Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 7-августу № 165
Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 101-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын мамлекеттик мүлкүнүн ижарасынан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.";
2) 153-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ижара кирешелерин кошпогондо, мамлекеттик мүлктүн ижарасынан кирешелер;".
3-берене. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.";
2) 40-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары лицензия албастан туруп, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.";
3) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары финансылык ишти Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына жалпы билим берүү гранттары сакталат, аларды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу аныкталат.";
4) 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен сатылып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.".
4-берене. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-берененин 56-пункту "муниципалдык билим берүү уюмдарынан" деген сөздөрдөн кийин "жана өзгөчө статуска ээ мамлекеттик билим берүү уюмдарынан" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө;
- өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына.
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине кызмат көрсөтүүлөр жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.".
6-берене. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын: "41) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылуучу;".
7-берене. 2024-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 6-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 22-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (16)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-январындагы № 4337-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2021 · № 4337-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 22-январындагы № 3491-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 22-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2020 · № 3491-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 5 февраля 2020 года № 3518-VI "Об утверждении календарного плана работы Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на февраль 2020 года"Постановление · 05.02.2020 · № 3518-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4354-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын февралындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2021 · № 4354-VI
- Постановление Правительства КР от 16 апреля 2019 года № 168 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в…Постановление · 16.04.2019 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 22-январындагы № 3496-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү…Постановление · 22.01.2020 · № 3496-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР 2021-жылдын 27-январындагы № 4348-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча)…Постановление · 27.01.2021 · № 4348-VI
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндөЗакон · 17.07.2026 · № 113 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон