12-берене. Сатып алуулар жөнүндө документтер
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен берилген.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык электрондук формада иштелип чыгат жана толук көлөмдө акысыз негизде жеткиликтүү болуп саналат.
2. Сатып алуулар жөнүндө документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сатып алуунун предметин;
2) мамлекеттик сатып алуунун методун жана ыкмасын, берүүчүлөр тарабынан сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн;
3) сатып алуулар предметине жана ар бир өзүнчө сатылып алынуучу бирдикке мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун;
4) берүүчүлөр үчүн нускаманы;
5) ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптар, квалификациялык талаптарды белгилебестен котировкаларды суратуу методу менен сатып алууларды кошпогондо:
а) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат суралган стандарттуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн;
б) сатып алуу жөнүндө документтери берүүчүлөрдүн квалификациясына коюлуучу лицензиянын, квалификациялуу кызматкерлердин, ушул кесипке окшош тажрыйбасынын болуусу жана салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу сыяктуу минималдык талаптарды камтыган иштердин;
6) товарларды жеткирип берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жерлерин жана алардын мөөнөтүн кошкондо, сатып алуу предметин толук сыпаттоону (лотторду сыпаттоо):
а) сатылып алынуучу товарлардын техникалык, сапаттык, функциялык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын санын;
б) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, техникалык спецификацияларды, курулуштун бардык көлөмүнө долбоордук-сметалык документтерди, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизаны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы пландарды, чиймелерди жана эскиздерди;
в) берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн;
г) калк үчүн багытталган же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга карата талаптар, эгерде мындай товарлар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгошу мүмкүн болсо.
Долбоорлоо жана курулуш жумуштарын, анын ичинде реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын, ошондой эле маалыматтык системаларды жана санариптик сервистерди сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча талаптар милдеттүү болуп саналат жана сатып алуу жөнүндө документке киргизилет;
7) чектелбеген метод менен сатып алууда: сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо пайдаланылган бардык критерийлерди.
Дары-дармек каражаттарын баалоо критерийлери пациент үчүн белгиленген ыкма менен далилденген эң жогорку клиникалык коопсуздукту жана терапевтик натыйжалуулукту жана кошумча реакциялардын эң төмөнкү тобокелдигин камсыз кылган критерийлерди камтууга тийиш. Инсулин жана башкалар сыяктуу өмүр бою колдонулуучу дары-дармек каражаттары үчүн кошумча, милдеттүү критерий болуп дары-дармектер сатып алган пациенттердин ар кандай топторунун жеке чыдамдуулугу саналат;
8) транспорттоого жана камсыздандырууга, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө чыгашалар жана баага таасир этиши мүмкүн болгон башка чыгашалар сыяктуу сатып алынуучу товарлардын жана жумуштардын наркынан башка элементтерди камтууга тийиш болгон бааны (улуттук валютада).
Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын жашоо циклинин аралыгында кийинки чыгымдар жөнүндөгү маалыматты кошумча сурап ала алат;
9) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосунун формасына, өлчөмүнө жана колдонулушунун мөөнөтүнө жана контракттарды аткарууга кепилдикти камсыздоого талаптарды;
10) берүүчүнүн сунушу колдонула турган мөөнөтүн;
11) сунуштар берилүүгө тийиш болгон тили же тилдери;
12) берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата жана квалификациялык талаптарга ылайыктыгын ырастоочу документтик далилдерге карата талаптар. Сатып алуулар жөнүндө документтер берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата дискриминациялык мүнөздөгү талаптарды камтыбашы керек;
13) берилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттерде, стандарттардын жоболорунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерде белгиленген талаптарга ылайык жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аман-эсендигине, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдикти болтурбоо максатында өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди берүү жөнүндө берүүчүлөргө карата талапты;
14) ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык контрактты банктык коштоо шарттарын;
15) контрактыга, ошондой эле контракттын долбооруна киргизиле турган контракттын өзгөчө шарттарын;
16) алкактык макулдашууну түзүүгө ниеттенген учурда - төмөнкүдөй кошумча маалыматты көрсөтүү менен алкактык макулдашуунун долбоорун:
а) сатып алуу алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө;
б) алкактык макулдашуунун тиби жана колдонулушунун мөөнөтү жөнүндө;
в) ушул алкактык макулдашууга ылайык алдыдагы контракттар жөнүндө билдирүүнүн тартиби тууралуу;
г) алкактык макулдашуунун жол-жоболорунун биринчи этабына катышпаган берүүчүлөр тарабынан алкактык макулдашууга кол коюунун мүмкүндүгү жана тартиби жөнүндө.
3. Сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүүдө бирдей (бир типтүү) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алынуучу көлөмүн, санын максималдык атаандаштыкты камсыздоочу лотторго бөлүүгө жол берилет. Мында, эгер процесстердин технологиялык бүтүндүгү, компоненттердин техникалык жана функциялык байланышы, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекттүүлүгү камсыздалбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лотторго бөлүүгө жол берилбейт.
4. Сатып алуу тууралуу документтердин негизинде веб-портал жумушчу күнү сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну иштеп чыгат. Сатып алуу жөнүндө кулактандыруу веб-порталдын издөө тутумунда кулактандырууларды жашырууга жол берген тамгаларды же символдорду камтыбашы керек.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…документтер
1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын алынып салынды: талаптарын эске алуу менен документтердин кошулду: талаптарына ылайык электрондук алынып салынды: формасынын негизинде кошулду: формада иштелип чыгат жана толук көлөмдө алынып салынды: кайтарымсыз кошулду: акысыз негизде жеткиликтүү болуп саналат.
2. Сатып алуулар жөнүндө … ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн алынып салынды: бөрүүчү кошулду: берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата алынып салынды: талаптарды, буга төмөнкүлөрдүн котировкаларын сурап алуу кошулду: талаптар, квалификациялык талаптарды белгилебестен котировкаларды суратуу методу менен сатып алынып салынды: алуулар кирбейт:
кошулду: алууларды кошпогондо:
а) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат суралган стандарттуу алынып салынды: товарлардын;
кошулду: товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн;
б) сатып алуу жөнүндө документтери берүүчүлөрдүн квалификациясына … берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн;
кошулду: г) калк үчүн багытталган же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга карата талаптар, эгерде мындай товарлар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгошу мүмкүн болсо.
Долбоорлоо жана курулуш жумуштарын, анын ичинде реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын, ошондой эле маалыматтык системаларды жана санариптик сервистерди сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча талаптар милдеттүү болуп саналат жана сатып алуу жөнүндө документке киргизилет;
7) чектелбеген метод менен сатып алууда: сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо пайдаланылган бардык алынып салынды: критерийлерди, анын ичинде акчалай формада көрсөтүлүүгө тийиш болгон ушул критерийлердин салмагын.
кошулду: критерийлерди.
Дары-дармек каражаттарын баалоо критерийлери пациент үчүн белгиленген … башка элементтерди камтууга тийиш болгон бааны (улуттук валютада).
алынып салынды: Даяр (стандарттуу) товарларды сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент арзандатууну суроого укуктуу.
Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын жашоо циклинин аралыгында кийинки … мөөнөтүнө жана контракттарды аткарууга кепилдикти камсыздоого алынып салынды: талаптарды же берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларацияларга кол коюу тууралуу талапты;
кошулду: талаптарды;
10) берүүчүнүн сунушу колдонула турган мөөнөтүн;
11) сунуштар … 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 147 кошулду: 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби…Порядок · 07.10.2022 · № 549
- Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартиби"КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Порядок · 24.08.2022 · № 473
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын…Положение · 25.12.2025 · № 833
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу…Порядок · 09.09.2022 · № 499 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>