23-берене. Берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен берилген.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөрдүн квалификациялык деңгээлине карата талаптар, ошондой эле квалификациялык талаптарга шайкештигинин документалдык далилдерине болгон талаптар белгиленет.
2. Берүүчүлɵрдүн квалификациялык деңгээлине талаптар бардык берүүчүлөргө бирдей тиешелүү, ошондой эле субберүүчүлөргө же болбосо жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнө жайылтылат жана контракт түзүү боюнча юридикалык ыйгарым укук менен бирге төмөнкүдɵй минималдуу квалификациялык талаптарды камтыйт:
1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн - келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы жөнүндө маалымат;
2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу;
3) карыздын жоктугу жана финансылык отчеттуулук менен ырасталган финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу;
4) лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык контракттын негизинде тараптар лицензияны өз ара тааныган учурда, келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу;
5) контрактты жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруудагы документтер менен тастыкталган окшош тажрыйбанын болушу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынуучу предметтердин өзгөчөлүгүнө жараша башка квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.
3. Сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун окшош тажрыйбасынын болуусунун квалификациялык талаптары белгиленген учурда, мындай талап сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
4. Берүүчүнүн финансылык жөндөмдүүлүгүнүн болуусу белгиленген учурда карата квалификациялык талап белгиленген учурда, мындай талаптын суммасы сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн окшош тажрыйбасы, ошондой эле жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына ылайык келүүгө тийиш. Мында жөнөкөй шериктештиктин жетектөөчү өнөктөшү сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 40 пайызынан кем эмесине ылайык келүүгө тийиш. Бул талаптарга шайкеш келбеген учурда жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу четке кагылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…документалдык далилдерине болгон талаптар белгиленет.
2. алынып салынды: Берүүчүнүн кошулду: Берүүчүлɵрдүн квалификациялык деңгээлине талаптар бардык берүүчүлөргө бирдей алынып салынды: колдонулат кошулду: тиешелүү, ошондой эле субберүүчүлөргө же болбосо жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнө жайылтылат жана контракт түзүү боюнча юридикалык алынып салынды: жактан ыйгарым алынып салынды: укуктан тышкары, төмөнкү кошулду: укук менен бирге төмөнкүдɵй минималдуу квалификациялык талаптарды камтыйт:
1) Кыргыз … аткаруудагы документтер менен тастыкталган окшош тажрыйбанын болушу.
кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынуучу предметтердин өзгөчөлүгүнө жараша башка квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.
3. Сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун окшош … 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жөнөкөй алынып салынды: шериктештик (консорциум) катышкан учурда, жолдоштордун ар биринин окшош тажрыйбасынын болушун мүнөздөөчү цифралар сатып алуу жөнүндөгү документтерде белгиленет. Жөнөкөй жолдоштуктун кошулду: шериктештиктин мүчөлөрүнүн окшош тажрыйбасы, ошондой эле жөнөкөй алынып салынды: жолдоштуктун кошулду: шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү … жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына ылайык алынып салынды: болууга кошулду: келүүгө тийиш. Мында жөнөкөй шериктештиктин жетектөөчү өнөктөшү сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 40 пайызынан кем эмесине ылайык келүүгө тийиш. Бул алынып салынды: талаптар кошулду: талаптарга шайкеш келбеген учурда жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу … 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 147 кошулду: 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-23" title="23-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>