Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдү (подрядчыларды) жана консультанттарды мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн жана дайындар базасына киргизүүнүн шарттары
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасы - келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн киргизилген ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин реестри.
2. Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар, ошондой эле ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизилген, бирок башка берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын курамында катышкан компаниялардын жетекчилеринин мамлекеттик сатып алууларга катышуусуна жол берилбейт.
Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 14, 20 жана 22-пункттарын кошпогондо, эгерде берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын түзүүчүлөрү, жетекчи курамынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм менен аффилирленген жактар болуп саналса, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын), консультанттардын мамлекеттик сатып алууларга катышуусуна жол берилбейт.
3. Сатып алуучу уюм маалымат базасына ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдү (подрядчыларды) жана консультанттарды, коллегиялуу аткаруу органдарынын мүчөлөрүн, жеке аткаруу органынын функцияларын аткаруучу жактарды, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген жактарды киргизүүнү демилгелейт, эгерде:
1) эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүү менен байланышкан учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта, конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр (пордрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишим (контракт) түзүүдөн баш тартышса;
2) берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар менен заказчылар сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) бир тараптуу тартипте бузушса, аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын сатып алуулар жөнүндө документацияда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар үчүн белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы белгиленсе же берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар мындай талаптарга өзүнүн шайкештиги жөнүндө калпыс маалымат берип, бул сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүнчүлүк берсе, анын натыйжасында ушундай келишимдер түзүлсө;
3) берүүчү (подрядчы) компаниянын жетекчиси же түзүүчүсү күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденген жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген алдамчылык жана коррупция үчүн сот тарабынан жоопкерчиликке тартылса. Эгерде жетекчиге же түзүүчүгө карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондугу белгиленген тартипте жоюлган же алып салынган болсо, анда бул ченем колдонулбайт;
4) эгерде мындай укук бузуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта, конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын шарттары берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар тарабынан бузулса;
5) берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишимдер (контракттар) боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбаса, же болбосо талаптагыдай аткарбаса;
6) берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар ушул Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын бузууга жол беришсе.
4. Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-б "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз…Приказ · 11.10.2017 · № 140-п
- (Утверждено приказом Министерства финансов Кыргызской Республики от «11» октября 2017 года № 140-П) "Положение о порядке работы независимой межведомственной комиссии по…Положение · 11.10.2017 · № 140-п
- Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2020-жылдын 30-марты № 42-п “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн…Приказ · 30.03.2020 · № 42-п
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-б “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн…Приказ · 30.03.2020 · № 42-П
- Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссиясы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2011 · № 330 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>