2-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга негизделет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталат.
4. Ушул Мыйзам төмөнкүдөй сатып алууларды жөнгө салбайт:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик сырларды сактоого байланыштуу. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылуучу. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы административдик-чарбалык муктаждыктарды камсыздоо, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоону аткаруу үчүн сатып алууларды өзүнүн сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине карама-каршы келбөөгө тийиш;
3) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган эл аралык фонддордун каражаттарынын эсебинен;
4) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматтарына байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
41) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылуучу;
5) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан; уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан жүзөгө ашырылуучу;
6) Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен басылып чыккан окуу китептерин жана окуу куралдарын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алган атайын же адистештирилген билим берүү уюмдары үчүн атайын окуу китептерин жана окуу куралдарын кошпогондо, жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин даярдоого байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин башка делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды, анын ичинде аталган иш-чаралар анын аймагында өткөрүлө турган административдик-аймактык бирдиктин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди. Ушул пунктта каралган сатып алуулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат;
8) мамлекеттик тапшырманын алкагында сатып алынуучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды.
5. Кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган күч жетпей калган жагдайлар түзүлгөн, карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жылына бир жолудан ашык эмес киргизилет.
(КР 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2024-жылдын 28-июнундагы № 110, 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуз! КР 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамы 2-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кирет.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июня 2024 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 165 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам образования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында товарларды, жумуштарды, алынып салынды: кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун … делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алынып салынды: алууларды. кошулду: алууларды, анын ичинде аталган иш-чаралар анын аймагында өткөрүлө турган административдик-аймактык бирдиктин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди. Ушул пунктта каралган сатып алуулар Кыргыз Республикасынын жарандык … № 165, 2024-жылдын 28-июнундагы № 110, 2026-жылдын 29-январындагы № алынып салынды: 10 кошулду: 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуз! КР 2023-жылдын…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана…Постановление · 29.08.2019 · № 441
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 "Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2023 · № 489
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан…Постановление · 12.10.2023 · № 546
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды…Постановление · 23.06.2023 · № 313
- Постановление Правительства КР от 27 июля 2004 года № 559 "О проведении дополнительных мероприятий по предупреждению и ликвидации последствий стихийных бедствий на территории…Постановление · 27.07.2004 · № 559 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги №226 токтомуПостановление · 15.04.2022 · № 226
- КР Министрлер Кабинетинин 12.10.23 ж. №546 токтомуПостановление · 12.10.2023 · № 546
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15 -апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонуу, улуттук…Постановление · 15.04.2022 · № 226 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 165
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>