Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-берене. Контрактты башкаруу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 5-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Контрактты алып баруу, башкаруу сатып алуучу уюм/Агент тарабынан ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Сатып алуучу уюм/Агент контрактты башкаруу процессинде иш-аракеттер жасалган учурдан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен веб-порталга төмөнкү маалыматтарды киргизүүнү камсыз кылат:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталар;
2) контракт боюнча кошуп эсептелген үстөктөрдүн жана айып пул санкцияларынын суммасы;
3) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган көлөмү өлчөмү жана суммасы;
4) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону берүү датасы жана мөөнөттөрү;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактуралары жана төлөөгө карата эсептер;
6) контракт боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрү (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү төлөмдөр үчүн бөлүп-бөлүп төлөө, акыркы төлөмдөр);
7) тараптардын дооматтарды жөнөткөн даталары жана ал дооматтарга жооптор;
8) талаш-тартыштарды административдик, сот тартибинде чечүү;
9) контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.
3. Берүүчү контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу уюм/Агент товарларды аткарылган жумуштарды, кызматтарды кабыл алуунун, тийиштүү актысы менен тастыкталган контракттын наркынын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү. Сатып алуучу уюмда/Агентте акча каражаты болгондо, контрактта каралган төлөөдөн баш тарткан, же төлөөнүн мөөнөттөрү же графиктери бузулган учурда сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
4. Сатып алуучу уюмда/Агентте мурда аткарылган контракттар боюнча карыздары болгон учурда, контракт боюнча төлөөгө жол берилбейт. Сатып алуучу уюм/Агент контракттар боюнча төлөөнү товарларды, аткарылган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысынын датасына ылайык кезектүүлүк боюнча жүргүзөт.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, контракттардын жана аларга карата толуктоолордун мазмуну жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси жана кызматкерлери контрактты аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камсыз кылат:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү алынып салынды: жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталар;
2) контракт боюнча кошуп … Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү алынып салынды: жана консультант тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактуралары жана төлөөгө карата … контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.
3. Берүүчү алынып салынды: же консультант контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу уюм/Агент товарларды аткарылган жумуштарды, кызматтарды алынып салынды: жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү кабыл алуунун, тийиштүү актысы менен тастыкталган контракттын … төлөөнү товарларды, аткарылган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү алынып салынды: жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысынын датасына ылайык кезектүүлүк боюнча жүргүзөт.
5. … мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-48" title="48-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>