Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 604 Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында калкка кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрликтер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-октябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна)Положение · 04.11.2022 · № 604
- Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна)Положение · 04.11.2022 · № 604
- Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча 2023-жылдын 12 айындагы Кара-Балта шаарынын мэриясынын иш-чаралар планынын (« 04» апрель…План · 04.04.2024 · № 07
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2017 · № 814 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2017 · № 814 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27