Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-11-18.
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 18-ноябры № 182 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы кырк биринчи жана кырк экинчи абзацтар менен толукталсын:
"маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык иш-аракет - адамдын чындыкты таанууга жана аны кайра жаратууга жана жаңы, оригиналдуу, мурда эч качан болуп көрбөгөн маданий баалуулуктарды түзүүгө багытталган аң-сезимдүү, жигердүү ишмердүүлүгү; маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык долбоор - коомдук-саясий уникалдуулугу жана турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгү менен айырмалануучу маданият жана искусство чөйрөсүндөгү туундуну же тейлөөнү түзүүгө багытталган кандайдыр бир формага камтылган ой, идея, образ;";
2) 21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) искусство жана маданият жагындагы чыгармачылык долбоорду же болбосо чыгармачылык иш-аракет үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууга;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 36 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2022 · № 36 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон