеттик заказын камсыз кылуу боюнча сатып алууларга окутуучулардын (сатып алуучу уюмдун кызматкерлеринин) катышуусун кошпогондо, төмөндө саналып өткөн белгилердин бирине же бир нечесине ылайык келген жак:
- мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;
- сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчиси жана кызматкери, ошондой эле алардын жакын туугандары же жакын адамдары;
- саясий мамлекеттик кызматты, саясий муниципалдык кызматты, атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жак болуп саналган берүүчүнүн же консультанттын катышуучусу (уюштуруучусу) жана берүүчүнүн уставдык капиталында үлүшкө ээ болгон анын жакын туугандары же жакын адамдары;
3) берүүчүлөрдүн маалыматтар базасы – мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу берүүчүлөр жөнүндө маалыматтардын жыйындысын камтыган электрондук маалыматтар базасы;
4) ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасы - контракт боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн киргизилген ак ниет эмес берүүчүлөрдүн, ошондой эле алардын жетекчилеринин реестри;
5) контракты банктык коштоо - банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банктардын биринде ачылган өзүнчө эсепте, ушул контракты аткаруунун алкагында башка адамдар тарабынан контракты аткаруунун жүрүшүндө берүүчү жана бардык тартылгандар ишке ашыруучу төлөмдөрдү жүргүзүүнү, эсептөөлөргө мониторинг жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу банктын камсыз кылуусу, ошондой эле сатып алуучу уюмга/Агентке контракттарды банктык коштоонун жыйынтыктарын жеткирүү;
6) юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси - акыр аягында (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугунда юридикалык жакка ээлик кылган же юридикалык жакты контролдогон, анын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүүчү жеке жак (жеке жактар);
7) жакын туугандар - атасы жана энеси, асырап алуучулар, балдары, анын ичинде асырап алынгандар, бир ата-энеден тараган жана атасы же энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң атасы, чоң энеси, неберелери;
8) жакын адамдар - катталган никеде турган жактар, анын ичинде чогуу жашаган, бирок никеде турбаган адамдар, ошондой эле өгөй ата, өгөй эне, өгөй бала, өгөй кыз, күйөө бала, келин;
9) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (веб-портал) – мамлекеттик жана мамлекеттик эмес (жеке) сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыздоо максатында түзүлгөн, маалыматты 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сактоону камсыз кылган мамлекеттик маалыматтык система;
10) мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - сатып алуучу уюмдардын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон, мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай канааттандырылуучу керектөөлөрү;
11) мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ушул Мыйзамда белгиленген методдор менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу сатып алуулар. Мамлекеттик каражаттар болуп төмөнкүлөр таанылат:
- сатып алуучу уюмдар тарабынан иштерди жүзөгө ашыруу үчүн республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- атайын эсептердин каражаттары;
- мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддордун жана башка юридикалык жактардын каражаттары;
- келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жардам катары берилүүчү каражаттар, эгерде каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары мындай келишимдерде (макулдашууларда) каралбаса;
- мамлекет тарабынан кепилдик берилген жана камсыздалган кредиттик каражаттар;
12) контрактын аткарылышын кепилдик камсыздоо - ушул Мыйзамда каралган контракт боюнча - форма боюнча сатып алуучу уюмдун/Агенттин алдындагы милдеттенмелердин аткарылышын берүүчүнүн камсыздоо ыкмасы;
13) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо - ушул Мыйзамда каралган форма боюнча берүүчүнүн сунушундагы милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмасы;
14) демпингдик баа - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан аныкталган сатып алуу предметинин пландалган наркынан 20 пайыздан төмөн болгон жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга берүүчү тарабынан сунуш кылынган баа;
15) берүүчүнүн сунушун кепилдикке алуучу декларация - берүүчү тарабынан кол коюлган жана сунушта көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун кепилдиги катары сатып алуучу уюмга/Агентке берилген документ;
16) контракты аткарууну кепилдикке алуучу декларация - берүүчү тарабынан кол коюлган, контрактта каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмасы катары сатып алуучу уюмга/Агентке берилген документ;
17) сатып алуулар жөнүндө документтер - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу шарттарын, тартибин, анын ичинде контракттын долбоорун камтыган, сунушту аларга даярдоо үчүн берүүчүгɵ берилүүчү документтердин пакети, анын ичинде ага карата ар кандай ɵзгɵртүүлɵр кошо;
18) сатып алуучу уюм - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддор жана башка юридикалык жактар;
19) идентификациялык код – мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү процессинде берүүчү жɵнүндɵ маалыматтарды, анын ичинде анын аталышын шифрлөө жолу менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан берилүүчү цифралардын жана символдордун топтому;
20) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) контракт - сатып алуулардын жол-жоболорунун же алкактык макулдашуунун натыйжасында сатып алуучу уюм/Агент менен берүүчүнүн ортосундагы түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишим;
23) берүүчүнүн сунушу – мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө товарларды берүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга берүүчүнүн сунушу;
24) сатып алуу боюнча комиссия - ушул Мыйзамга ылайык функцияларды аткаруу үчүн сатып алуучу уюм тарабынан түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
25) баалоонун критерийлери - сатып алуунун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген объективдүү критерийлер;
26) лот - сатып алуулардын өзүнчө предмети катары чыгуучу сатып алуунун бөлүнбөгөн предмети, аны баалоо башка лотторго көз карандысыз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш;
27) мониторинг – рынокту изилдөө, анын натыйжасы сатып алуу предметинин пландалган наркын аныктоо, сатып алуулардын натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылат;
28) улуттук режим - чет өлкөдө чыгарылган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана ушундай товарларды сунуштаган, жумуштарды аткарган, кызматтарды көрсөткөн берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) Кыргызстанда чыккан товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү (подрядчылары) тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен бирдей шартта катышуусуна уруксат берген режим, эгерде мындай режимди сунуштоо жөнүндө талап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленсе;
29) анык эмес маалымат - берүүчү тарабынан өзүнүн сунушунда берилген, чындыкка дал келбеген маалыматтар;
30) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору – ар кандай белгилери боюнча топтолгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарынын жана коддорунун системага салынган жыйындысы;
31) сунуштарды баалоо - сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген критерийлерге берүүчүлөрдүн сунуштарынын ылайык келүүсүн аныктоо процесси;
32) бааланган нарк - жашоо циклин жана сатып алуулар жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн сапаттын критерийлерин эске алуу менен берүүчү сунуштаган баа;
321) сунушту четке кагуу – берүүчүнүн сунушун сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына же мыйзамдардын талаптарына ылайык келбейт деп таануу жөнүндө сатып алуу боюнча комиссиянын чечими;
322) берүүчүнү четтетүү – сатып алуучу уюмдун/Агенттин берүүчүнү мамлекеттик сатып алуулардынжол-жоболорунан чыгарууга багытталган иш-аракети;
33) сатып алуулар планы – мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктарды камсыздоо үчүн пландалган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
331) пландалган нарк – сатып алуу кулактандыруусун веб-порталга жарыялоо этабында баштапкы бааны негиздөө үчүн мониторингдин жана долбоордук-сметалык документтердин натыйжаларынын негизинде сатып алуучу уюмдар тарабынан аныкталуучу сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала эсептик наркы;
34) берүүчү - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан юридикалык же жеке жак;
35) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
36) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
37) протокол - сатып алуулар процессинин тиешелүү этабын чагылдырган документалдуу отчет;
38) жумуштар - имаратты, курулманы же объектти курууга, реконструкциялоого, бузууга, оңдоого жана жаңылоого байланышкан бардык иштер;
39) алкактык макулдашуу - келечектеги контракттын шарты айтылуучу, бир же андан көп берүүчү тарабынан кол коюлган макулдашуу;
40) смарт-контракт – бүтүмдөрдү автоматтык түрдө түзүү жана (же) аткаруу үчүн багытталган программалык код аркылуу жүзөгө ашырылуучу жарандык-укуктук бүтүм;
41) сунуштар үчүн мөөнөт - сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгил;
42) даттануу мөөнөтү - ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик сатып алууларга катышуучулардын даттануу жана администрациялык даттануу берүү мөөнөтү;
43) товарлар - ар кандай түрдөгү жана баяндалыштагы эмгек продуктулары, анын ичинде катуу, суюк же газ сыяктуу абалдагы чийки заттар, буюмдар, берүүчүлөр жана предметтер, электр энергиясы, ошондой эле, эгерде мындай коштолгон кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса, товарларды берүү менен коштолуучу кызмат көрсөтүүлөр;
44) ыйгарым укуктуу банк - ага карата Министрлер Кабинети тарабынан контракттарды банктык коштоону жүзөгө ашырууга аны ыйгарым укуктуу банктардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банк;
45) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган;
46) кызмат көрсөтүүлөр – берүүчүлөр тарабынан берилүүчү товарларды жана жумуштарды кошпогондо, кызмат кɵрсɵтүүлɵр, анын ичинде интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү сатып алуулар;
47) туруктуу мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюмдар/Агент курчап турган чөйрөгө болгон зыянды минималдаштыруу менен, уюм үчүн гана эмес, коом үчүн дагы пайданы баалоого тийиш болгон процесс. Наркты баалоодо продукциянын жашоо циклинин наркы эске алынат;
48) борборлоштурулган сатып алуулар – сатып алуучу уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү функцияларын жүзөгө ашыруучу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган орган (мындан ары – Агент) тарабынан сатып алууларды жүргүзүү процесси.
Сатып алуучу уюмдун ичинде борборлоштуруу – Агент тарабынан жүргүзүлүүчү сатып алууларды кошпогондо, өзүнүн ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн камсыз кылуу үчүн борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү жол-жобосу;
481) баа – сатып алуу жөнүндө документтерде же контрактта башкача каралбаган учурлардан тышкары, чыгымдардын бардык түрлөрүн (салыктар, жыйымдар, алымдар жана башка төлөмдөр) кошо, берүүчү сунуш кылган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
482) циркулярдык сатып алуулар – жаратылыш ресурстарын пайдаланууну кыскартууга, продукциянын колдонуу мөөнөтүн узартууга, калдыктардын пайда болушун азайтууга жана товарларды кайталап пайдалануу, оңдоо же кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган циркулярдык экономиканын принциптерин эске алуу менен жүзөгө ашырылуучу сатып алуулар;
49) сатып алуулардын электрондук форматы - маалыматтык системаларды (веб-портал) жана электрондук маалымат ресурстарын пайдалануу менен Интернет тармагында жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жобосу, ал сатып алуулардын предметин реалдуу убакыт режиминде сатып алуу жол-жобосун камсыз кылат;
50) электрондук каталог - берүүчү тарабынан сунушталган учурдагы бааларды көрсөтүү менен стандарттуу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган тизмесин көрсөтүүчү электрондук соода маалыматтык аянтчасы.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Улуттук режим. Улуттук режимден алып салуу
1. Чет мамлекеттерден өндүрүлгөн товарларга, чет өлкөлүк берүүчүлөр тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга карата мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда жана шарттарда ата мекендик товарлар, Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштар, көрсөтүлүүчү кызматтар менен бирдей шарттарда улуттук режим колдонулат.
2. Улуттук режимден алып салуу (Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттердин берүүчүлөрүнүн конкреттүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга жеткиликтүүлүгүн бир тараптуу белгиленген тартипте чектөө же болбосо экономиканын белгилүү бир тармактарында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүгүн чектөө) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишим менен белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо, улуттук экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында Министрлер Кабинетинин чечимдери менен кыргыз тарапта жасалган товарларга карата преференциялар белгилениши, чет мамлекеттердин товаларына уруксат берүүгө тыюу салуу жана көрсөтүлгөн товарларга урусатты чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
41-берене
41-берене. Мамлекеттик тапшырма
1. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.
2. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик тапшырманы аткаруучунун ортосунда натыйжалардын көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик тапшырманы аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга бюджеттик каражаттарды бөлүү уставдык капиталды көбөйтпөстөн жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү финансылык жылга бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын суммасынын 50 пайызынан ашпаган көлөмдө мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) берүүгө жол берилет.
3. Мамлекеттик тапшырмаларга төмөнкүдөй заказдар киргизилиши мүмкүн:
1) маданият, туристтик иш, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөлөрүндөгү;
2) билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
4) эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактарын, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;
5) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча.
4. Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
(КР 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене
5-берене. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизүүнүн шарттары
1. Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөргө, ошондой эле алардын жетекчилерине, анын ичинде башка берүүчүнүн курамында субподрядчы же болбосо жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу катары катышууга тыюу салынат.
Эгерде катышуучулар, башкаруу органдарынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм/Агент менен аффилирленген жак болуп саналса, берүүчүлөргө жана консультанттарга мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат. Эгерде бир берүүчүнүн башкаруу органдарынын катышуучулары жана мүчөлөрү башка берүүчүнүн башкаруу органдарынын катышуучуларына, мүчөлөрүнө карата жакын туугандары жана жакын адамдары болуп саналса, берүүчүлөрдүн бир жерден сатып алууга катышуусуна тыюу салынат. Коррупциялык кылмышты, алдамчылыкты жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган менчикке каршы башка кылмыштарды жасаган берүүчүлөргɵ мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.
2. Сатып алуучу уюм/Агент ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына коллегиалдуу аткаруу органдарынын мүчөлөрүн, жекече аткаруучу органдын функцияларын аткаруучу адамдарды, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген адамдарды киргизүүнү демилгелейт, эгерде:
1) сатып алуулардын жеңүүчүлөрү деп таанылган берүүчүлөр сатып алуулар жөнүндө контракт түзүүдөн баш тартса же ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аларды жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарламаны тастыктабаса, мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү менен же ал жеткис күчтүн жагдайларынын жаралышына байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта;
2) өзүнүн сунушунда анык эмес маалымат берген жана ал сунуштарды баалоо жол-жобосунун этабында анын так эместиги аныкталган берүүчүлөр же сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар жөнүндө контрактты бир тараптуу тартипте бузган берүүчүлөр контрактты аткаруунун жүрүшүндө сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарына берүүчүлөрдүн шайкеш келбегендиги, же берүүчүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мындай контракттар түзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген мындай талаптарга өзүнүн ылайыктуулугу жөнүндө анык эмес маалымат бергендиги аныкталса;
3) ушул Мыйзамга ылайык алар менен контракт түзүлгөн сатып алуунун катышуучулары тарабынан берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларациянын шарттары бузулса, буга сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жарыяланган шартта, эгерде мындай бузуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу болгон учурлар кирбейт;
4) берүүчүлөр, консультанттар алар менен түзүлгөн контракттар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, буга мындай контракт мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жана аны аткаруу мөөнөтүндө түзүлгөн шартта, эгерде мындай аткарбоо өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу болгон учурлар кирбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене
6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы
1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилерине жана кызматкерлерине, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун кандай болбосун этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы иш-аракеттерге (аракетсиздикке), чечимдерге кандайдыр бир таасирин тийгизүүгө;
2) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга.
Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуу жол-жобосу сатып алуучу уюмдун/Агенттин же болбосо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат.
2. Адамдар сатып алуулардын жол-жобосу менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:
1) сатып алуулардын натыйжасына жеке кызыкдар болсо (анын ичинде сатып алууга катышууга өтүнмө берген жеке жактар);
2) сатып алууга катышууга сунуштарды берген берүүчүлөрдүн кызматкерлери же болбосо аларга берүүчүлөр таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү жеке жактар, анын ичинде башкаруу органдарынын катышуучулары (акционерлери), мүчɵлɵрү же мындай берүүчүлөрдүн кредиторлору болуп саналган жеке жактар болуп эсептелсе.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен сатып алуулар жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну төмөнкүдɵй учурда түзө албайт:
1) эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болуп саналса;
2) эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү сатып алуу боюнча комиссиянын жетекчисинин, мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болуп саналса;
3) эгерде берүүчү аффилирленген жак болуп саналса;
4) эгерде бул сатып алууда анын сунуштарын даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/Агентте сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого жооп берген жеке же юридикалык жак тартылса.
4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирлөөнүн жок экендиги жɵнүндɵ ырастоону, ошондой эле бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү.
5. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш.
6. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 1–3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактыларды аныктаган учурда, мындай берүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш.
7. Ушул беренеге ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
7-берене. Купуялуулук жана билдирүүлөрдүн формасы
1. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору менен байланышкан бардык иш-аракеттер жана кат алышуулар жеткиликтүү болуп саналат жана алар өзү кол койгон документке теңдештирилген, юридикалык күчкө ээ болгон квалификациялуу электрондук колтамганы колдонуу жолу менен веб-порталда же электрондук каталогдо жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Билдирүүлөрдү алмашуу ыкмалары жөнүндө талаптар жана аларды жиберүү мөөнөттөрү маалымат алууга бирдей укуктуу бардык берүүчүлөр үчүн жалпы болуп саналат.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөр тарабынан берилген маалыматтын толуктугун жана купуялуулугун камсыздайт.
4. Маалыматты ачыкка чыгарбоо ушул Мыйзамга каршы келген же анын талаптарын сактоону камсыз кылууга тоскоолдук кылган, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон, же мындай маалыматты ачыкка чыгаруу берүүчүнүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирген же ак ниет атаандаштыкка тоскоол болгон учурларды кошпогондо, эгерде сот тарабынан гана мындай маалыматты ачыкка чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алынбаса, сатып алуучу уюм/Агент жеңүүчү аныкталганга чейин маалыматты ачыкка чыгарууга укуксуз.
5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жана берүүчүнүн ортосундагы бардык талкуулоолор, билдирүүлөр же сүйлөшүүлөр купуя мүнөзгө ээ. Маалымат соттук териштирүүнүн предмети болуп саналган учурларды кошпогондо, тараптардын бири дагы экинчи тараптын макулдугусуз техникалык, баа боюнча же башка маалыматты бөлөк жактарга ачыкка чыгарууга укугу жок.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене
8-берене. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик сатып алуулар жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде:
а) мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү тартибин;
б) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун колдонуунун тартибин;
11) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү
2) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын жол-жоболорун координациялоо, жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү жана катышуучуларды окутуу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу;
4) сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды, берүүчүлөрдүн маалыматтар базасын, ошондой эле ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасын түзүү жана ишке киргизүү;
5) сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын жана айкындыгын, буга кошуп веб-порталда даттанууларды жарыялоону камсыз кылуу (мындай даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мазмун жана чечим);
6) жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;
7) мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды мамлекеттик сатып алуулар системасына киргизүү;
8) электрондук каталогду жана веб-порталды башкаруу;
9) мамлекеттик сатып алууларга катышкан берүүчүлөрдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоого акы төлөө, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын пайдалангандыгы үчүн акы жана көз карандысыз комиссияга даттануу бергендиги үчүн акы төлөө түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын атайын эсепте топтоо жана башкаруу. Акча каражаттарын топтоо жана башкаруу тартиби, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көз карандысыз комиссияга даттануу берүүгө акы төлөө тартиби жана өлчөмү Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган;
10) сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан сатып алуулар жөнүндө контракттардын түзүлүшүн контролдоо жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
11) мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү.
3. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) сатып алуучу уюмду/Агентти сатып алуу жол-жобосун ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык жүргүзүүгө милдеттендирүү;
2) сатып алуучу уюмду/Агентти өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра кароого же сатып алууну болгон жок деп таанууга милдеттендирүү;
3) сатып алуу жол-жобосун токтотуп туруу;
4) сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) жол берилген бузуулар жөнүндө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүү.
4. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз компетенциясынын чегинде чыгарылган эскертме каты ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бузууларга жол берген сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан аткарылууга тийиш.
5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, өз муктаждыктары үчүн сатып алууларды кошпогондо, мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссиялардын курамына кирүүгө укуксуз.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
81-берене
81-берене. Веб-порталдын оператору
1. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын оператору – Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, системалык-техникалык тейлөөнү жана башка маалыматтык системалар менен интеграциялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм (мекеме, ишкана).
2. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын оператору тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда, веб-порталдын операторунун аракети (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жана сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене
9-берене. Сатып алуучу уюм/Агент
1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүм түзө алат же болбосо өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бирине же кызматкерине функцияларын жүктөй алат.
2. Сатып алуулар боюнча түзүмдүк бɵлүм/кызматкер төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, сатып алуулар планын түзүү учурунда жана кулактандырууну жарыялоонун алдында (сатып алууларды пландоо, планын түзүү этабында, алкактык макулдашууну түзүүдө жана бир булактан сатып алуу ыкмасында) сатылып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзөт;
2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды пландоону жүзөгө ашырат;
3) сатып алуу жөнүндө документтерди, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду веб-порталда иштеп чыгат, түшүндүрмөлөр жөнүндө суроо-талаптарга жоопторду, берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоонун жыйынтыктарын, сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун кол коюлгандан кийин жайгаштырат;
4) веб-порталга ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты жайгаштырат;
5) ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда веб-порталда сатып алууну жокко чыгарат же ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык сатып алууну болгон жок деп тааныйт;
6) маалыматтар базасына ак ниет эмес берүүчүлөрдү киргизүүнү демилгелейт;
7) көз карандысыз комиссиянын чечиминин аткарылышы жөнүндө билдирүүнү чечим чыгарылган күндɵн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
3. Сатып алуучулар боюнча түзүмдүк бөлүмдүн бардык кызматкерлерин же болбосо сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн кызматкеринин ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогорку/орто билими жөнүндө диплому болууга тийиш.
4. Cатып алуучу уюмдун жетекчиси учурдагы жылдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдун/Агенттин, башка органдардын кызматкерлеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн (жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча) ичинен сатып алуу боюнча комиссияны түзөт, аларды тандоо веб-порталда кокусунан тандоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Квалификациялык талаптарды белгилебестен бир булактан жана котировкаларды суратуу методдор менен сатып алууларда сатып алуу боюнча комиссия түзүлбөйт. Сатып алуу боюнча комиссия кеминде үч адамдан турууга тийиш, алардын биринде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар чɵйрɵсүндɵгү сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогорку/орто кесиптик билими жөнүндө диплому болууга тийиш. Сатып алуу боюнча комиссиянын курамына сатып алуучу уюмдун жетекчилери, башка мамлекеттик (муниципалдык) уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү жана тартылган эксперттер кириши мүмкүн.
5. Сатып алуу боюнча комиссия:
1) сатып алуу жөнүндө документтердин критерийлерин бекитет;
2) ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен сунуштарды баалоону жүргүзɵт;
3) жеңүүчүнү жана рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген берүүчүлөрдү аныктайт;
4) ушул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган учурларда сатып алууну болгон жок деп тааныйт;
5) даттануу ушул Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 45-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык негиздүү деп таанылган учурда берүүчүлөрдүн сунуштарын кайра баалоону жүзөгө ашырат.
6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси түзүмдүк бɵлүмдү түзɵт же сатып алуулар жөнүндө контрактты башкаруу функциясын түзүмдүк бɵлүмгɵ/кызматкерге жүктɵйт.
7. Сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуучу уюм/Агент товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууда контрактты аткаруу процессине жарандык коомдун ɵкүлдɵрүнүн арызы боюнча жарандык коомдун катышуусун камсыздайт.
8. Сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, кызматкерлери же болбосо сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү функциялары жүктөлгөн түзүмдүк бɵлүм/кызматкер, сатып алуу боюнча комиссия, сатып алуучу уюмдун/Агенттин контрактты башкарууга жооптуу адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик сатып алуулардын этаптары
10-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу жол-жобосу Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
1) сатып алууларды пландоо;
2) сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;
3) сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;
4) сунуштарды ачуу;
5) сунуштарды баалоо жана салыштыруу;
6) жеңүүчүнү тандоо;
7) контракт түзүү;
8) контрактты башкаруу.
11-берене
11-берене. Сатып алууларды пландоо
1. Сатып алууларды пландоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген мезгилге стратегиялык өнүктүрүүнү жана иш жүзүндөгү калдыктарды эске алуу менен чыгымдарды ченемдөөгө ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга болгон керектөөнүн негизинде 3 жылга жүзɵгɵ ашырылат.
2. Бюджеттин долбоору же чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин үч айлык мөөнөттө техникалык өзгөчөлүктɵрүн жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөр аныкталат, алар веб-портал менен интеграцияланган казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилет.
3. Сатып алуулар планына киргизүү үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталууга тийиш:
1) белгиленген ченемдердин негизинде товарлардын саны, берүү мөөнөтү жана орду аныкталган;
2) сатып алуунун пландалган мезгили (ай, квартал, жыл) аныкталган;
3) товарларды сатып алууда товарлардын ар бир түрүнө иштелип чыккан техникалык өзгөчөлүктөргɵ ээ болууга;
4) шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, жаңы курулушка же капиталдык курулушка жумуштарды сатып алууда курулуш жана архитектура чɵйрɵсүндɵгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан экспертизадан өткөн курулуштун бардык көлөмүнө иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтерге, пландарга, чиймелерге жана эскиздерге ээ болууга;
5) дефекттик актынын негизинде чыгымдалуучу материалдардын таблицасы (сметалык наркы) менен учурдагы оңдоонун (курулуш материалдарына техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алардын көлөмүн көрсөтүү менен) сметалык наркына ээ болууга;
6) кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө техникалык тапшырмага же
техникалык-экономикалык негиздемеге ээ болууга;
7) каржылоо булагы көрсөтүлүүгө.
4. Сатып алуулар планы сатып алуучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
Сатып алуулар планында товарларды берүүнүн, жумуштарды аткаруунун (жаңы курулуш, капиталдык курулуш, учурдагы оңдоо), кызматтарды көрсөтүүнүн аталышы, бюджети, саны, орду жана мөөнөтү көрсөтүлөт. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленүүчү талаптар түшүнүктүү жана толук болууга, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана башка көрсөткүчтөрүнө карата талаптардын так жана бирдей мааниде баяндалышын камсыз кылууга тийиш. Белгиленүүчү талаптар чектөөчү мүнөзгө ээ болбошу керек.
5. Эгерде сатып алуулар планы бекитип жаткан жумуштарды аткаруунун мезгили 3 жылдан ашкан учурда сатып алуулар планында аларды аткаруунун бардык мезгилине маалымат кɵрсɵтүлɵт.
6. Сатып алуулар планына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда сатып алуучу уюм мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду веб-портал менен интеграцияланган казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизет.
7. Контракт түзүлгөндөн кийин сатып алуулар планына киргизилген өзгөчө кырдаал, форс-мажордук жагдайлар, авария менен байланышкан сатып алууларды кошпогондо, сатып алуулар планында (сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене
12-берене. Сатып алуулар жөнүндө документтер
1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык электрондук формада иштелип чыгат жана толук көлөмдө акысыз негизде жеткиликтүү болуп саналат.
2. Сатып алуулар жөнүндө документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сатып алуунун предметин;
2) мамлекеттик сатып алуунун методун жана ыкмасын, берүүчүлөр тарабынан сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн;
3) сатып алуулар предметине жана ар бир өзүнчө сатылып алынуучу бирдикке мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун;
4) берүүчүлөр үчүн нускаманы;
5) ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптар, квалификациялык талаптарды белгилебестен котировкаларды суратуу методу менен сатып алууларды кошпогондо:
а) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат суралган стандарттуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн;
б) сатып алуу жөнүндө документтери берүүчүлөрдүн квалификациясына коюлуучу лицензиянын, квалификациялуу кызматкерлердин, ушул кесипке окшош тажрыйбасынын болуусу жана салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу сыяктуу минималдык талаптарды камтыган иштердин;
6) товарларды жеткирип берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жерлерин жана алардын мөөнөтүн кошкондо, сатып алуу предметин толук сыпаттоону (лотторду сыпаттоо):
а) сатылып алынуучу товарлардын техникалык, сапаттык, функциялык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын санын;
б) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, техникалык спецификацияларды, курулуштун бардык көлөмүнө долбоордук-сметалык документтерди, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизаны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы пландарды, чиймелерди жана эскиздерди;
в) берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн;
г) калк үчүн багытталган же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга карата талаптар, эгерде мындай товарлар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгошу мүмкүн болсо.
Долбоорлоо жана курулуш жумуштарын, анын ичинде реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын, ошондой эле маалыматтык системаларды жана санариптик сервистерди сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча талаптар милдеттүү болуп саналат жана сатып алуу жөнүндө документке киргизилет;
7) чектелбеген метод менен сатып алууда: сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо пайдаланылган бардык критерийлерди.
Дары-дармек каражаттарын баалоо критерийлери пациент үчүн белгиленген ыкма менен далилденген эң жогорку клиникалык коопсуздукту жана терапевтик натыйжалуулукту жана кошумча реакциялардын эң төмөнкү тобокелдигин камсыз кылган критерийлерди камтууга тийиш. Инсулин жана башкалар сыяктуу өмүр бою колдонулуучу дары-дармек каражаттары үчүн кошумча, милдеттүү критерий болуп дары-дармектер сатып алган пациенттердин ар кандай топторунун жеке чыдамдуулугу саналат;
8) транспорттоого жана камсыздандырууга, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө чыгашалар жана баага таасир этиши мүмкүн болгон башка чыгашалар сыяктуу сатып алынуучу товарлардын жана жумуштардын наркынан башка элементтерди камтууга тийиш болгон бааны (улуттук валютада).
Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын жашоо циклинин аралыгында кийинки чыгымдар жөнүндөгү маалыматты кошумча сурап ала алат;
9) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосунун формасына, өлчөмүнө жана колдонулушунун мөөнөтүнө жана контракттарды аткарууга кепилдикти камсыздоого талаптарды;
10) берүүчүнүн сунушу колдонула турган мөөнөтүн;
11) сунуштар берилүүгө тийиш болгон тили же тилдери;
12) берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата жана квалификациялык талаптарга ылайыктыгын ырастоочу документтик далилдерге карата талаптар. Сатып алуулар жөнүндө документтер берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата дискриминациялык мүнөздөгү талаптарды камтыбашы керек;
13) берилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттерде, стандарттардын жоболорунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерде белгиленген талаптарга ылайык жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аман-эсендигине, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдикти болтурбоо максатында өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди берүү жөнүндө берүүчүлөргө карата талапты;
14) ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык контрактты банктык коштоо шарттарын;
15) контрактыга, ошондой эле контракттын долбооруна киргизиле турган контракттын өзгөчө шарттарын;
16) алкактык макулдашууну түзүүгө ниеттенген учурда - төмөнкүдөй кошумча маалыматты көрсөтүү менен алкактык макулдашуунун долбоорун:
а) сатып алуу алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө;
б) алкактык макулдашуунун тиби жана колдонулушунун мөөнөтү жөнүндө;
в) ушул алкактык макулдашууга ылайык алдыдагы контракттар жөнүндө билдирүүнүн тартиби тууралуу;
г) алкактык макулдашуунун жол-жоболорунун биринчи этабына катышпаган берүүчүлөр тарабынан алкактык макулдашууга кол коюунун мүмкүндүгү жана тартиби жөнүндө.
3. Сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүүдө бирдей (бир типтүү) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алынуучу көлөмүн, санын максималдык атаандаштыкты камсыздоочу лотторго бөлүүгө жол берилет. Мында, эгер процесстердин технологиялык бүтүндүгү, компоненттердин техникалык жана функциялык байланышы, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекттүүлүгү камсыздалбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лотторго бөлүүгө жол берилбейт.
4. Сатып алуу тууралуу документтердин негизинде веб-портал жумушчу күнү сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну иштеп чыгат. Сатып алуу жөнүндө кулактандыруу веб-порталдын издөө тутумунда кулактандырууларды жашырууга жол берген тамгаларды же символдорду камтыбашы керек.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене
13-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын методдору Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар төмөнкүдɵй методдор менен жүзөгө ашырылат:
1) чектелбеген;
2) котировкаларды суратуу;
3) бир булактан.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Чектелбеген ыкма
1. Чектелбеген метод товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу предметинин квалификациялык маалыматтары, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналганда, же сатып алуу предметинин спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоого мүмкүн болбогон учурларында колдонулат.
2. Чектелбеген метод менен сатып алуулар төмөнкүдөй метод менен жүзөгө ашырылат:
1) эки пакеттүү метод;
2) сүйлөшүү методу менен.
3. Эки пакеттүү метод квалификациялык маалыматтар жана техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлгөндө колдонулат.
4. Сүйлөшүү методу төмөнкүчө жүргүзүлөт, эгерде:
1) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо жана бул үчүн сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн алды канча канааттандыруучу техникалык шарттар боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында берүүчүлөр менен талкуулоо зарыл. Талкуулоо техникалык спецификациялар жана аткаруу методдору боюнча гана жүргүзүлөт;
2) сатып алуу предмети болуп изилдөө, эксперимент, илимий корутундуну даярдоо же болбосо башка адистештирилген кызмат көрсөтүүлөр саналат.
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене
15-берене. Чектелген метод (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-берене
16-берене. Котировкаларды суратуу метод
1. Котировкаларды суратуу методу даяр (стандарттуу) товарларды, жɵнɵкɵй (стандарттуу) жумуштарды (учурдагы оңдоо) жана конкреттүү сыпаттамасы бар кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруу учурунда колдонулат.
2. Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылбаган товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү котировкаларды сурап алуу методу менен сатып алууда электрондук каталог аркылуу сатып алынган эң аз баа негизги критерий болуп саналат.
Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда квалификациялык, техникалык талаптарга ылайык келүү жана веб-порталда кулактандыруу жарыялоо жолу менен сатып алынуучу эң төмөнкү баа тандоо критерийлери болуп саналат.
3. Атаандаштыкты жана эффективдүү тандап алууну камсыздоо үчүн электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды кошпогондо, сатып алуучу уюм/Агент экиден кем эмес берүүчүнүн сунушун карайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене
17-берене. Бир булактан методу
1. Бир булактан сатып алуу методу – сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө веб-порталга кулактандыруу жарыялабастан контрактка кол койгон мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу.
2. Контрактыга кол коюлгандан кийин эки жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуучу уюм/Агент ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык контракт жөнүндө маалыматты веб-порталга жайгаштырат.
3. Сатып алуучу уюм/Агент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибинде каралган учурларда бир булактан сатып алуу методун колдонууга укуктуу.
4. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук каталогду колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2024-жылдын 28-июнундагы № 110, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126, 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене
18-берене. Алкактык макулдашууну колдонуунун шарттары жана тартиби
1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда алкактык макулдашуу бир жана андан көп берүүчүлөр менен 3 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
2. Алкактык макулдашуу төмөнкү учурларда колдонулат:
1) эгерде алкактык макулдашуу колдонулушунун мезгилинин ичинде белгисиз же бир нече жолу сатып алуунун негизинде сатып алуу предметин сатып алуу зарылдыгы келип чыкса;
2) эгерде сатып алуу предметинин өзгөчө мүнөзүнөн улам мындай предметке муктаждык алкактык макулдашууну колдонуу мезгилинин ичинде шашылыш тартипте келип чыкса;
3) борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүдө.
3. Алкактык макулдашуунун жол-жобосу төмөнкүдөй эки этапта жүзөгө ашырылат:
1) биринчи этапта берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары жана техникалык спецификациялары сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына сунуштардын шайкештиги бааланат;
2) алар менен алкактык макулдашуулар түзүлгөн берүүчүлөрдүн тизмесинин ичинен контрактка кол коюу үчүн экинчи этапта баалардын котировкалары суратып алынат. Контракттын суммасы жана алкактык макулдашуунун предметтеринин көлөмү алкактык макулдашууда көрсөтүлгөн пландалган суммадан жана көлөмдөн ашпоого тийиш.
4. Алкактык макулдашууга биринчи этапта баалоо жол-жобосунан өткөн ар бир берүүчү ɵз-өзүнчө кол коюлат. Алкактык макулдашуу колдонулган мөөнөттүн ичинде кайсы убакта болбосун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөр алкактык макулдашууга кол коюу үчүн ɵздɵрүнүн сунуштарын бере алат.
Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан баа критерийлери боюнча сатып алуулардын экинчи этабы жарыяланган учурдан тартып алкактык макулдашууну түзүү үчүн берүүчүлөрдүн жаңы сунуштарын кабыл алуу жол-жобосу экинчи этаптын жыйынтыктары жарыяланганга жана алкактык макулдашуу боюнча контракт түзүлгөнгө чейин токтотулуп турат.
5. Сатып алуучу уюм/Агент ошол алкактык макулдашуунун тарабы болуп саналган берүүчүлөр менен алкактык макулдашуунун шарттарына ылайык контракт түзөт.
6. Алкактык макулдашуу төмөнкүдɵй методдорду пайдаланууда колдонулат:
1) чектелбеген метод (эки пакеттүү ыкма менен);
2) квалификациялык талаптарды белгилөө менен котировкаларды суратып алуу методу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-берене. Сатып алуу жөнүндө документтерди түшүндүрүү жана өзгөртүү
1. Берүүчү веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуу жөнүндө документтердин жоболору боюнча түшүндүрмөнү сурай алат. Сатып алуучу уюм/Агент 2 жумуш күндөн кечиктирбестен мындай суроо-талапка жооп берет.
2. Сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мындай өзгөртүүлөр веб-порталда жүргүзүлүүгө тийиш.
20-берене
20-берене. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү. Иштөө мөөнөтү, өзгөртүүлөр жана сунуштарды кайра чакыртып алуу
1. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасы - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кем эмес;
2) сүйлөшүүлөр менен чектелбеген методдо - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кем эмес;
3) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) квалификациялык талаптар менен котировкаларды сурап алуу методунда - сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кем эмес;
5) квалификациялык талаптарсыз котировкаларды сурап алуу методунда - сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн кем эмес.
2. Берүүчүнүн сатып алууга катышууга сунушу веб-портал же электрондук каталог аркылуу электрондук түрдө сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырылат жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптар жана шарттар менен берүүчүнүн макулдугун билдирген, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга жана шарттарга шайкештигин ырастоочу ал жөнүндө маалыматтарды алууга берүүчүнүн макулдугун билдирген формасы болуп саналат.
Берүүчүнүн сунушу сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мөөнөттүн ичинде күчүндө болот. Мындай мөөнөт сунуштар ачылган күндөн тартып жумуш күндɵрү менен эсептелет. Ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык даттануу же администрациялык даттануу келип түшкөн учурда, берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү токтотулат жана даттануу каралган күндөрдүн санына карай автоматтык түрдө узартылат.
3. Сунуштарды колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, сунуштарды баалоо үчүн убакыт жетишсиз болсо, же болбосо негиздүү даттануунун негизинде кайра баалоодо сатып алуучу уюм/Агент мөөнөттү белгилүү убакытка узартуу жөнүндө бардык берүүчүлөргө суроо-талап жөнөтөт.
Мындай суроо-талап четке кагылган учурда, берүүчү өзүнүн сунушуна кепилдик камсыздоону кайтарып берүү укугун жоготпойт. Өз сунуштарын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр веб-портал аркылуу сунуштарына кепилдик камсыздоонун мөөнөтүн узартышат. Берүүчү банктык кепилдикти берген учурда, берүүчү өзүнүн сунушунун узартылган колдонуу мөөнөтүн жабуу менен жаңы банктык кепилдикти берет.
4. Берүүчү сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин веб-портал аркылуу өзүнүн сунушун өзгөртүүгө же чакыртып алууга укуктуу, ошол эле убакта сунушту кепилдик камсыздоону кайтарып алууга укугун жоготпойт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене
21-берене. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22-берене
22-берене. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу
1. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу, ал сунушту чакыртып албоого жана шарттарын өзгөртпөөгө, ошондой эле ал жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык белгиленген өлчөмдү эске алуу менен контрактты аткарууну камсыздоо киргизүүгө (бар болсо) жана контракт түзүүгө кепилдик берүү максатында берүүчү тарабынан киргизилет.
2. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу жөнүндө талап, берүүчүлөр катары сатып алууларга катышкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо, бардык берүүчүлөргө бирдей колдонулат.
3. Сатып алуучу уюм/агент берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу талабын төмөнкү формаларда белгилейт:
1) сатып алуу предметинин пландалган наркынын 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сатып алуучу уюмга/Агентке тɵгүлүүчү акча каражаты же банк кепилдиги түрүндө. Cунушту акча каражаты түрүндө кепилденген камсыздоо берилген учурда, берүүчү сунуштарды ачуу учурунда сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/эсептешүү эсебине алардын келип түшүүсүн камсыз кылат;
2) берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларация түрүндө.
4. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуунун мөөнөтү, сунушту колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 10 (он) жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө жарактуу болууга тийиш.
5. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу сатып алуучу уюм тарабынан 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
1) берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) бул контракттын аткарылышына кепилдикти камсыз кылууну берүүдө (эгерде, мындай камсыз кылууну берүү сатып алуу жөнүндө документтерде каралса) жана контракт түзүүдө;
3) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин берүүчүнүн сунушун чакыртып алууда;
4) ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулганда;
5) ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.
6. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылууну берүү сатып алуучу уюм/Агент тарабынан төмөнкүдөй учурларда кармалат:
1) эгерде, мындай режимдерди киргизгенге чейин же мындай жагдайлар пайда болгонго чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүүгө же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу баш тартуу учурларын кошпогондо, жеңүүчүнүн сунушунда каралган шарттарда контрактка кол коюудан баш тартканда;
2) контрактты аткарууга кепилдикти камсыз кылууну берүүдөн баш тартуу, эгерде мындай контрактты аткарууга кепилдикти камсыз кылууну берүү сатып алуу документтеринде каралган болсо;
3) берүүчүнүн сунушун ал ачылгандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайра чакыртып алганда;
4) сунуштар ачылгандан кийин берүүчүнүн сунушунун шарттары ɵзгɵрүлсɵ. Сатып алуулар эки же андан көп лотко бөлүнгөн шартта берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу тиешелүү лоттун суммасына өлчөмдөш кармалат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-берене
23-берене. Берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары
1. Сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөрдүн квалификациялык деңгээлине карата талаптар, ошондой эле квалификациялык талаптарга шайкештигинин документалдык далилдерине болгон талаптар белгиленет.
2. Берүүчүлɵрдүн квалификациялык деңгээлине талаптар бардык берүүчүлөргө бирдей тиешелүү, ошондой эле субберүүчүлөргө же болбосо жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнө жайылтылат жана контракт түзүү боюнча юридикалык ыйгарым укук менен бирге төмөнкүдɵй минималдуу квалификациялык талаптарды камтыйт:
1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн - келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы жөнүндө маалымат;
2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу;
3) карыздын жоктугу жана финансылык отчеттуулук менен ырасталган финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу;
4) лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык контракттын негизинде тараптар лицензияны өз ара тааныган учурда, келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу;
5) контрактты жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруудагы документтер менен тастыкталган окшош тажрыйбанын болушу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынуучу предметтердин өзгөчөлүгүнө жараша башка квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.
3. Сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун окшош тажрыйбасынын болуусунун квалификациялык талаптары белгиленген учурда, мындай талап сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
4. Берүүчүнүн финансылык жөндөмдүүлүгүнүн болуусу белгиленген учурда карата квалификациялык талап белгиленген учурда, мындай талаптын суммасы сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн окшош тажрыйбасы, ошондой эле жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына ылайык келүүгө тийиш. Мында жөнөкөй шериктештиктин жетектөөчү өнөктөшү сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 40 пайызынан кем эмесине ылайык келүүгө тийиш. Бул талаптарга шайкеш келбеген учурда жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу четке кагылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
24-берене
24-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпингге каршы чаралар
1. Пландалган баадан 20 (жыйырма) пайыздан ашык демпингдик бааны бергенде сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү чаралардын бирин колдонот:
1) товарларды сатып алууда сунуш кылынган баанын негиздемесин жана берүүчүнүн сунушунда көрсөтүлгөн шарттарда катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн сурайт;
2) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда контрактты аткарууга кепилдикти камсыздоонун өлчөмүн сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөндөн бир жарым эсеге көбөйтөт.
2. Товарларды сатып алууда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту колдонулган учурда, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн төмөнкүлөрдү сурайт:
1) өндүрүүчүдөн берилген товардын баасы жана саны көрсөтүлгөн кепилдик катты; же
2) анда товардын бар экендигин ырастаган документтерди;
3) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Сунушталган бааны жана катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн негиздөөгө суроо-талап келип түшкөн учурда, берүүчү негиздемени 2 жумуш күндүн ичинде берет.
3. Берүүчү сунушталган баа боюнча негиздеме бербеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин ушул бөлүккө ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуулардын жол-жоболору протоколуна киргизилет.
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене
25-берене. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу
1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо веб-портал аркылуу автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
2. Ачуунун учурунда веб-портал төмөнкүдөй маалыматтарды ичине камтып, ачылыш протоколун түзөт:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, лоттордун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу датасы сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар;
2) ачылышы болгон берүүчүлөрдүн аталышы, берүүчүлөрдүн сунуштары, же болбосо берүүчүнүн идентификациялык коду;
3) ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча бааны камтыган берүүчүнүн сунушунун баасы жана валютасы;
4) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыздоонун мөөнөтү, формасы жана өлчөмү;
6) берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү;
7) берүүчүнүн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу же бар экендиги жөнүндө маалымат.
3. Чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасынын сунуштарды ачуу жол-жобосу төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
1) биринчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар менен берүүчүлөрдүн бардык келип түшкөн сунуштары ачылат;
2) экинчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи пакеттин баалоосунан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу сатып алуулардын жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык токтотулуп турбаган учурларды кошпогондо, биринчи пакетти баалоонун жыйынтыгы жарыяланган датадан тартып 5 жумуш күн өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Биринчи пакетти ачууда, финансылык сунуштар жөнүндө маалыматты кошпогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалымат веб-портал тарабынан түзүлөт. Финансылык сунуштарды ачууда веб-портал тарабынан кошумча төмөнкүдɵй маалыматтар түзүлөт:
а) квалификациялык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоонун биринчи этабынан өткөн берүүчүлөрдүн аталышы же болбосо идентификациялык коду;
б) берүүчү сунуштаган баа жана валюта, анын ичинде ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча баалар.
4. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген метод колдонулган учурда биринчи этапта ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 7-пункттарында каралган маалыматтар ачылат.
Экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди веб-портал аркылуу жөнөтөт жана сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн сатып алуу жөнүндө документтер жиберилген датадан тартып кеминде 10 (он) жумуш күндө белгилейт. Экинчи этапка биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөрдүн документтеринин кайра каралган шарттарын эске алуу менен акыркы сунуштар берилет. Финансылык сунуштар менен экинчи этапты ачууда веб-порталда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтар белгиленет.
5. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-берене
26-берене. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо, жеңүүчүнү аныктоо
1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоодо ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболор жана критерийлер гана пайдаланылат. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунуштарын сатып алуучу уюм/Агент аныкталуучу балл боюнча же стандарттык баалоо системасы боюнча баалайт.
2. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоонун жүрүшүндɵ берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмөлөрдү, анын ичинде сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн, талаптарга ылайык келгенин тастыктаган, бирок сунуштун курамына берилбеген маалыматты сурай алат, эгерде мындай документтер берүүчүлөрдүн сунуштарын ачканга чейин ыйгарым укуктуу органдар тарабынан таризделген (берилген) болсо. Түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптар жана жооптор веб-портал аркылуу берилиши керек. Берүүчүнүн сунушунун маңызын өзгөртүүгө багытталган суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же түшүндүрүүлɵргɵ жол берилбейт.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтарын сатып алуу жөнүндөгү документтердеги баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баалайт.
4. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Баалоонун жүрүшүндө сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушун төмөнкүдөй учурларда четке кагат, эгерде:
1) берүүчү же болбосо анын суроо-талап боюнча берилген сунушу же маалыматы квалификациялык талаптарга же болбосо сатып алуу жɵнүндɵ документтердин талаптарына шайкеш келбесе;
2) берүүчү берүүчүнүн сунушуна кепилдик берген декларацияга кол койбосо же болбосо сунуштарды ачуу учуруна карата берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылууну бербесе;
3) анда майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар тарабынан түзүлгөн уюмдарды кошпогондо, берүүчүнүн салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болсо;
4) берүүчү тарабынан сунушталган техникалык параметрлер сатып алуу жөнүндө документтердин техникалык өзгөчөлүгүнө шайкеш келбесе;
5) берүүчүнүн катышуусуна ушул Мыйзам жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен четке кагуу жана (же) тыюу салуу учурлары белгиленсе.
6. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына мааниси боюнча жооп берген берүүчүнүн жеңишке ээ болгон сунушун аныктайт:
1) баалоонун баа баллдык системасы колдонулса, эң жогорку балл менен;
2) белгиленген баа квалификациялык жана техникалык талаптарды эске алуу менен эң төмөнкү баа менен.
7. Эгерде баалоонун жыйынтыктары боюнча берүүчүлөр тарабынан сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берүүчү бирдей баалары жана шарттары бар сунуштар берилсе, анда сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу бирдей баадагы жана шарттагы сунуштарды берген берүүчүлөргө баштапкы сунуштардын өлчөмүнөн бааны төмөндөтүү (арзандатып берүү) мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. Жеңүүчү деп эң төмөнкү бааны (эң жогорку арзандатууну) көрсөткөн берүүчүнүн сунушу эсептелинет.
Эгерде бааны төмөндөткөндөн кийин (арзандатып берүү) берүүчүлөр бирдей сунуштарды (баа, арзандатуу) беришсе, анда жеңүүчү веб-портал тарабынан атайы эмес тандоо жолу менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-берене
27-берене. Сатып алуулар жол-жоболорунун протоколу
1. Сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлөт жана кол коюлгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде веб-порталда автоматтык түрдө жайгаштырылат, анда төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу күнү, сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыктары жарыяланган дата сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар;
2) ар бир лот боюнча сатып алуу предметинин баяндамасы;
3) сунуштарды берүүчү берүүчүлөрдүн аталыштары жана даректери же болбосо алардын идентификациялык коду;
4) сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөргө коюлган талаптар;
5) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) сунуштарды берген берүүчүлөрдүн квалификациясы жөнүндө маалымат;
7) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат;
8) берүүчүнүн ар бир сунушунун баасы жана башка негизги шарттары;
9) жеңүүчүнү тандоо үчүн баалоо критерийлери;
10) сунуштардын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат;
11) бардык сунуштар четке кагылган учурда аларды четке кагуу негиздери жөнүндө маалымат;
12) даттануулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
13) жол-жоболорду токтотуу жана кайра баштоо жөнүндө маалымат;
14) эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;
15) жеңүүчү деп жарыяланган берүүчүнүн аталышы жана дареги, контракттын баасы жана башка негизги шарттары (алкактык макулдашуунун жол-жобосу болгон учурда - алкактык макулдашуунун негизги шарттары жөнүндө кошумча кыскача маалымат);
16) жабдуучулардын четке кагылбаган сунуштарынын рейтинги;
17) ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык өтө төмөн баадагы сунуштарды четке кагуунун себеби;
18) ошондой эле маалымат:
а) рейтинг боюнча биринчи орунду ээлеген жеңүүчү менен контрактыга кол коюудан баш тартуу жөнүндө;
б) рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген жабдуучулар менен контрактыга кол коюудан баш тарткандыгы жөнүндө;
в) же болбосо сатып алуучу уюмдун/Агенттин рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген жабдуучулар менен контракт түзбөө жөнүндө чечими;
19) протоколго даттануу мөөнөтү;
20) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна киргизилүү зарыл болгон башка маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-берене
28-берене. Сатып алууну жокко чыгаруу, сатып алуу болду жана болгон жок деп таануу
1. Эгерде андан ары сатып алуулардын зарылдыгы жок болуп калса, сатып алуучу уюм/Агент мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун контракт түзүлгөнгө чейин каалаган убакта жокко чыгара алат.
Кийинчерээк сатып алуучу уюмга/Агентке бир жыл ичинде сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими боюнча анын зарылдыгы болбой калган сатып алуу предметин сатып алууга тыюу салынат.
2. Эгерде чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасы менен сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш берилген болсо, же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш калса, анда бул сатып алуулар болду деп таанылат.
Эгерде сатып алуу котировкаларды суратып алуу методу менен жүзөгө ашырылса жана өткөрүлгөн баалоонун жыйынтыктары боюнча сатып алуу жөнүндө документтердин белгиленген талаптарына жооп берген берүүчүнүн бир гана сунушу калса, анда бул сатып алуу болду деп таанылат. Эгерде алкактык макулдашууну колдонуу менен сатып алуулар жүзөгө ашырылган учурда бир гана сунуш берилсе, же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талабына жооп берген бир гана сунуш калса, анда сатып алуунун мындай жол-жобосу болду деп таанылат.
3. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда сатып алуулар болгон жок деп тааныйт, эгерде:
1) бир дагы сунуш келип түшпөсө же сунуштар жетишсиз санда келип түшсө;
11) берүүчүлөрдүн бардык сунуштары четке кагылса;
2) сунуштун минималдуу баасы сатып алуу предметинин пландалган бюджетинен ашса;
3) балл менен баалоонун натыйжасы боюнча бир дагы беруучү минималдуу өтүү баллын топтой албаса;
4) сатып алуулардын жеңүүчүсү, же болбосо рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген жеңүүчү контрактыга кол коюудан баш тартса, же болбосо сатып алуучу уюм/Агент рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контрактыга кол койбоо жөнүндө чечим кабыл алса;
5) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бузуулар аныкталса.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм/Агент баалоо критерийлерин, сатып алуу предметинин пландалган наркын, техникалык өзгөчөлүктөрдү, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана сатып алууну кайрадан, бирок сатып алуу болгон жок деп таанылган датадан тартып 5 жумуш күндɵн эрте эмес жүргүзүүгө тийиш.
Мында ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5-пункттарынын талаптарына ылайык сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу болгон жок деп таанылган учурдан тартып кайрадан сатып алууну жүргүзө алат.
5. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларда бир жана ошол эле сатып алуулардын ажырагыс бөлүгү лот же лоттор болгон жок деп таанууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-берене
29-берене. Жеңүүчүнү ырастоо жөнүндө кабарлоо жана контракт түзүү
1. Жеңүүчү деп аныкталган берүүчү чектелбеген метод менен 3 жумуш күндүн ичинде сатып алууларды жүргүзүүдө жана котировкаларды суратып алуу методу менен - 1 жумуш күндүн ичинде жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоону ырастоого тийиш.
2. Сатып алуучу уюм/Агент жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып, эгерде ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулбаганда гана 3 жумуш күндөн эрте эмес жана 8 жумуш күндөн кечиктирбестен, жеңип алган берүүчү менен контрактыга кол коёт.
Электрондук каталог аркылуу бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууда сатып алууларды жүзөгө ашырууда уюм/Агент 1 жумуш күндүн ичинде контрактыга кол коёт. Бир берүүчү сатып алууга катышкан учурда, контракт берүүчү тарабынан билдирүү ырасталган шартта, иштелип чыккан тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде түзүлөт.
3. Сатып алуучу уюм/Агент сунушу жеңүүчү деп таанылган берүүчү менен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарды эске алып, сунуштун шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө ылайык контракт түзөт.
4. Сатып алууну жеңүүчү тарабынан кабарлама ырасталбаган же андан баш тартылган учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат жана ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
(Глава Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-глава. Даттануу тартиби
43-берене
43-берене. Даттануу берүүнүн тартиби
1. Берүүлөр веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмдун/Агенттиктин аракетине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга укуктуу, эгерде алардын аракети (аракетсиздиги), чечими бул берүүчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын төмөнкү тартипте бузса:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине (биринчи инстанциядагы администрациялык орган);
2) көз карандысыз комиссиянын дарегине (экинчи инстанциядагы администрациялык орган).
Эки инстанциядагы даттануу канааттандырылбаган учурда, даттанууларды кароо сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
2. Даттануу төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
1) мамлекеттик сатып алуулар методуна;
2) сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына;
3) сатып алуучу уюмдун/Агент аракетине (аракетсиздигине), чечимине;
4) сатып алуулар жөнүндө контрактыга кол коюу учурунда контракттын шарттарын өзгөртүүгө.
3. Төмөнкүлөр даттануунун предмети боло албайт:
1) контракттарды банктык коштоону колдонуу шарты;
2) сатып алуучу уюмдун/Агенттин ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алган чечими;
3) баа баалоонун жалгыз критерийи болуп саналган стандарттык товарларды электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырган сатып алуулар.
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
44-берене
44-берене. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аракеттери
1. Берүүчүлөр сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына (талаптарына) жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине жумуш күндөрү даттанууга укуктуу.
2. Мамлекеттик сатып алуулар методуна жана сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына даттануу берүүчү тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 2 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилиши мүмкүн.
Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу ушул Мыйзамдын 25 жана 29-беренелерине ылайык веб-порталга баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет. Бардык сунуштарды четке кагууга байланыштуу сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда, даттануу мындай маалымат жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
3. Мамлекеттик сатып алуулардын методуна же сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына даттануулар келип түшкөндɵ, сатып алуучу уюм/Агент электрондук форматта даттанууну карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Мында сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 жумуш күнгө жылдырылат.
Сатып алуучу уюмдун аракетине (аракетсиздигине) же чечимине же контракттын шарттарын өзгөртүүгө даттануулар келип түшкөндɵ, сатып алуулардын жол-жобосу 5 жумуш күнгө токтотулуп турат, мында веб-портал даттануу жөнүндө кабарламаны бардык катышуучуларга автоматтык түрдө жөнөтөт. Сатып алуучу уюм/Агент электрондук форматта даттанууну карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) даттанууну негиздүү деп таануу жөнүндө;
2) даттанууну негизсиз деп таануу жөнүндө.
Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жүйөлүү чечими веб-порталга жайгаштырылат.
4. Эгерде сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө даттануу боюнча чечим чыгарбаса, анда даттануу негиздүү жана канааттандырылган болуп эсептелет. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттанууну кароо мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылган чечими жараксыз болот.
5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануусу боюнча комиссиянын чечимине макул болбогон берүүчүлɵр көз карандысыз комиссияга административдик даттануу берүүгө укуктуу.
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
45-берене
45-берене. Көз карандысыз комиссия тарабынан административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароонун тартиби
1. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине административдик даттануулар жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин кайрылуулары Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия (мындан ары – көз карандысыз комиссия) тарабынан каралат. Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндө жогорку/орто кесиптик билими жɵнүндɵ диплому бар адистерден турат.
Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү кабыл алган чечимдери, аракеттери (аракетсиздиктери) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Кайрылуулар жана административдик даттануулар ушул беренеде белгиленген тартипте, веб-портал аркылуу каралат. Административдик даттануулар сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде берилет.
3. Эгерде кайрылуунун же административдик даттануунун предмети боюнча соттук териштирүүлөр башталган учурда, же ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негиздердеги талаш-тартыштар боюнча чыгарылган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болгон учурда, административдик даттануулар жана кайрылуулар каралбайт.
4. Административдик даттанууну берүүдɵ веб-портал бардык кызыкдар тараптарга кабарлама жиберет. Сатып алуу 3 жумуш күнгө токтотулуп турат. Кайрылууну берүүдɵ веб-портал ага карта мындай кайрылуу келип түшкөн берүүчүгө кабарлама жиберет.
5. Административдик даттануулар билдирилген талаптардын чектеринде каралат жана административдик даттануу келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде негиздемелерин көрсөтүү менен веб-порталда төмөнкүдөй жүйөлөнгөн чечим чыгарылат:
1) административдик даттанууну негизсиз деп таануу жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;
2) административдик даттанууну негиздүү деп таануу жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин жокко чыгаруу жөнүндө.
Кайрылуу келип түшкөндө көз карандысыз комиссия кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде мындай кайрылуунун негиздүүлүгү же болбосо негизсиздиги жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
6. Эгерде мындай маалыматтын ачылганы жөнүндө сот тарабынан токтом кабыл алынбаса, кабыл алынган чечимде берүүчүлөрдүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же ак ниет атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу маалыматтар камтылуусу тийиш эмес.
7. Эгерде кайрылуу негиздүү деп таанылган учурда, көз карандысыз комиссия 2 жылдык мөөнөткө ташуучуну ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалымат базасына киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.
8. Эгерде сатып алуучу уюм/Агент, берүүчү администрациялык даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия кабыл алган чечимге канааттанбаган учурда, алар ушул Мыйзамдын 46-беренесине ылайык сот тартибинде даттанууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
46-берене
46-берене. Соттук тартипте даттануу Сатып алуулар жол-жоболорун жүзөгө ашырууда берүүчүлөр жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 45-беренесине ылайык сатып алуучу уюм/Агент, көз карандысыз комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанылат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракт
47-берене
47-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракт түзүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн контракттарды кошпогондо, контракт квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдалануу менен смарт-контракт түрүндө түзүлөт. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күнүнөн тартып түзүлдү деп эсептелүүчү контракттарын кошпогондо, контракт тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Контрактыга смарт-контракт түрүндө кол коюлгандан кийин веб-порталда автоматтык түрдө түзүлөт, ал эми ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол коюлган учурда, веб-порталда жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар чагылдырылат:
1) берүүчүнүн аталышы, юридикалык дареги жана бенефициардык ээлер жɵнүндɵ маалыматтар;
2) сатып алууларды өткөрүү датасы;
3) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун көрсөтүү менен, мамлекеттик сатып алуулардын предмети;
4) улуттук валютада товардын бирдиги үчүн баасы;
5) лоттун (лоттордун) суммасы жана контракттын жалпы суммасы;
6) контракт түзүлгөн дата;
7) контрактты аткаруунун шарттары жана графиги (товарларды берүү, кызмат көрсөтүү, жумуштарды аткаруу);
8) контракт боюнча төлөө мөөнөттөрү;
9) контракттын аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү жана төлөнгөнүн тастыктаган документ;
10) контракт боюнча товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө кепилдик милдеттенменин мөөнөтүнүн болушу жана мөөнөтү;
11) контракт боюнча айып төлөмдөрүнүн жана айыптык санкциялардын көлөмү;
12) ушул Мыйзамдын 49-беренесинде белгиленген учурларда контракттын банктык коштоосунун болушу.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, сатып алуулар жол-жоболору жүргүзбөстөн түзүлгөн контракт анык эмес (жараксыз) жана ушул контракт боюнча төлөнгөн бардык чыгымдар мындай чечимди кабыл алган сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилеринин эсебинен калыбына келтирүүсү тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
48-берене
48-берене. Контрактты башкаруу
1. Контрактты алып баруу, башкаруу сатып алуучу уюм/Агент тарабынан ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Сатып алуучу уюм/Агент контрактты башкаруу процессинде иш-аракеттер жасалган учурдан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен веб-порталга төмөнкү маалыматтарды киргизүүнү камсыз кылат:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталар;
2) контракт боюнча кошуп эсептелген үстөктөрдүн жана айып пул санкцияларынын суммасы;
3) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган көлөмү өлчөмү жана суммасы;
4) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону берүү датасы жана мөөнөттөрү;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактуралары жана төлөөгө карата эсептер;
6) контракт боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрү (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү төлөмдөр үчүн бөлүп-бөлүп төлөө, акыркы төлөмдөр);
7) тараптардын дооматтарды жөнөткөн даталары жана ал дооматтарга жооптор;
8) талаш-тартыштарды административдик, сот тартибинде чечүү;
9) контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.
3. Берүүчү контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу уюм/Агент товарларды аткарылган жумуштарды, кызматтарды кабыл алуунун, тийиштүү актысы менен тастыкталган контракттын наркынын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү. Сатып алуучу уюмда/Агентте акча каражаты болгондо, контрактта каралган төлөөдөн баш тарткан, же төлөөнүн мөөнөттөрү же графиктери бузулган учурда сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
4. Сатып алуучу уюмда/Агентте мурда аткарылган контракттар боюнча карыздары болгон учурда, контракт боюнча төлөөгө жол берилбейт. Сатып алуучу уюм/Агент контракттар боюнча төлөөнү товарларды, аткарылган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысынын датасына ылайык кезектүүлүк боюнча жүргүзөт.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, контракттардын жана аларга карата толуктоолордун мазмуну жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси жана кызматкерлери контрактты аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49-берене. Сатып алуу жөнүндө контрактты банктык коштоо Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды банктык коштоону жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
2. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жототту)
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
50-берене
50-берене. Контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо
1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону сурап алат.
2. Кепилдик камсыздоо контракттын наркынын 10 пайызынан жогору болуусу мүмкүн эмес.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдик камсыздоо берүүчүлөр тарабынан банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар түрүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган же камсыз кылынган баалуу кагаздар, жеке же юридикалык жактар тарабынан берилген кепилдиктер түрүндө берилиши мүмкүн.
Контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо акча каражаттары түрүндө берилген учурда, берүүчү аларды сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/эсептешүү эсебине которот.
4. Контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо сатып алуучу уюм/Агент тарабынан 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, төмөнкүдөй учурларда берүүчүгө кайтарылып берилет:
1) бардык кепилдик милдеттенмелерди (кепилдик мезгил) кошкондо, контракт боюнча милдеттенмелер аткарылганда;
2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу контракт бузулганда.
Кепилдик милдеттенмелердин колдонуу мезгилинде сатып алуучу уюм контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоонун өлчөмүн төмөндөтөт. Мында контракттынаткарылышын кепилдик камсыздоодо кармалган сумма контракттынаткарылышын кепилдик камсыздоо суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
5. Сатып алуучу уюм/Агент конкреттүү сыпаттамасы менен даяр (стандарттуу) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, контрактты аткарууну кепилдикти камсыз кылуу жөнүндө талаптын ордуна контрактты аткарууну кепилдеген декларацияга берүүчүлөрдүн кол коюусу жөнүндө талапты белгилөөсү мүмкүн.
Берүүчүлөр тарабынан бул декларация бузулганда сатып алуучу уюм/Агент аларды ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизүүнү демилгелейт.
6. Сатып алуучу уюм аткарылган иштин кол коюлган актысынын негизинде контрактыга ар бир төлөмдөн берүүчүнүн сунуштарында белгиленген контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылуунун өлчөмүндө кармап калуу жөнүндө шарттарды контрактыга киргизе алат.
7. Берүүчүнүн күнөөсү боюнча контракт бузулган, ал контракт боюнча милдеттенмелерди же кепилдик мезгилдин ичинде кепилдик милдеттенмелерин аткарбаган учурда, контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоонун калдыгы сатып алуучу уюм/Агент тарабынан кармалат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене
51-берене. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери
1. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда түзүлгөн контрактыга өзгөртүү киргизүүгө укуктуу:
1) сапаты жана берүүчүнү тандап алуу үчүн негиз болгон башка шарттар өзгөрүлбөгөн шартта товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөргөн шартта, тараптардын өз ара макулдугу боюнча сатып алуу жөнүндө контрактты аткаруу процессинде ушуга окшош сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөрсө. Баанын өсүшүнө байланыштуу жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн аныктоонун ырастоонун тартиби Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, расмий статистика жаатындагы жана башка органдар тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда аныкталат;
2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган;
3) эгерде контрактыга кол коюлган датадан кийин товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө же азаюусуна алып келүүчү салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе, сатып алуучу уюм контракттын наркын тиешелүү түрдө көбөйтүүсү же азайтуусу тийиш.
2. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактка берүүчүнү тандоо критерийлери (сатып алуу предметинин техникалык өзгөчөлүгү) болуп саналган шарттар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
52-берене
52-берене. Контракттын колдонулушун токтотуу Контракттын колдонулушун токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) контрактты түзүүдө тараптар аларга таянган жана контракт түзүү учурунда өзгөрүшүн алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жагдайларда олуттуу ɵзгɵрүүлɵр келип чыкканда жана эгерде мында контрактты аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу уюм/Агент мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон күндɵн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен контрактты бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.
Эгерде контракт ушул пунктка ылайык бузулган учурда, тараптардын тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) бардык милдеттенмелер аткарылганда контрактыга ылайык.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
53-берене. Контракт боюнча талаш-тартыштар
1. Түзүлгөн контрактты аткарууга байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда контракттын тараптары себептерин көрсөтүү менен бири-бирине дооматтарды коюуга укуктуу.
2. Башка тараптын дооматын алган тарап аны карап чыгууга жана доомат коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
3. Доомат четке кагылган же ага ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттүн ичинде жооп берилбеген учурда, кызыкдар тарап сотко же бейтарап сотко (эгерде сатып алуу жөнүндө контрактта бейтарап шилтеме бар болсо) кайрылууга укуктуу.
6-глава. Корутунду жоболор
54-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү кошпогондо расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет:
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 34 жарыяланды
1) расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 49-беренени;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 19-пунктунун, 25-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн, 27-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун ченемдерин, идентификациялык кодду колдонуу бөлүгүндө.
2. Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-майындагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 473-ст.);
2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.);
3) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 10, 1044-ст.);
4) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 10-декабрындагы № 195 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1172-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 14-февралындагы № 25 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2(2), 85-ст.);
6) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 30-майындагы № 93 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 411-ст.);
7) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 29-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 3, 143-ст.);
8) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 1, 4-ст.);
9) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-июнундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 347-ст.);
10) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2020-ж., № 4, 221-ст.);
11) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2020-ж., № 11, 867-ст.);
12) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 3, 162-ст.);
13) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 99 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 7, 503-ст.);
14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 10, 812-ст.).
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| 2022-жылдын 6-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 24 · цитата келтиргендер: 267 · байланышкандар: 22
Цитата келтиргендер (267)
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ (КР…Порядок · 25.04.2023 · № 222
- Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары (Кыргыз республикасынын…Приложение · 14.11.2023 · № 7-П
- Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартиби"КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Порядок · 24.08.2022 · № 473
- Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 токтомуна)Порядок · 19.09.2023 · № 489
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби…Порядок · 07.10.2022 · № 549
- Тиркеме (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык)Приложение · 05.10.2023 · № 6-П
- Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 249 токтомуна)Положение · 13.04.2026 · № 249
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын…Положение · 25.12.2025 · № 833
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы № 512-т (Ош мамлекеттик университети тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө медициналык…Распоряжение · 26.09.2022 · № 512-р
- Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускама (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 7-Б буйругуна…Инструкция · 14.11.2023 · № 7-П
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтомуна "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…План · 25.12.2021 · № 352
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 651 "Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибин…Постановление · 21.11.2022 · № 651
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Положение · 18.04.2023 · № 209
- Аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 395 токтомуна)Порядок · 04.08.2023 · № 395
- 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган…План · 24.09.2025 · № 613
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 токтомуна)Положение · 02.09.2022 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин түзүү жана аткаруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 603 токтомуна)Положение · 04.11.2022 · № 603
- Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №651 токтомуна)Порядок · 21.11.2022 · № 651
267 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (24)
- Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндөЗакон · 10.07.2025 · № 136
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2023 · № 147
- Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 165
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"…Закон · 14.02.2017 · № 25
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 29.11.2021 · № 141
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.01.2023 · № 19
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 16.05.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.08.2026 · № 144 · Күчүнө кире элек
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 05.03.2021 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.11.2016 · № 182 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 10.12.2016 · № 195 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2017 · № 93 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 29.03.2018 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 11.01.2019 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2019 · № 76 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 20.04.2020 · № 48 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.12.2020 · № 8 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупкахЗакон · 11.08.2021 · № 99 · Күчүн жоготкон
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (22)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү…План · 05.06.2024 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу тууралуу)…Распоряжение · 10.02.2023 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 325-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 19.03.2026 · № 325-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 563-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 11.06.2026 · № 563-VIII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 604
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 140-т "Бюджеттик каражаттарды натыйжапуу пайдалануу, билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана…Распоряжение · 24.03.2022 · № 140-р
- Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 43/7-9 "Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобосун…Постановление · 02.07.2025 · № 43/7-9
- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна)Положение · 04.11.2022 · № 604
- Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна)Положение · 04.11.2022 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Өнүктүрүү жана материалдык дем берүү фонду жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 02.04.2026 · № 216
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 352 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.10.2022 · № 352
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 170-VII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2022 · № 170-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баа түзүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 27.09.2022 · № 530
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22-майындагы № 2084-VII “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”…Постановление · 22.05.2024 · № 2084-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-январындагы № 86-VIII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 22.01.2026 · № 86-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 577-VIII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу»…Постановление · 11.06.2026 · № 577-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябры № 591-VII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 27.10.2022 · № 591-VII
22 ичинен 18 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.