41-берене. Мамлекеттик тапшырма
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 144. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10
1. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.
2. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик тапшырманы аткаруучунун ортосунда натыйжалардын көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик тапшырманы аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга бюджеттик каражаттарды бөлүү уставдык капиталды көбөйтпөстөн жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү финансылык жылга бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын суммасынын 50 пайызынан ашпаган көлөмдө мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) берүүгө жол берилет.
3. Мамлекеттик тапшырмаларга төмөнкүдөй заказдар киргизилиши мүмкүн:
1) маданият, туристтик иш, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөлөрүндөгү;
2) билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
4) эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактарын, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;
5) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча.
4. Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
(КР 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен кошулду: мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин … жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу кошулду: мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү … республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун алынып салынды: тармактарын кошулду: тармактарын, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;
5) … үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
(КР 2026-жылдын 29-январындагы № алынып салынды: 10 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112361/st-41" title="41-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>