Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Ош мамлекеттик университети тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусун куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп «Кыргызгипрострой» ачык акционердик коомун жана куруу иштеринин аткаруучусу болуп «Билд Мастер групп» жоопкерчилиги чектелген коомун аныктоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 26-сентябры № 512-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Ош мамлекеттик университетинин сунушунун жана бул университет тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Ош мамлекеттик университети тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусун куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп "Кыргызгипрострой" ачык акционердик коому;
2) Ош мамлекеттик университети тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусун куруу иштеринин аткаруучусу болуп "Билд Мастер групп" жоопкерчилиги чектелген коому.
2. Ош мамлекеттик университети медициналык клиниканын жаңы модернизацияланган корпусунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу жана аны куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан ыкмасы менен сатып алсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана эки жыл аралыгында колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.04.2022 · № 114