Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүсү жана өткөрүүсү боюнча чаралар жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY БУЙРУК 2015-жылдын 2-июну № 233-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык сатып алуу үчүн уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын табыштамаларына ылайык республикалык бюджеттен кошумча каржылоону камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берүү сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон