6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилерине жана кызматкерлерине, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун кандай болбосун этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы иш-аракеттерге (аракетсиздикке), чечимдерге кандайдыр бир таасирин тийгизүүгө;
2) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга.
Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуу жол-жобосу сатып алуучу уюмдун/Агенттин же болбосо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат.
2. Адамдар сатып алуулардын жол-жобосу менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:
1) сатып алуулардын натыйжасына жеке кызыкдар болсо (анын ичинде сатып алууга катышууга өтүнмө берген жеке жактар);
2) сатып алууга катышууга сунуштарды берген берүүчүлөрдүн кызматкерлери же болбосо аларга берүүчүлөр таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү жеке жактар, анын ичинде башкаруу органдарынын катышуучулары (акционерлери), мүчɵлɵрү же мындай берүүчүлөрдүн кредиторлору болуп саналган жеке жактар болуп эсептелсе.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен сатып алуулар жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну төмөнкүдɵй учурда түзө албайт:
1) эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болуп саналса;
2) эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү сатып алуу боюнча комиссиянын жетекчисинин, мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болуп саналса;
3) эгерде берүүчү аффилирленген жак болуп саналса;
4) эгерде бул сатып алууда анын сунуштарын даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/Агентте сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого жооп берген жеке же юридикалык жак тартылса.
4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирлөөнүн жок экендиги жɵнүндɵ ырастоону, ошондой эле бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү.
5. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш.
6. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 1–3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактыларды аныктаган учурда, мындай берүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш.
7. Ушул беренеге ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби…Порядок · 07.10.2022 · № 549
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ (КР…Порядок · 25.04.2023 · № 222
- Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары (Кыргыз республикасынын…Приложение · 14.11.2023 · № 7-П
- Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускама (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 7-Б буйругуна…Инструкция · 14.11.2023 · № 7-П
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-мартындагы № 136 "Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2020 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу…Порядок · 09.09.2022 · № 499 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>