Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Конкурсту жокко чыгаруу же конкурсту өткөрүлгөн жок деп таануу
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Сатып алуучу уюм, эгерде андан ары сатып алуунун зарылчылыгы болбой калса, келишимди түзгөнгө чейин кайсы болбосун убакта мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жокко чыгарышы мүмкүн.
Кийин сатып алуучу уюмга финансылык жылдын ичинде сатып алуучу уюмдун чечими боюнча зарылдык болбой калган сатып алуу предметин сатып алууга тыюу салынат.
2. Сатып алуучу уюм төмөнкү учурларда конкурсту өткөрүлгөн жок деп тааныйт:
1) бир дагы конкурстук табыштама келип түшпөгөндө, конкурстук табыштамалардын саны жетишсиз болгондо же болбосо бардык конкурстук табыштамалар четке кагылганда;
2) конкурстук табыштамалардын минималдуу баасы сатып алуучу уюм сатып алууларды өткөрүүгө бөлгөн суммадан ашып кеткенде;
3) конкурстук табыштаманын мөөнөтү бүткөндө;
4) ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, көз карандысыз комиссия сатып алуулардан тапкан укук бузуулар аныкталганда;
5) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан табылган сатып алуулардын тартиби бузулгандыгы аныкталганда.
3. Сатып алуучу уюм конкурсту жокко чыгаруу же конкурсту өткөрүлгөн жок деп таануу тууралуу маалыматты бир жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жарыялайт.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда, сатып алуучу уюм баалоо критерийлерин, техникалык өзгөчө шарттарды, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана кайрадан конкурс өткөрүүгө тийиш. Эгерде бул жол-жобо келишим түзүүгө алып келбесе, анда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттары боюнча конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурларды кошпогондо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алууларды ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык өткөрө алат.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б буйругу менен бекитилди) "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүүнүн ТАРТИБИ"Порядок · 22.08.2017 · № 112-п
- Мамлекеттик электрондук сатып алууларды жана электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы №…Положение · 10.12.2012 · № 818 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-31" title="31-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>