27-берене. Сатып алуулар жол-жоболорунун протоколу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен берилген.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлөт жана кол коюлгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде веб-порталда автоматтык түрдө жайгаштырылат, анда төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу күнү, сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыктары жарыяланган дата сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар;
2) ар бир лот боюнча сатып алуу предметинин баяндамасы;
3) сунуштарды берүүчү берүүчүлөрдүн аталыштары жана даректери же болбосо алардын идентификациялык коду;
4) сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөргө коюлган талаптар;
5) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) сунуштарды берген берүүчүлөрдүн квалификациясы жөнүндө маалымат;
7) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат;
8) берүүчүнүн ар бир сунушунун баасы жана башка негизги шарттары;
9) жеңүүчүнү тандоо үчүн баалоо критерийлери;
10) сунуштардын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат;
11) бардык сунуштар четке кагылган учурда аларды четке кагуу негиздери жөнүндө маалымат;
12) даттануулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
13) жол-жоболорду токтотуу жана кайра баштоо жөнүндө маалымат;
14) эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;
15) жеңүүчү деп жарыяланган берүүчүнүн аталышы жана дареги, контракттын баасы жана башка негизги шарттары (алкактык макулдашуунун жол-жобосу болгон учурда - алкактык макулдашуунун негизги шарттары жөнүндө кошумча кыскача маалымат);
16) жабдуучулардын четке кагылбаган сунуштарынын рейтинги;
17) ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык өтө төмөн баадагы сунуштарды четке кагуунун себеби;
18) ошондой эле маалымат:
а) рейтинг боюнча биринчи орунду ээлеген жеңүүчү менен контрактыга кол коюудан баш тартуу жөнүндө;
б) рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген жабдуучулар менен контрактыга кол коюудан баш тарткандыгы жөнүндө;
в) же болбосо сатып алуучу уюмдун/Агенттин рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген жабдуучулар менен контракт түзбөө жөнүндө чечими;
19) протоколго даттануу мөөнөтү;
20) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна киргизилүү зарыл болгон башка маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алуу предметинин баяндамасы;
3) сунуштарды берүүчү берүүчүлөрдүн алынып салынды: аталышы кошулду: аталыштары жана алынып салынды: даректери, ошондой эле чектелбеген ыкманын эки пакеттүү методу колдонулуп калган учурда кошулду: даректери же болбосо алардын идентификациялык коду;
4) сатып алуу жөнүндө документтерде … 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 147 кошулду: 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ (КР…Порядок · 25.04.2023 · № 222
- Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартиби"КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Порядок · 24.08.2022 · № 473
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2021 · № 137 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу…Порядок · 09.09.2022 · № 499 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-27" title="27-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>